Оюндун биринчи бөлүгүндө эле кыргызстандыктар үстөмдүк кыла баштады. Себеби, 29-ноябрда Пакистандын борбору Карачи шаарында өткөн биринчи беттешүүдө кыргызстандык футболчулар оюнду 2:0 эсебинде жеңип келишкен. Ал ирет Карасуунун «Жаштык-ак алтын» командасынын чабуулчусу Евгений Болдыгин эсепти ачып, чебер оюнчу экендигин көрсөткөн. Жаш оюнчу Сергей Чикишев экинчи топту киргизип, жеңишти бекемдеген.
Бишкекте өткөн экинчи беттешүүнүн биринчи таймынын он үчүнчү минутасында да Сергей Чикишев эсепти ачты. Ал пакистандыктардын коргоонусун жарып өтүп, топту таамай тепти. Бишкектик Владимир Чертковду пакистандыктар чалып жыккандыктан, ал айып тобун дарбазага таамай багыттап, эсеп 2:0 болду.
- Кыргызстан эгемендик алгандан бери мындай чоң мелдеш болгон эмес, - дейт Кыргызстан-Пакистан беттешүүсүнө күбө болгон футбол күйөрманы Ырыскелди Мусаев. - Бүгүн күйөрмандар да арбын келип, Кыргызстандын футболуна кайдыгер эместигин көрсөтүштү. Биздин жигиттер оюндун алгачкы бөлүгүндө эле үстөмдүк кыла баштады. Негизи футболго көңүл буруш керек. Стадиондун таблосун жаңыртып, футболду мурдагыдай рекламалап, күйөрмандарды кызыктырыш керек. Кыргызстанда кийинки он жылда футболдун деңгээли төмөндөп кеткенин да моюнга алалы. Бул жолку мелдеш Кыргызстанда футбол кайрадан жанданып келатканын көрсөттү.
Экинчи таймда Пакистандын дарбазачысы Жафар Хан эки топту кармай албай, эсеп 4:0 болуп, Кыргызстан ири жеңиши менен оюнду жыйынтыктады. Ошентсе да, кыргызстандык футболчулар абдан мыкты оюн көрсөттү деп айтыш ашыкча болмок. Себеби, Пакистандын футболчулары жакшы каршылык көрсөтө алышкан жок. Анын үстүнө оюн талаасы кар аралаш баткак болгондуктан, мындай шартка көнбөгөн пакистандыктар абдан жүдөштү.
- Негизинен кыргызстандык жарым коргоочулар Владимир Чертков, Ренат Ишмаков жана Сергей Князев оюндун жүрүшүн башкарып, дирижерлук кылып турушту, - дейт кыргызстандык футболчулардын оюну тууралу «Заман Кыргызстан» гезитинин спорт баяндамачысы Табылды Асыгалиев. - Биздин команданын эки чабуулчусу Сергей Чикишов менен Евгений Болдыгин алардын берген тобун ыңгайын келтирип, дарбазага жаңылбай таамай тээп турушту. Бул оюнда башкы машыктыруучу Немат Закировдун талаптарын чабуулчулар так, туура аткарышты. Бирок, алгачкы жеңиш менен эле сыймыктануу эртелик кылат.
Кыргызстандын футболунун чыныгы жүзү кийинки мелдештерде гана көрүнөт. Анткени, 5-декабрда өтө турган чучукулактан кийин, тандап алуу тобунда Кыргызстан кайсы мамлекеттерге туш болоору аныкталат. Айта кете турган нерсе, Бишкектеги «Спартак» стадионунун сырты жаркыраганы менен, ал эл аралык футбол федерациясынын талаптарына жооп бербейт. Стадиондо учур талабына ылайык табло, электр жарыгы жок. Мындай кемчиликтер тез арада чечилбесе, кийинки оюндар үзгүлтүккө учурашы мүмкүн. Анын айынан Кыргызстан кийинки оюндарга катышпай калышы да ажеп эмес.