Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Ноябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:57

БҮГҮН ЯЛТАДА КИКБОКСИНГ ЖАНА ТАЙБОКС БОЮНЧА ДҮЙНӨ ЧЕМПИОНАТЫ БАШТАЛАТ


Бүгүн Ялта шаарында спорт ышкыбоздорунун арасында кикбоксинг боюнча дүйнөлүк чемпионат башталат. Ал жерге намыс талашканы Кыргызстандын командасын өлкөгө эмгек сиңирген машыктыруучулар Александр Воинов менен Олимпий Закиров баштап барышты.

Акыркы жылдары Кыргызстандын кикбоксинг чеберлери дүйнөгө таанылып, тандалма командасы күчтүүлөрдүн катарында жүрөт. Өлкөдө дүйнө чемпиондугун жеңип, жаштарга үлгү болуп жүргөн ондон ашуун жигиттер бар. Ялтага аттанган делегациянын курамын 12 спортчу түздү. Алардын ысымдарын атап айтсак, жеңил жана орто салмактарда дүйнө чемпиондору Үткир Кудояров, Мирбек Сүйүнбаев, Таалайбек Дүйшекеев жана Иса Мамбетов, 75 кг. салмакта дүйнө чемпионатынын эки жолку күмүш байге ээси Канатбек Сыдыгалиев, 91 кг. салмак боюнча дүйнө чемпиону Ануар Ибраев жана 91 кг. жогору салмакта дүйнөлүк атак-даңктын ээси Руслан Абасов Кыргызстандын туусун дагы көкөлөтүп көтөрүүгө аракет кылышат. Өлкөнү эл аралык деңгээлге тааныткан, Азиянын, Европанын жана дүйнөнүн чемпиону Жанбулат Амантаев машыгуу учурунда жаракат алып калгандыктан, ал Ялтада рингге чыкпайт. Анын ордуна келечегинен көптү үмүттөндүргөн жаш кикбоксчу Мирлан Ибраимов тагдырын сынап көрмөкчү. Мындай дүйнөлүк таймашка мурда эл аралык мелдештерди утуп, сындан өткөн кыргызстандык жаш спортчулар Ален Офойо, Санжар Сапарбеков, Тимур Дениев жана Тахир Дүйшекеев да катышып, мөрөй талашат. Бул жигиттер кикбоксингдин лоу-кик ыкмасында күч сынашат. Команданын катарындагы спортчулардын эң тажрыйбалуулары, чеберлери - Мирбек Сүйүнбаев, Тахир Дүйшекеев, Иса Мамбетов жана Ануар Ибраев. Бирок «күч атасын тааныбайт» демекчи, жаштар дагы жеңиштин бийик сересине чыгып кылышы ыктымал.

Кыргызстандык жигиттердин негизги аттандаштары - Орусиянын, Югославиянын, Украинанын, Марокконун, Франциянын, Италиянын, Беларустун жана Казакстандын командалары. Ошентсе да Кыргызстандын командасы командалык эсептеги байгелүү орундарга жетет деген үмүт бар. Бул үчүн жигиттер мыкты даярдык көрүштү. Дагы эскерте кетчү жагдай - Александр Воиновдун айтканына караганда, айрым белгилүү кикбоксинг чеберлери ушул таймашуудан кийин чоң спорт менен коштошуп, жаштарга кезек берчүдөй. Канатбек Сыдыгалиев, Руслан Абасов жана Иса Мамбетов профессионалдык күч сынашууларга гана катышып турмакчы.

Мындан тышкары, Ялтада Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу 7 жигит тайбокс боюнча дүйнөнүн чемпиондугу үчүн рингде таймашка чыгат. Алар - Алексей Федосеев, Нуржан Сүйүнбаев, Данияр Асанов, Абдраим Токторов, Тахир Марасулов, Кумар Жалиев жана Шайлоо Атазов. «Жетинин бири Кыдыр» дегендей, бычакка сап жигиттер дүйнөлүк таймашта намыска жарап келишээр деген тилек бар.

Бокс жана кикбоксинг боюнча өткөн Азия, дүйнө чемпионаттарында, эл аралык «гран-при» турнирлеринде калыстык кылып жүргөн эл аралык калыс, бокс боюнча СССР спорт чебери, Биринчи Май райондук спорт комитетинин төрагасы Эген Рыскулов кыргызстандык жигиттердин даярдыгы, машыгуулары жана мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө өз оюн мындайча билдирди:

- Кыргызстанда кикбоксинг боюнча Азиянын, дүйнөнүн чемпионаттары, эл аралык көп мелдештер өтүп, жигиттерибизди дүйнө жүзү таанып, билет. Биздин өлкөдө спорттун бул түрү өнүгүп-өсүп келатат. Калыс катары айтсам, биздин жигиттердин даярдыгы дурус. Азияны, Европаны, дүйнөнү жеңип жүргөн балдар бар. Толук курамы менен кетишти. Иса Мамбетовдон, Канатбек Сыдыгалиевден, Ануар Ибраев менен Руслан Абасовдон үмүт кылса болот. Лоу-кик ыкмасында биздин балдар күчтүүлөрдүн катарында жүрүшөт. Ал эми тайбокс - бизде жаңылык. Жаштардын өнөрүн ринг көрсөтүп, чоң спорттун эшигин ачып берет. Алар жеңишке жетпесе да тажрыйба топтоп келишмекчи.

Айта кетчү жагдай - мурдагы чемпионаттарда, эл аралык мелдештерде калыстардын айынан айрым кыргызстандык жигиттер ыза тартып калганы бар. Мындай көрүнүштөр 2000-жылы Италияда болгон Европа жана 2001-жылы Югославияда өткөн дүйнө чемпионатында кайталанып, Иса Мамбетов менен Канатбек Сыдыгалиевди калыстар басып коюп, жеңиштин жолуна бөгөт болушкан. Кикбоксинг уюмдарынын дүйнөлүк ассоциациясы (WAKO) бул проблеманы чечиш үчүн калыстардын семинар-кеңешмелерин өткөрүп, чара көрүп жатышат. Бул XIV дүйнөлүк чемпионаттагы таймаштарга калыстык кылганы Кыргызстандан эл аралык категориядагы калыс Мамыт Акеров менен Владимир Рослов да Ялтага барышты. XIV дүйнө чемпионатынын жеңүүчүлөрү 2-октябрда аныкталып калат.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG