Назирдин 1988-жылы 16-апрелде СССРдин Кубогуна арналган Ужгороддогу марафонго алгач ирет катышкан. Кызыгы - ошол күнү келинчеги Жамила уул төрөп, атын Тариэль коюшкан. Ошондон бери Назирдин тагдырын биротоло чоң спортко арнап, кыргыздын туусун көтөрдү. 100дөн ашуун марафондук жарышка түштү, жеңген үчурлары болду. Ийгиликке жетпей, өкүнгөн мезгилдер да артта калды. Машыгуу учурунда күнүнө 60-70 чакырым аралыкты арбытат. Жумасына эле 300-400 чакырым аралыкты желип-жортуп чуркап өтөт.
Дагы кызыгы - экинчи уулу да марафондук жарыштын убагында төрөлгөн. 1992-жылы Тюмень эл аралык марафонунан кайтып келсе сүйүнчү айтышкан. Бул уулунун атын Бекбол койгон. Ушул уулунан марафончу чыгабы деген асыл ою бар. Себеби, быйылкы Астана эл аралык мелдешинде өспүрүмдөрдүн 5 чакырым аралыктагы жарышында, 11 жаштагы Бекбол марага биринчи келип, баалуу байге утту. Назирдин Иранда өткөн Ислам өлкөлөрүнүн I оюндарында марага биринчи келип, алтын медаль тагынган. Омскиде, Будапештте, Тюменде өткөн эл аралык марафондордо жеңүүчү болгон. АКШда, Швецияда, Грецияда өткөн дүйнө чемпионатына жана кубогуна арналган мелдештерге кыргыз туусун көтөрүп барган. Атланта, Сидней жайкы Олимпиада жана Бангкок, Пусан Азия оюндарына катышкан. Чынында Назирдиндин мыкты даярдык көрүшүнө шарт болбоду. Ошондон бери Кыргызстандын спорт жетекчилери Назирдинди көңүлдөн чыгарып, курама команданын мүчөсү болсо да стипендия бербей өгөйлөп келатышат. Бул жөнүндө жөө күлүк Назирдин Акылбеков мындай дейт:
- Үч жылдан бери 4 айда гана стипендия алдым. Жыл башында «тизмеде барсың, сөзсүз стипендия беребиз» деп убада беришет да, эмнегедир эч себепсиз эле алып салышат. Эгерде мелдештерге жиберип турса, колдон келген ийгиликтерди жаратууга кудурет жетет эле. Мени эртерээк чоң спорттон четтетүүгө аракет кылышууда. Чынында менин деңгээлимдеги марафончуну даярдаш үчүн жок дегенде эле 10-15 жыл керек. Анын үстүнө биздин жолду жолдогон бир да кыргыз улан-кызы артымда жоктугу өкүндүрөт. Кыргыздардан бир да спортчу жок, үч Олимпиадага катышкан. Мен аракет кылып, Афиныга жолдомо жеңип алууга мелдештерге катышсам деп даярдык көрсөм да, демилгемди эч бир спорт жетекчилери колдоого албай жатышат. Мен дагы 5-6 жыл марафондук жарыштарда Кыргызстандын намысын коргоого мүмкүнчүлүгүм жетет.
Назирдинди кыргыздар барктабаса да, Азиядагы ири мамлекеттер жөндөмдүү марафончу катары баалап, эл аралык чоң мелдештерге чакырып турушат. Ал июнда Астанада өткөн эл аралык марафондо марага биринчи келип, алтын медаль тагынып, Казакстандын чемпиону аталды. Казакстандын 3-4 ири шаарларында чоң марафондор өтүп турат. Кыргызстанда эң мыкты жөө күлүктөр болгону менен, эл аралык марафондук бир да мелдеш жок. Марафон – спорттун өтө татаал түрү. Көп аралыктарды багындырууну, абдан көп мээнетти талап кылат. Назирдин Казакстандагы 6 эл аралык марафонду утуп алган. Быйылкы эле Астана жарышына 300дон ашуун марафончу катышты.
Быйылкы жарым жылдыкта эле Назирдинге 3 ири марафонго - Гонконгго, Малайзияга жана Индияга атайын чакыруулар келгени менен, каражат жоктугунан бара албады. Май айындагы Москвада өткөн Орусиянын биринчилигинде Афины Олимпиадасынын жолдомосу берилди. Кыргыз спорт комитетинин кенебестигинин айынан Назирдин бул мелдешке бара албай арманда калды. Ал дале болсо жакшылыктан үмүтүн үзбөй келет. 10 жылдан бери Ички иштер министрлигинин ички кызмат бөлүгүндө прапорщик болуп, эптеп үй-бүлөсүн багып келатат.