Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Ноябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:48

СПАРТАКИАДА - ЧОҢ СПОРТКО ЖОЛ


Спартакиада - спорттун көп түрү боюнча өткөрүлүүчү массалуу жана комплекстүү мелдештер. Биздин заманга чейинки байыркы Римдеги кулдардын көтөрүлүшүнүн жетекчиси Спартактын урматына аталган. Мурдакы СССРде биринчи Спартакиада 1923-жылы Санкт-Петербургда өткөрүлгөн. Бул күндөрү Бишкекте Кыргызстандын мектеп окуучуларынын Спартакиадасы өтүп жатат.

Орто Азия республикалары менен Казакстандын биринчи Спартакиадасы 1932-жылдан баштап өткөрүлө баштаган. 1934-жылы биринчи Бүткүл Кыргызстандык Спартакиада болгон. Ал эми мектеп окуучуларынын Спартакиадасы 1954-жылдан баштап өткөрүлүп келатат. Бул мелдештер өспүрүмдөрдүн ден-соолугуна өбөлгө болуп, чоң спорттун эшигин ачкан. Спартакиадалар Кыргызстандагы спорттун өнүгүшүнө салым кошуп, улан-кыздарды спортту, Мекенди сүйүүгө, патриот, намыскөй болууга үйрөткөн.

Мелдештин салтанаттуу ачылыш аземи 21-майда Кыргыз дене тарбия институтунун манежинде өттү. Спартакиаданын ачылышында сүйлөгөн өлкөнүн билим берүү жана маданият министринин орун басары Анатолий Иванников жеңүүчүлөр Кыргыз дене тарбия институтуна экзамендерден жеңилдик алышаарын айтты. «Кыргызстанды дүйнөгө тааныткан спортсмендер, Олимпиада жана дүйнө чемпиондорунун тушоолору ушундай окуучулардын атаандашууларында кесилип, тагдырын спортко арнаган», - деди Спорт, туризм жана жаштар саясаты боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары Шаршен Касенов.

Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгына арналган окуучулардын Спартакиадасына 8 команданын миңге жакын өспүрүмдөрү катышууда. Ысыккөл облусунун окуучуларын жетектеп келген балдар спорт мектебинин директору Алим Молдобеков мындай деди:

- Ысыккөл облусунун командасында 120 окуучу келип, спорттун бардык түрү боюнча мөрөй талашып жатышат. Бишкек шаарынын командасын жеңиш кыйын. Ал эми 2, 3-орун үчүн чүйлүктөр менен тең тайлашып жатабыз. Мындай мелдештер мектептерде өткөрүлүп, мыктылар тандалып, райондук спартакиадада да күч сынашкан. Алардан иргеп, облустук финалдык мелдештерде татыктууларды тандап алганбыз. Мындай Спартакиада балдардын спортко болгон мамилесин жакшыртат. Ошондуктан балдардын ден-соолугу үчүн бардык шарт түзүп берүү зарыл. Себеби, өлкөнүн келечек ээлери ушулар. Мурда мындай мелдештер абдан жогорку деңгээлде өткөрүлчү. Эми өлкөнүн бардык спорт мектептерин Спорт, туризм жана жаштар саясаты боюнча мамлекеттик комитет өз курамына алуу боюнча демилге көтөрүүдө. Мурдагыдай эле Билим берүү жана маданият министрлигинин карамагында болгонубуз натыйжалуу болмок. Себеби, биз балдар менен иш алып барабыз да.

Бул мелдештерге катышып жаткан балдардын толкунданып, кубанып турганын түшүнсө болот. Чоң мелдешке алгач ирет катышып жаткан таластык окуучу Назира Асанова мындай деди:

- Мен үстөл тенниси боюнча мелдештерге катышып жатам. Алгачкы атаандаштарымды жеңгеним менен, командалык эсепте утулуп атабыз. Мына ушундай мелдештер көп болсо, чеберчилигибиз өсөт эле. Мектептерде спортко жакшы көңүл бөлүнбөй келатканы өкүндүрөт. Мына ушул Спартакиаданы жеңген окуучулар эл аралык мелдештерде Кыргызстандын намысын коргосо жакшы болмок. Быйыл эч кандай чоң мелдештерге облустардын өкүлдөрү жиберилген жок. Бардык чоң мелдештерге Бишкектин окуучулары гана барып, айылдык өспүрүмдөр четте калууда.

Мындай пикирди Жоомарт Асанов да толуктады:

- Айылда спорттук жабдуулар жокко эсе. Ошондой эле дене тарбия сабактары жакшы деңгээлде өткөрүлбөйт. Мыкты адистер да жок. Эптеп өз демилгебиз менен команда түзүп, ойноп жүрөбүз. Чемпиондордун көбү айылдык балдардан чыккандыгын эске алышса. Мисалы, Каныбек Осмоналиев, Данияр Көбөнов, Раатбек Санатбаев, Таалайбек Кадыралиев жана башкалар айылдык мектептерден келишкен.

Спартакиаданын айрым спорт түрлөрү боюнча жыйынтыгы да чыга баштады. Грек-рим күрөшү, жеңил атлетика жана бокс мелдештеринде Бишкек шаарынын окуучулары баш байгеге ээ болушту. Тогуз коргоол таймашында көлдүк өспүрүмдөр атаандаштарын артыкчылык менен жеңишти. Ошондой эле көлдүктөр бокстагы күч сынашууларда экинчи орунду ээлешти. Негизги байгелүү орундарды Бишкектин, Чүйдүн жана Ысыккөлдүн командалары камсыз кылышууда. 24-25-май күндөрү шахмат, үстөл тенниси, баскетбол, волейбол жана футбол боюнча финалдык беттешүүлөр болот. Мөрөй талашуулардын жалпы жыйынтыгы 26-майда аныкталат.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG