БИШКЕК. Өзбекстандын «Узтрансгаз» ишканасы Кыргызстандын аймагына газ берүүнү токтоткондугу тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт. Мындай билдирүүнү Кыргыз өкмөтүнүнүн маалым менен камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Надыр Момунов билдирди. 20-майдан баштап Өзбекстандын «Узтрансгаз» ишканасы Кыргызстанга газ берүүнү токтоткондугу тууралуу маалыматты Кыргызинфо маалымат агенттиги 22-майда тараткан. Кыргызинфонун маалымдашынча, «Кыргызгаздын» Өзбекстандык өнөктөшүнө карызынын көлөмү 5 миллион доллардан ашты.