Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:17

Тышкы иштер министрлери Дүйшөмбүдө чогулат


БИШКЕК. 11-апрелде Тажикстандын борбору Дүйшөмбүдө КМШ мамлекеттеринин тышкы иштер министрлеринин жыйыны өтөт. Ага катышуу үчүн бүгүн Кыргызстандын тышкы иштер министри Аскар Айтматов баштаган делегация жөнөп кетти. Министрликтин басма сөз кызматынан алынган маалыматка караганда, жыйындын күн тартибинде 18 маселе, анын ичинде КМШ мамлекеттеринин байланышын чыңдоого багытталган укуктук базаны мындан ары калыптандыруу, эларалык терроризм жана экстремизм менен күрөшүү боюнча КМШнын 2003-2004-жылдардагы программасынын долбоорун талкуулоо жана бир нече уюштуруу маселеси бар. Андан тышкары министрлер Абхазия, Грузиянын жаңжалдуу аймактарында тынчтыкты камсыз кылуучу коллективдүү күчтөрдүн башчысын бекитип, тышкы иштер министрлер жыйынынын кезектеги мөөнөткө төрагасын шайлашат. Жыйында ошондой эле Ирактагы согушка байланышкан акыркы саясий кырдаал да талкууга алынат.

XS
SM
MD
LG