Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:12

АКШнын Ирактагы согушта танапис алуу планы жок, аскерий операция ийгиликтүү жүрүүдө


АКШ баштаган аскер күчтөрүнүн Багдадды көздөй багыт алуусу бир нече күнгө же аптага токтотулат деген маалыматтарды жекшембиде АКШнын коргоо министри Дональд Рамсфелд, Ирактагы аскерий операциянын командачысы, генерал Томми Фрэнкс бирдей төгүндөдү. Дональд Рамсфелд жергиликтүү "Эй - Би – Си" телеканалына берген маегинде АКШнын Ирактагы согушта танапис алуу же ок атышууну токтотуу боюнча эч кандай планы жок экенин белгиледи. Ал эми генерал Томми Фрэнкс аскерий операция планга ылайык, ийгиликтүү жүрүүдө деп эсептейт:
- Биз күн сайын режимдин өз күчтөрүн башкаруу жөндөмдүүлүгүн азайтып жатабыз.Муну баарыбыз көрүүдөбүз. Күн сайын режимдин Ирак элинин үстүнөн болгон бийлигин басаңдатуудабыз. Биз планга ылайык бара жатабыз жана менин көз карашымда бүгүн жагдайыбыз - канааттандыралык гана эмес, өтө жакшы.
Бирок, Ирактагы аскерий операциянын командачысы согуш качан бүтөөрүн, Ирактын президенти Саддам Хусейн өлүү же тирүү экенин айта алган жок.

XS
SM
MD
LG