БИШКЕК. Түштүк аймактарда өзгөчө кырдаалдар түзүлгөн шартта медициналык жардам көрсөтүүнүн жагдайларын талкуулаган бир апталык семинар Бишкекте 16-декабрда ишин баштайт. Анда негизги темалардын бири катары тоо шартындагы кырсык жана согуш учурундагы хирургия проблемалары боюнча орусиялык окумуштуулар дарс окушат. Семинар жакында саламаттык сактоо министрлигинин тутумунда түзүлгөн кырсыктар боюнча улуттук медициналык кызматтын өкүлдөрүнө багытталган. Анда өлкө боюнча 34 бригада иштеп,150 адис кезектешип кызмат көрсөтүшөт. Улуттук медициналык кызмат дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун колдоосу менен түзүлгөн. Бул тууралуу ишембиде министрликтин маалымат кызматы билдирди.
Орусиялык адистер Кыргызстандын Улуттук медициналык кызматынын кызматкерлерине дарс окушат.