15-майда Словакиянын премьер-министри Роберт Фицого кол салуу болду. 59 жаштагы жетекчи Гандлова шаарындагы жыйындан кийин көчөдө турган жергиликтүү тургундар менен учурашып жаткан маалда ага бир нече ок атылган.
Кыргызстанда акыйкатчы институту толук көз каранды эмес. Бул тууралуу акыйкатчы Жамиля Жаманбаева "Азаттык" менен болгон маегинде билдирди. Акыйкатчы менен "Кемпир-Абад" иши боюнча камалгандардын арыз-даттануулары, өлкөдөгү адам укуктарынын абалы, акыйкатчынын иши боюнча суроолорго жооп берди.
Бишкектеги бир мандаттуу Свердлов округунда кайра шайлоо өтө турган болду. Орусиянын бир катар аймактары жапырт дрон соккусуна кабылды. УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев абактагы Матраимов мамлекетке 200 млн доллар кайтарышы керектигин айтты.
13-майда Казакстандын соту аялын өлтүрүүгө айыпталган мурдагы экономика министри Куандык Бишимбаевди 24 жылга эркинен ажыратты. Салтанат Нукенованын өлүмү коомчулукту Борбор Азия өлкөлөрүндө аялдар кабылган зордук-зомбулук жана өлүм менен аяктаган учурлар тууралуу сөз кылууга аргасыз кылды.
Казакстандын Актөбө облусундагы үй-жайларын суу каптаган тургундар бийликке нааразы. Алар 15-майда Актөбө акимчилигине келип, облус жетекчилиги менен жолугушууну талап кылышты. Полиция аларды акимчиликке киргизбей койду. Калаа башчысы митингчилердин талабын уккан жок.
14-майда жазуучу жана публицист Олжобай Шакир “Массалык башаламандыктар” беренеси менен күнөөлү деп табылып, 5-жылга соттолду. Ал былтыр августта камалган. Шакирдин соттолушун сөз эркиндигине кысым катары баалагандар жок эмес. Бийлик жазуучу башаламандык уюштурууга аракет кылганын жүйө келтирген.
Кыргыз өкмөтү сунуштаган уран жана торий кендерин казууга уруксат берген мыйзам долбоору Жогорку Кеңешке түштү. Владимир Путин бешинчи президенттик мөөнөткө киришкенден кийин Бээжинге барды. Экс-депутат Орозайым Нарматова УКМКда үч саат сурак берип чыкты.
Бишкекте таанымал акын, журналист жана публицист Жолдошбек Зарлыкбековду замандаштары эскеришти. Акын өзүнө чыгармачыл талапты бийик койгон, поэзияда өз чыйыры бар талант экенин айтышты. Жолдошбеков көзү тирүүсүндө бир да ыр китебин чыгарууга үлгүргөн эмес.
Кыргыз өкмөтү сунуштаган уран жана торий кендерине геологиялык изилдөө иштерин жүргүзүүгө жана иштетүүгө уруксат берген мыйзам долбоору парламентке келди. Февралдын соңунда президент Жапаров Ысык-Көлдөгү жолугушууда Кызыл-Омпол кенин мамлекет өзү иштетүүнү пландап жатканын айткан эле.
Оштогу эки кабаттуу үйдүн тургундары мэрия турак-жай "кызыл сызыкта" жайгашкан деп, көп жылдан бери газ жана суу өткөрбөй жатканына нааразы. Ош мэриясы бул үйдү коммуналдык түйүндөргө убактылуу кошсо болорун билдирди.
Жакында Акыйкатчы институту Башкы прокуратурага аскер кызматкерлеринин укуктарын, өмүрүн жана саламаттыгын коргоону күчөтүү сунушу менен кайрылды. Омбудсмендин берген маалыматы боюнча акыркы убактарда аскер кызматкерлери арасында жаракат алып, ооруканага түшкөн учурлар катталган.
14-майда Аламүдүн райондук соту жазуучу жана акын Олжобай Шакирди “Массалык башаламандыктар” беренеси менен күнөөлүү деп таап, беш жылга эркинен ажыратты. Тогуз айга чукул тергөө абагында отурган Шакир өзүнө тагылган айыпты мойнуна алган эмес.
Дагы жүктөңүз