Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:31

БИШКЕКТИ КӨЗДӨЙ ЖӨӨ ЖҮРҮШ КӨЛ ЖЕРГЕСИНЕН БАШТАЛАТ


Бүгүн “Акыйкат үчүн” кыймылы Каркырага байланыштуу маселени талкуулады. Кыймылдын мүчөлөрү “Акыл ордо” жыйынынын Түп жергесинен Бишкекти көздөй жөө жүрүшкө чыгуу жана “Ыйык Ата журтту коргоо” коомун түзүү тууралуу сунушун колдоого алды. Ага ылайык үстүбүздөгү жылдын 26-апрелинде Каркыраны кайтарып алууну жана парламентти таратууну талап кылган жөө жүрүш акциясы Бишкекке карай багыт алат.

Өткөн жумада “Улуу биримдик” партиясы тарабынан Каракол шаарында өткөргөн “Акыл ордо” жыйынында “Ыйык Ата журтту коргоо” коому түзүлгөн жана Каркыраны кайтарып алуу талабы менен Түптөн Бишкекти көздөй жөө жүрүшкө чыгуу тууралуу чечим кабыл алынган. Аталган жыйындын катышуучулары бул чечимди колдоп берүүнү өтүнүп, “Акыйкат үчүн” кыймылына кайрылышкан. “Акыйкат үчүн” кыймылы кыргыз бийлиги келечекте дагы башка жерлерди коңшуларга кармата бербеси үчүн, “Акыл ордо” жыйынынын сунушун толук кабыл алып, коом түзүүнү колдоого алды. Азимбек Бекназаровдун айтуусунда эки жума мурда өткөн Элдик Курултайда элдин пикири ачык көрүндү, ошого жараша эми кадамдар ташталууга тийиш.

Мурдагы бийликтин тушунда Үзөңгүкууш Кытайга берилерде да “Үзөңгүкуушту коргоо” комитети түзүлгөн. Бирок комитет алгылыктуу натыйжага жетишпегендиги белгилүү. Азимбек Бекназаров азыркы бийлик мурунку бийликтин көргөн күнүн көрүп калуусу ыктымал, деп эсептейт:

-Акаев ошондой кыргызга чыккынчылык кылганы үчүн эл-жеринен тозуп, качкын болуп жүрөт. Бакиевди да так ошондой тагдыр күтүп турат. Элин саткан, жерин саткан адамды андан башка тагдыр күтпөйт. Аларга мындан артык жазанын да кереги жок, эң чоң –жаза ошол.

26-апрелден тарта Ысыккөлдөн Бишкекке жөө жүрүш акциясы башталат. Жөө жүрүштү уюштуруучулардын бири, “Ата Мекен” партиясынын мүчөсү Дүйшөн Чотоновдун “Азаттыктын” кабарчысына айтканы боюнча жүрүштүн негизги талаптары: Каркыраны кайтарып алуу жана азыркы парламентти таратуу болмокчу:

-Каркырадай жерди берген, Маймак сыяктуу карьераны берген, кыргыздын жерлерин четинен кертип берип жаткан энергетиканы сатам деп турган парламент тарашы керек. Казак туугандар деле бизди туура түшүнөт болуш керек. Негизги максат –Каркыраны кайтарып алыш.

Дүйшөн Чотоновдун айтуусунда жөө жүрүшкө кошулууну каалагандар Таластан, Кочкордон да болуп жатат.

Бүгүн Бишкек шаардык прокуратурасы “Акыйкат үчүн” кыймылынын беш мүчөсүнө: Азимбек Бекназаровго, Өмүрбек Текебаевге, Темир Сариевге, Абдыганы Эркебаевге жана Аликбек Жекшенкуловго эскертүү берди. Бишкек шаардык прокуратурасынын эскертүүсүндө 12-апрелде өткөн Элдик Курултайда мыйзамдын чегинен чыккан чакырыктар кабыл алынган, деп айтылган.

Мурда Баш прокурорлук кызматты аркалаган Азимбек Бекназаров шаардык прокуратура укуктук жактан эскертүү берүүгө акысы бар, бирок кыймылдын мүчөлөрүнө берилип жаткан эскертүү Башмыйзамга каршы келет, дейт.

“Акыйкат үчүн” кыймылынын дагы бир мүчөсү Аликбек Жекшенкулов шаардык күч органынын кыймылга берип жаткан эскертүүсү негизсиз, дейт:

-Бишкек шаарынын прокуратурасы Башмыйзамды да, башка мыйзамдарды да тескери бурмалап жатат. “Акыйкат үчүн” кыймылы жана Коомдук парламент башынан баштап эле мыйзамдын чегинде гана иш жүргүзүп келген, мындан ары да жүргүзө берет, -дейт Аликбек Жекшенкулов.

Адилет министри Марат Кайыпов буга чейин “Азаттыкка” берген маегинде оппозиция бир жактуу курултай чакырганы мыйзамга туура келбейт деп айтып, курултайдын чечими легитимдүү эмес, деген пикирин билдирген. Анын айтуусунда Башмыйзамда курултай өткөрүү тууралуу мыйзам толук эмес:

-Ким курултайды чакырат, курултайга келген делегаттар кандай жобо менен келет? Мына ушулардын баары мыйзам менен аныкталышы керек эле. Эң биринчиси – ошол курултай кабыл алган чечим кандай күчкө ээ? Сөзсүз аткарылышы керекпи же бийликке айтылган сунушпу? Мына ушулардын баары мыйзамда сөзсүз түрдө таризделиши керек болчу. Тилекке каршы бизде андай мыйзам жок. Бул мыйзамды азыр иштеп чыгып, биз кабыл алып, ошондон кийин гана курултай өткөрсөк, анын чечими да легитимдүү болмок.

“Акыйкат үчүн” кыймылы менчиктештирүү укугу өкмөткө өткөрүлүп берилгенине да нааразычылык билдирүүдө. Буга байланыштуу маселе кыймылдын кийинки жыйынынын күн тартибине киргизилди. Бүгүнкү жыйында айтылгандай “Акыйкат үчүн” кыймылынын бөлүмдөрүн аймактарда ачуу тууралуу сунуштар жер-жерлерден түшүп жатат. Кыймылдын лидерлеринин бири Аликбек Жекшенкуловдун маалыматы боюнча алгачкы бөлүмдөр Каракол, Нарын, Талас жана Ош шаарларында ачылышы күтүлүүдө.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG