Парламентте “Шумкар” деп аталган бул полкту жоюп салуу керек деген да депутаттар болду. Бул бөлүк ушул жылдын башында жаңыдан түзүлгөн учурда жарандык коомдун айрым өкүлдөрү милиция нааразылык акцияларды күч менен басууга камынынып жатат дегендей кооптонууларын айтышкан.
Атайын полктун максаты эмне?
Бул атайын багыттагы полктун биринчи батальонунун биринчи ротасы. Ротанын башкы милдети - калайман башаламандыктын алдын алуу, тополоң болуп кетсе токтотуу.
Анда кызмат өтөгөндөрдүн бири Тилек Иманбековдун милицияда иштегенине жалпысынан беш жыл болду:
- Башында үй-бүлөм бул жакка иштебей эле кой деп каршы чыгышкан. Өзүңөр билесиңер, эки революция болбодубу. Азыр эми үйдөгүлөр түшүнүү менен эле мамиле кылып калышты. Башында эле ИИМде иштегенди кыялданчумун. Тилегиме жеттим десем болот. Бул эркектин жумушу. Ата Мекенди коргоо деген милдет турат. Өзүм аскерде да кызмат кылгам. Аскердик тартип, жамаат, баары жагат.
Ротанын саркери Асан Сатиндиев бардык кырдаалга даяр болууга машыгышарын айтууда:
- Тактиканы негизинен бизге ЕККУдан келген адистер үйрөткөн. Балдарды биринчиден ден-тарбия жактан даярдоо керек. Андан кийин моралдык жактан даяр болуш керек. Күнүнө 3-4 саат дене тарбия сабагы өтөт. Андан кийин тактикалык сабактар үйрөтүлөт. Ар бир кызматкер калайман башаламандыкта өзүн жоготуп койбошу үчүн, жанындагы кесиптешине керек учурда жардам берип, таштап кетпеши үчүн, дегеле бардык учурга, ар кандай кырдаалга чыдай тургандай кылып даярдашыбыз керек.
Ички иштер министрлиги “Шумкар” деп аталган атайын даярдыктагы бөлүктү ушул жылдын башында түзгөн. Негизги себеби аталган министрликтин алдындагы ички аскерлердин Генералдык штабга өтүшү болгон. Ал жаңыдан түзүлгөндө жарандык коомдун айрым өкүлдөрү милиция нааразылык акцияларды күч менен басууга камынып жатат деп чочулашкан.
Маселен оппозициялык саясатчы, ИИМдин мурдагы жетекчилеринин бири, генерал-майор Өмүрбек Суваналиев ошол учурда атайын полктун түзүлүшүн бийликтин элдик толкундоолорго карата даярдыгы катары сыпаттаган:
- Оштогу шайлоого байланыштуу элдин көп топтолушу жана акыркы убактардагы окуялар бийликти чочулатып жатат. Чын эле бийлик элден коркуп жатат. Анткени эл Кыргызстандагы саясый-экономикалык кризиске каршы акцияларга чыгышат да. Ошондуктан бийлик алдын алып ушундай полк түздү. Менимче, бул туура эмес. Мындай полктун эч кандай зарылдыгы жок. Тескерисинче коопсуздук кызматкерлеринин санын азайтыш керек.
Канткен менен атайын багыттагы бөлүктүн саркери Жамалидин Мурзаев мындай чочулоолор негизсиз деп эсептейт:
- Биринчи кезекте, массалык иш-чаралар өтүп жаткан жерде элдин коопсуздугун сактап берүү. Экинчи милдети - четтен келген жогорку деңгээлдеги коноктордун коопсуздугун камсыз кылуу. Үчүнчү милдети, эми албетте Кудай сактасын, эгер аскерди колдонуу сыяктуу кырдаал түзүлсө Куралдуу күчтөргө кошулуу болуп саналат.
Милициянын кадыр-баркы көтөрүлөбү?
Жогорку Кеңеште 1-октябрда ички иштер министри кызматына Мелис Турганбаевдин талапкерлиги каралып жаткан чакта атайын багыттагы бөлүк боюнча да суроолор берилди. А түгүл аны жоюп салуу керек деген депутаттар да болду. Турганбаев болсо бул коомдук коопсуздук үчүн керектигин, аймактарга бөлүштүрүлүп жайгаштыруу каралып жатканын маалымдады:
- Баткенде өзүнөр билесиңер, мисалы чек арага байланыштуу маселе болуп калганда бул жактан 100 адамды алып барып, кайра алып келиш бир топ чыгымды талап кылат. Биз ошол жерге 100 кишини бөлүп берели деп жатабыз. Алар ошол жерде жашап, ошол жерде такай иштейт. Ошко 200, Жалал-Абадга 100дү, ал эми калгандарын Бишкекке, Нарынга, Ысык-Көлгө бөлөлү деп жатабыз. Бирок башкаруу штабы бул жерде болот. Коомдук тартип үчүн бул полк керек. Маселен Бишкекте мамлекеттик деңгээлдеги иш-чараларда аймактык тескөөчүлөрдөн тартып, тергөөчүлөр, оперативдүү кызматкерлерге чейин чыгарабыз. Мисалы өткөндөгү саммитте балдар он күн бою көчөдө жүрдү. Он күн өздөрүнүн негизги иши калып калды. Эми биз атайын багыттагы бөлүктүн 200үн бул жакка калытырп койсок, ушундай иштерге аларды эле тартмакпыз.
Парламентте ички иштер министри кызматына тандалган Мелис Турганбаевге милициянын кадыр-баркын жогорулатуу боюнча бир топ пикир-сунуш айтылды. Милицияга кол көтөргөн, калайман башаламандыкта аларды ур-тепкиге алган окуяларды кыргыз коомчулугу көп эле көргөн.