КСДП фракциясынан депутат Токтогул Туманов “Республика - Ата-Журт” партиясынын теңтөрагасы Камчыбек Ташиев Жалал-Абадда аны негизсиз каралап, жердешчиликти козутуу менен бөлүп-жарууга чейин барып жатканы боюнча саясий билдирүү жасады. Бирок муну Камчыбек Ташиевдин маалымат кызматы четке кагып, коюлган доомат негизсиз экенин жарыялады. Ошол эле кезде медиа-эксперттер шайлоонун алдында саясатчыларды аймактык араздашууга алып келүүчү бөлүп-жаруучулук аракеттерден алыс болууга чакырууда.
“Ышталган” саясат
Парламенттин КСДП фракциясынан депутат Токтогул Туманов Жалал-Абаддагы “Жетинчи канал” аркылуу ага жана анын үй-бүлөсүнүн дарегине каралоо өнөктүгү күчөгөнүнө даттанды. Токтогул Туманов соңку төрт айда эле бул телеканал аркылуу аны каралаган 320 видеоматериал чагылдырылганын каттоого алган.
Туманов шайлоо жакындаган сайын маалымат чабуулу күчөп, Жалал-Абад тургундарын ага каршы тукуруу аракеттери жүрүп жатканын билдирди:
- Ташиев Социал-демократтар партиясын жана анын ичинде мени элге жаман көргөзүү үчүн “Түндүк-Түштүк, Жалал-Абад – Алай” деген маселени көтөрүп, ошондой эле бул жерде жалалабаддыктар, сузактыктар, барпылыктар гана болушу керек деген коркунучтуу көз карашты жайылтып жатат. Мен өзүм алайлык болгонум менен Токтогулда туулганмын. Жалал-Абад шаарында жашаганыма 20 жылдан ашты. Элдин арасынан өсүп чыгып, буга чейин Жалал-Абад шаардык кеңешине эки ирет депутат болгом. Кийин ушул жердеги элдин колдосу менен парламентке депутат болуп шайландым. Учурда Ташиев алайлык, жалалабаддык деп бөлүү менен "бул жерде эл мени гана шайлашы керек, мени гана угушу керек, мен гана болушум керек, башка эч ким болбошу керек” деген бузукулук иштерин жасап жатат.
Бул доомат боюнча Жогорку Кеңештин экс - депутаты Камчыбек Ташиев жана “Жетинчи каналдын” жетекчиси Алтынбек Жумаев менен байланышууга мүмкүн болбоду. Андыктан Тумановдорго каршы чакырыктардын негиздүүлүгү боюнча суроого жооп ала алган жокпуз.
Дооматтын “соогаты”
Бирок Камчыбек Ташиевдин маалымат катчысы Нургазы Анаркулов болсо коюлган дооматты четке кагып, аны мындайча мүнөздөдү:
- “Жетинчи каналдан” кандай маалымат кетип жатканына Камчыбек Кыдыршаевичтин эч кандай тиешеси жок. Бул мына ошол телеканалдын жетекчиси менен эмгек жамаатынын абийириндеги иш. Анан эми ага Ташиевдин эмне тиешеси бар, түшүнбөйм да. Камчыбек Кыдыршаевич эч качан бирөөнү жамандап, андай-мындай деп айта албайт. Анан калса ал телеканалга Ташиевдин айта турган деле жөнү жок. Себеби “Жетинчи канал” ага таандык деген менен ага анын андай деле тиешеси жок. Анан эми Токтогул Туманов үч-төрт жылдан берики дооматтарды топтоп алып, “мени каралап жатат” деп шайлоочуларына айтып, өзүн ак көргөзгүсү келип жатат.
Кодулоонун коркунучтуу синдрому
Туманов менен Ташиевдин ортосундагы келишпестик көп жыл мурун башталып, быйыл жазында Жалал-Абаддагы №27 минералдык булакка ээлик кылуу маселесине байланыштуу ырбаган. Мезгилдүү басма сөздө Барпы айылындагы Ташиевдин тарапкерлери “Келечек” фирмасы иштеткен ал булакты Тумановдордон тартып алуу маселесин көтөрүп, апрель айында митинг уюштурганы жазылган болчу. Анда эки ортодо башка бир жер талаш маселеси дагы тирешүүнүн себепчиси болгону көрсөтүлгөн. Камчыбек Ташиев буга чейин “Жетинчи каналдан” Тумановдорго каршы төмөндөгүдөй чакырык таштаган:
- Урматтуу жалалабаддыктар! Келдибек Тумановдун кылган иштерине биз моралдык жактан дагы, юридикалык жактан дагы баа беришибиз керек. Мындай адамдар бул жерде тура турган болсо, биз мындан ары дагы чоң алданууларга туш болушубуз мүмкүн. Себеби Туманов Жалал-Абаддагы эң бай адамдардын бири. Анын милициясын дагы, прокурорун дагы, сотун дагы, жөнөкөй шайлоочуну дагы сатып алганга мүмкүнчүлүгү бар. Биз мына ушул адамдарга моралдык жактан, юридикалык жактан өз жазасын берүүбүз зарыл. Жалал-Абад мына ушул адамдардан арылышы керек. Келдибек Тумановго, иниси Токтогул Тумановго айтып койойун: “силер Жалал-Абад шаарында, Жалал-Абад элинде жүрүп, ушул элдин үмүт-тилегин таш каптырган адамдардын бирисиздер, ошон үчүн жооп бересиздер”.
Ошол эле кезде эксперттик коомчулук саясатчыларды шайлоонун алдында мына ушул сыяктуу жердешчилик сезимге ойноп, аймактык араздашууну козутуудан алыс болууга чакырууда. Медиа-эксперт Марат Токоев элди бөлүп-жарууга багытталган чакырыктардын кесепеттери оор болорун эскертти:
- Чынын айтканда алысты көрө билбеген, кокту-колоттун “баатыры” сыяктуу чыга калган адамдар мына ошондой аймактык бөлүп-жарууну колдонот. Анан эми ошолор жалпы Кыргызстанды башкарып, элге жакшылык алып келем дегени болбогон кеп. Андай адамдардын айтканы менен жасаганы төп келбейт. Ошондой саясатчылардын сүйлөгөн сөзүн биздин кээ бир журналисттер кызуу кандуулук менен жайылтып жиберген учурлар дагы бар. Бул өтө чоң чекилик. Андай чакырыктардан саясатчылар упай алам дегени менен анын аягы коомчулукка терс таасир этүүсү мүмкүн.
Кылмыш-жаза кодексинин 299-беренесинде расалык, диний, улуттар жана аймактар аралык араздашууну козутуу аракетери үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралган. Мына ушуга байланыштуу башкы көзөмөл органы дайыма шайлоонун алдында саясий күрөштө андай опурталдуу картаны колдонуп, коомго бүлүк салуудан алыс болууну эскертип келет.