Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Ноябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:26

"Биримдик" коалициясы тарады


“Биримдик” коалициясы 2011-жылы 16-декабрда түзүлгөн.
“Биримдик” коалициясы 2011-жылы 16-декабрда түзүлгөн.

Парламенттик көпчүлүк коалициясынын жетекчиси, депутат Канатбек Исаев коалиция тараганын расмий түрдө билдирди.

Канатбек Исаевдин белгилешинче, анын атына “Ар-намыс”, “Ата Мекен” фракцияларынын коалициядан чыгуу боюнча чечимдери келип түшкөн. Коалиция башчысы буга байланыштуу 4 фракциядан турган коалиция парламенттик көпчүлүк макамын жоготоорун жана ушул эле күнү бул тууралуу өлкө президенти менен Жогорку Кеңештин төрагасына коалиция тараганы жөнүндө расмий билдирүү жөнөтүлөөрүн кабарлады.

“Ар-намыс", “Ата Мекен”, КСДП жана “Республика” фракцияларынан куралган “Биримдик” коалициясы 2011-жылы 16-декабрда түзүлгөн.

Коалиция тараса өкмөт да кетет

Коалициянын тегерегиндеги кырдаал боюнча бүгүн эртең менен “Азаттыктын” суроолоруна президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү, юрист Данияр Нарымбаев жооп берген.

“Азаттык”: Жогорку Кеңештин “Ар-Намыс” фракциясы коалициядан чыгуу чечимин кабыл алды. “Ата Мекен” да ушундай ниетин билдирди. Эгер бир же эки фракция чыкса коалиция тарады деп эсептелеби? Юридикалык жагы кандай?

Данияр Нарымбаев: Бир фракция чыкса коалиция тарады деп эсептелинбейт. Себеби Конституцияда көпчүлүктү түзгөн фракциялардын коалициясы калган депутаттардын санынан мандаттары көп болушу керек деп жазылып турат. Демек 61 депутаттан кем эмес адам коалицияга кириш керек. Бизде төрт фракция бириккенде депутаттардын саны 90дон ашат. Ошол себептүү бир фракция чыгып кетсе ары жагында алтымыш депутаттан ашыгырагы кала берет. Эки фракция коалициядан чыгып кеткен учурда көпчүлүктү түзгөн депутаттардын саны 61ден кемийт. Ошондой коалиция өзүнүн көпчүлүк статусун жоготту деп эсептелет. Эки фракция чыкса, демек коалиция тарады дегенди билдирет.

“Азаттык”: Эгер эки фракция чыгып, коалиция тараса өкмөттүн тагдыры кандай болот?

Данияр Нарымбаев: “Өкмөт жөнүндө” мыйзамга ылайык андай өкмөт отставкага кеткен өкмөт болуп эсептелинет. Бирок жаңы өкмөт дайындалганга чейин өзүнүн милдетин убактылуу негизде аткара берет.

“Азаттык”: Ушундай шартта президенттин жарлыгы чыгышы керекпи же коалиция тарары менен азыркы өкмөт автоматтык түрдө “милдетин аткаруучу” болуп калабы?

Данияр Нарымбаев: Бул маселеде президенттин жарлыгы сөзсүз түрдө талап кылынбайт. Анктени мыйзамда, Конституцияда дагы өкмөттүн үзгүлтүксүз иштеп туруш керектиги жазылып турат. Демек өкмөттүн иши бир саатка, бир мүнөткө да токтобош керек. Ишин таштап коюп кетип калганга мыйзам мүмкүнчүлүк бербейт. Тескерисинче милдеттендирет. Мыйзамда өкмөт мүчөсү болуп шайландыңбы, отсавкага кеткен күндө дагы жаңы өкмөт дайындалганга чейин иштеп туруш керек деп турат.

“Азаттык”: Коалиция тарагандан кийин парламент кезексиз жыйынга чогулушу шартпы?

Данияр Нарымбаев: Бул парламент өзү чече турган маселе. Бирок Конституцияда милдеттүү түрдө деп турганын айта кетишим керек. Эгер коалиция тараса президент фракциялардын бирине расмий түрдө жаңы коалиция түзүү тапшырмасын бериши керек. Конституцияда көрсөтүлгөн 15 жумушчу күндүн ичинде, андан кечикпей деп жазылып турат.

Бир топ иштерди кылыш керек, алсак коалицияны топтош керек. Жаңы өкмөт башчы кызматына талапкерди жылдырыш керек. Ал киши ошол эле 15 күндүн ичинде өзүнүн жаңы программасын иштеп чыгып. Жогорку Кеңешке алып чыгыш керек. Ушул эле убакыттын ичинде өкмөт тутумун жана структурасын көрсөтүп бериш керек. Ошондуктан “Өкмөт жөнүндө” мыйзамда көрсөтүлгөндөй, президент үч күндөн кечиктирбей тийиштүү тапшырманы фракцияга бериш керек.

“Азаттык”: Ушул шартта президент өз пикирин билдирбей, унчукпай койду деген кептер айтылып жатпайбы. Негизи өкмөт менен Жогорку Кеңеш тирешкен учурда президент киришиш керекпи?

Данияр Нарымбаев: Тирешүүнүн ар кандай формалары бар. Конституцияда ар кандай жоболор бар. Эгер парламент менен өкмөттүн ортосунда талаш чыгып кетсе президент арбитр катары ал маселени чечет. Бул жерде жагдай башкачарак болуп атат.

XS
SM
MD
LG