Анда Конституция боюнча добуш берүү 4-октябрга белгилениши керектиги жазылган. Буга чейин шайлоонун датасы талаш-тартыш жаратып, саясатка айланган болчу.
Парламенттик шайлоо Президенттик администрациянын башчысы Данияр Нарымбаев түшүндүрмө берди. Анын ырасташынча, Конституция боюнча добуш берүү 4-октябрь деп белгилениши керек:
- Жогорку Кеңеш шайлоодогу тогуз пайыздык босого тууралуу карап жатканда добуш берүүнүн датасы боюнча депутат Дастан Бекешов киргизген норманы колдоп, биринчи окууда кабыл алып, бирок экинчи окууда кабыл албай койгон эле. Ал мыйзам кабыл алынбагандан кийин биз бир гана Конституцияга таянышыбыз керек болуп жатат. Ага ылайык депутаттар мандат алган, же биринчи сессияга чогулган күндө эмес, добуш берген күндөн баштап шайланат экен. Демек биз 2010-жылы 10-октябрда добуш бергенбиз. Депутаттар ошол күнү шайланган. Ошондуктан 4-октябрь деген жыйынтыкка келдик. "Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө" мыйзамда депутаттардын беш жылдык мөөнөтү аяктаган айдын биринчи дем алышында болот деп жазылып турат.
Шайлоонун датасы боюнча Бишкекте 16-июлда Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү жана бир катар партиялардын өкүлдөрү катышкан жыйын болду. Анда мурунку юстиция министри, “Ата Мекен” партиясынын өкүлү Алмамбет Шыкмаматов дата тууралуу талаш-тартышты мыйзамдагы так эместик менен байланыштырды. Анын пикиринде, депутаттардын ыйгарым укуктары мөөнөтү, күндөрү мыйзамда так жазылган эмес:
- Бүт дүйнөдө ушул жери так ирээттелген. Бизде болсо ирээттелген эмес. Бардык маселе ушундан чыкты. Алар депутаттардын конституциялык ыйгарым укугун шайлоо болгон күндөн тартып эсептеш керек деп жатат. Коомчулуктун экинчи тарабы депутаттар ишке киришкен күндөн тарта, жалпы отурум болгондон баштап беш жылдык мөөнөт эсептелиш керек деп жатат. Шайлоо күнү шайлоо болбой калышы мүмкүн, добуш берүүнүн жыйынтыгы сот аркылуу жокко чыгып калышы мүмкүн. Ошондуктан биринчи сессия болгондон тарта эсептейли деген жүйө бар. Мына ушундай эки ача пикир болуп жатат. Ушуну жоюш үчүн депутаттар убагында тийиштүү мыйзамды кабыл алып, ирээтке келтирип койсо болмок. Ошондо коомчулукта өйдө-ылдый сөз болмок эмес.
Буга чейин коалициялык көпчүлүктүн жана “Ар-намыс” фракциясынын жетекчиси Феликс Кулов парламенттик шайлоонун мөөнөтүн 1-ноябрга белгилөө боюнча президентке кайрылуу жолдогон. Кулов мыйзамда датага байланыштуу алешемдик бар экенин ырастады:
- Конституцияда парламент беш жылга шайланат деп жазылып турат. Анын мөөнөтү 10-октябрдабы, же 1-ноябрдабы ошол жери белгисиз. Ошондуктан бул маселени жакшы караш керек. Жогорку Соттун чечими боюнча, ыйгарым укуктун мөөнөтү шайланган мөөнөттөн эсептелиши керек. Азыр ошондуктан ар кандай чечмеленип жатат. Мыйзамда ушундай мүчүлүштүк бар. Ушул маселени карап чыгышыбыз керек. Бирок менин маалыматым боюнча президент добуш берүүнүн күнүн 4-октябрга белгилегени жатат.
Ал арада өкмөт белгиленген мөөнөткө шайлоону уюштуруп өткөрө албай калышы ыктымал деген тынчсыздануу да айтылды. “Бир бол” партиясынын өкүлү Досалы Эсеналиев шайлоочулардын тизмеси, биометрикалык маалыматтарды чогултуу боюнча маселелер бар экенин токтолду:
- Өкмөттүн, кээ бир айыл өкмөттөрдүн, акимчиликтердин, айрыкча Мамлекеттик каттоо кызматтын аракеттери көп суроолорду туудуруп жатат. Биометрика менен шайлоону өткөрөбүз деп чечтик, мыйзам кабыл алынды. Баарыбыздын эң негизги милдетибиз шайлоону таза өткөрүү. Бирок өкмөт ошол шартты аткарыш керек да. Мисалы, тизмедеги айрым шайлоочулардын аты-жөнү ката жазылган. Мунун айынан бир канча адам добуш берүүгө катыша албай калышы мүмкүн. Экинчиден, миңдеген адам биометрикалык маалыматын бергенден баш тартып жатат. Шайлоого аз калган сайын биометрикалык маалыматын берген адамдар көбөйүшү керек эле. Азыр болсо тескерисинче басаңдап калды. Мына ушундай маселелер шайлоо жакындаган сайын тынчсыздануу жаратып жатат.
Шайлоонун датасы боюнча үч башка күн айтылган. 4-октябрь, же 1-ноябрдан сырткары, добуш берүүнү 24-октябрга белгилөө тууралуу да демилге көтөрүлгөн. Эми бул талаш-тартышка президент шайлоонун күнүн белгилөө тууралуу жардыгы менен чекит коюшу керек.