Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:05

Депутаттар чогула албай жатышат


22-ноябрда Жогорку Кеңеште кворум жоктугунан жыйынды улантуу же улантпоо керек деген маселе чоң талкуу жаратып, депутаттар бери дегенде жарым саат ишти баштай албай турушту.

Айрым депутаттар чечкиндүү кадамга барып, тарап кетүү демилгесин да көтөрүп жиберишти.

Парламентти тарасын деген демилге Жогорку Кеңешке кирбеген саясий күчтөр тарабынан да кез-кез айтылып келатат.

Жогорку Кеңеш чын эле ишке жөндөмсүздүгүн көргөзүп жатабы же бул утурумдук көрүнүшпү?

Кворумдан чыккан талаш

Бейшемби күнкү Жогорку Кеңештин жалпы жыйыны Улуттук коопсуздук комитетинин жаңыдан дайындалган жетекчиси Бейшенбай Жунусовдун жана ички иштер министри Шамил Атахановдун ант берүүсү менен башталды. Эки министрдин парламенттеги ант берүүсүнө президент Алмазбек Атамбаев менен өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев да катышты.

Саат 11де кыска тыныгуудан кийин депутаттардын саны аздыгынан жыйынды андан ары улантуу же улантпоо маселеси кабыргасынан коюлду. Социал-демократтар фракциясынын депутаты Эркин Сакебаев жыйында 17 гана депутат отурганын айтса, аны “Ата Журт” фракциясынын депутаты Мыктыбек Абдылдаев колдоп чыгып, кесиптештерин тартипке, ага да болбосо чечкиндүү кадамга барууга чакырды:

- Таптакыр аброюбуз кете электе эсибизге келбейлиби, же ишти токтотолу. Же мынчалык болуп, баарыбыз тажасак, анда башка чечим кабыл кылалы...


Бишкек, 30-ноябрь, 2011-жыл
Бишкек, 30-ноябрь, 2011-жыл
Жыйынды алып барып жаткан вице-спикер Төрөбай Зулпукаровдун айтымында, жүйөлүү себептер менен келе албаган жана иш сапарда жүргөн 30дай депутаттын ишеним каты бар.

Белгилүү болгондой, спикер Асылбек Жээнбеков баштаган жоон топ депутаттар Санкт-Петербургга КМШнын парламенттер аралык ассамблеясынын жыйынына кеткен экен.

Социал-демократтар фракциясынын депутаты Токтогул Туманов ишти улантууга кесиптештерин үндөп, оппозициячы депутаттарды жыйынды үзгүлтүккө учуратууга кызыкдар деп айыптады.

- Мен депутаттарды эсептеп чыктым. Азыр 37 депутат отурат, дагы 30дай депутаттын калтырып кеткен ишеним каты бар экен. Өздөрүн оппозициябыз деп, өз депутаттарын сыртка чыга бергиле же бара бергиле деп коюп, кворум жок, ишти токтотолу деген болбойт. Мен муну парламенттин ишин токтотууга болгон аракет деп ойлойм.

Токтогул Туманов мындай көрүнүштү парламенттик кризис деп атоого болбой турганын айтууда.

Парламент тарасын, тарабасын...

Бул күнү күн тартибинде талкуулана турган 13 маселе, ал эми добуш берүүгө коюла турган 14 мыйзам долбоору белгиленген. Эл өкүлдөрү өздөрү да моюнга алышкандай, 120 депутаттын ичинен жыйынга 20-30у катышкан учурлар биринчи гана жолу болуп жаткан жери жок.

Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгүнө доомат парламенттин сыртында да бар. Учурдагы Жогорку Кеңеш ишенимди актаган жок деп сындап келаткандардын бири - мурдагы Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Азимбек Бекназаров:

- Булар канча деген мыйзам кабыл алып жатышат. Бирок эртең Конституциялык палата түзүлүп, сотко берсе эмне болот? Мисалы, “силер баланча мыйзамды кабыл алып жаткан учурда 15, же 20 депутат эле отургансыңар” деп айтып чыгышы мүмкүн. Эртеби, кечпи мындай сөз болот. Азыр көп адамдар баланча күнү мынча эле адам отурган деп санап отурушат.

Депутаттардын ишмердүүлүгүн начар деп баалаган саясат таануучу Марат Казакпаевдин пикиринде, кандай гана кемчиликтери болбосун, бул чакырылыштагы Жогорку Кеңеш өз мөөнөтүнүн аягына чейин иштеши керек.

- Азыр коомдо парламент тарасын деген сөздөр бар. Бирок мен аларга кошула албайм. Кандай начар жактары болсо да, бул парламент акырынча чейин иштеши керек.

Президент Алмазбек Атамбаев да Жогорку Кеңеш өз мөөнөтүнүн акырына чейин иштеши керектигин, жаңы шайлоолорго баруу өлкөнүн экономикасы үчүн да, туруктуулугу үчүн да пайдасыз болорун сентябрь айында Жогорку Кеңеште сүйлөгөн сөзүндө белгилеген болчу.

XS
SM
MD
LG