Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:55

Студент шайлоодо аргасыз добуш береби?


Шайлоо. Оштогу шайлоо участогу. 2011-жыл
Шайлоо. Оштогу шайлоо участогу. 2011-жыл

Жалал-Абаддагы студенттер шаардагы шайлоо участокторуна окутуучулар ой-боюна койбой каттоого тургузуп жатканын айтып чыгышты.

Бирок окуу жай жетекчилиги ал маалыматтарды четке кагууда. Укук коргоочулар жана шайлоого байкоо жүргүзгөн серепчилер адатта добуш берүү учурунда бийлик административдик ресурс колдонуп, студент, мугалим, дарыгерлерди өзүнө керектүү партиялар үчүн добуш бердиртерин айтып, сынга алууда.

- Паспорт менен биометрикалык каттоодон өткөн кагазынын көчүрмөлөрүн чогултуп жатышат. Азыр эч кандай документ толтурган жокпуз, бирок паспорттордун көчүрмөлөрүн студенттерден чогултуп жатабыз. Мен тайпа башчысы катары 12 студенттин документин алып, форма-2 толтуруп даярдап койдум, деканаттан бизге ушундай тапшырма берилген, - деди аты-жөнүн атагысы келбеген студенттердин бири.

Шайлоо эрежесине ылайык учурда 19-сентябрга чейин тизмени тактоо жана жарандардын добуш берүү жайын аныктоо өнөктүгү жүрүп жатат. Ошол себептүү алдыдагы добуш берүүдө ар бир шайлоочу каалаган участкаларында шайлоого укуктуу.

Окутуучу болуп эмгектенген Абилбап Мамарасулов окуу жайдагы бул жараянды бийлик административдик ресурсту колдонуп жатат деп эсептейт.

- Студенттер менен иштеп, мен көбүрөөк алар менен аралашып жүрөм. Студенттердин кайсыл жерде катталганын тактап, биометрикалык каттоосу кайсы жерде экендигин аныктоо жүрүп жатат. Таза шайлоо өткөрөбүз дегени менен бийликтин мурдагы эски системаны колдонуп, кайрадан административдик ресурсту пайдаланып жаткандыгы байкалып турат. Шайлоо мыйзамына жана Конституцияга ылайык шайлоо эркин жана жашыруун өтүүгө тийиш. Бул жерде алардын эркиндиги чектелип жатат.

15 миңге чукул студент жаштар билим алган Жалал-Абад мамлекеттик университетинин ректору Акунжан Абдрашев жогоруда айтылгандардын баарын четке кагууда. Бирок университетте эмгектенген мугалимдер кайсы бир партия үчүн аларды үгүттөп жатышы мүмкүн деп эсептейт. Окуу жай жетекчиси бүгүн эле кол алдындагыларды чогултуп, аларга үгүт иштерине катышпоого катуу талап койду.

- Окуу жайда студенттерди антип мажбурлоо түрүндө каттоого алуу болгон жок. Болгону студенттерди биометрикалык маалымат тапшырууга үгүт иштери жүрүп жатышы мүмкүн. Дагы бир маселе алыскы райондон келген студенттер өз каалоосуна жараша шаарда шайлоого катышса болот. Азыр кээ бир окутуучулар кайсы бир партиянын кызыкчылыгы үчүн иштеп, мени да жаман көрсөтүшү мүмкүн. Ошол себептүү мен азыр бардык декандарды чакырып, бул жагдайды болтурбоо боюнча тапшырма берем.

Окуу жайларда гана эмес, азыр үгүт иштерине мамлекеттик кызматкерлер да киришип жаткандыгы эл арасында айтылууда. Айрым жергиликтүү бийлик жетекчилери кол алдындагы кызматкерлерге кайсы бир партия үчүн добуш берүүгө үндөп жаткандыгы байкалат. Бул сыяктуу маселелер облуста өткөн жыйын учурунда жабык эшик артында талкууланып, күч кызматтарынын өкүлдөрүнө мыйзамсыз аракеттерге каршы турууга тапшырма берилгенин өкмөттүн облустагы өкүлү Жумагүл Эгембердиева айтты:

- Биздин жетекчилерге койгон талап таза шайлоо өткөрүү. Бүгүн биз башка жолдор менен барууга эч кандай укугубуз жок, деп ойлойм. Ал эми студенттерди мажбурлоо болуп жатат деген маалымат бизде жок, эгер андай болсо биз чара көрөбүз. Азыр өткөн штабда деле мыйзамсыз аракеттерге жол бербөө жөнүндө баарына айттым. Себеби мындай аракеттер эртеңки күнү туруктуулуктун бузулушуна алып келиши мүмкүн. Бүгүнкү күндө шайлоону эл дагы туура түшүнүп, жаман жолдорго барбаса керек, деп ойлойм.

Студенттер жана мамлекеттик кызматкерлер дайымкы эле шайлоолордо өзгөчө көнүл буруучу ресурс болуп саналат. Укук коргоочулар буга чейинки добуш берүү жагдайларын эске алганда бул жолу да аларга карата административдик ресурс колдонулушу мүмкүндүгүн билдиришет.

"Демократия жана жарандык коом" коалициясынын башчысы Динара Ошурахунова бул жагдайга парламент жана партиялардын жаштар канаттары каршы туруу керектигин белгилейт.

- Бул ыкма советтик мезгилден бери колдонулуп, андан арыла албай келатабыз. Анткени башка өнүккөн өлкөлөрдө деле студенттер шайлоолордо чоң күч болуп саналат. 2010-жылдагы парламенттик шайлоодо деле байкабадыкпы? Окутуучулар шайлоо участкаларында туруп, канча студент келгенин санап, кимдир бирөөлөрдүн алдында отчет берип турганын. Азыр да мына ушундай жагдай чыгып жатса буга өкмөт жана парламент токтотуу чарасын көрүү керек. Мындан сырткары партиялардын жаштар канаттары жана жаштар кеңештери да бул багытта иштерди алып барышы зарыл. Мурда жарандык коом көп көңүл бурчу буларга, азыр негедир мындай болбой жатат.

Жалал-Абад шаарында 25 шайлоо участкасы жайгашып, жалпы шайлоочулардын тизмеси акыркы маалымат боюнча 31 миң кишиге жакындады. Азыр да тизмени толуктоо иштери жүргүзүлүп жатат. Бул тизме 2012-жылы өткөн шайлоодон эки миң жаранга көптүк кылат.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт. Ага 14 партия ат салышууда.

XS
SM
MD
LG