Кыргызстандыктар кандай себептерден улам аты-жөнүн алмаштырууда? “Азаттык” бул ирет дал ушул маселени ар кыл өңүттөн иликтеп көрдү.
Ишке жарамдуу тургундарынын басымдуу бөлүгү эмгек миграциясында жүрөт деп саналган Баткен облусунда, маселен, Орусиядагы “кара тизменин” айынан аты-жөнүн өзгөрткөндөр башка аймактарга салыштырмалуу көп кезигет. Анткен менен Орусияга кайра баруу максатында аты-жөнүн өзгөртүүдө мыйзамга кайчы келген тобокелдиктер да бар. Баткендеги кабарчыбыз Жеңиш Айдаровдун баяны.
Анткен менен аты-жөнүн алмаштыруу мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн арасында да өтө көп жайылган. Эгемендиктин алгачкы он жылында балдарынын аты-жөнүн жапырт “уулу”, же “кызы” деп жаздырган ата-энелер эми мектепти бүтүрүп жаткан балдарынын фамилиясына кайрадан “ов” же “ова” мүчөсүн улап жатышат. Маселен, Нарын шаарында эле быйыл 800гө чукул окуучу аты-жөнүн өзгөрттү. Маселенин бул өңүтүнө кабарчыбыз Мирлан Кадыров кайрылган.
Аты-жөнүн өзгөртүүгө көпчүлүктүн көз карашы ар кыл. Кабарчыбыз Айгерим Акылбекова Бишкек шаарынын көчөлөрүн кыдырып, аталган маселе боюнча элдин пикирин сураган.
Коомчулукта диний ишенимдерге ыктоо тенденцияларынан улам да аты-жөнүн өзгөртүп жаткан жарандар бар. Айрыкча ислам динин туткан көпчүлүк арасында аты-жөнүн мусулманча кайрадан азан чакырып койдуруп алгандар да, аны менен катар документтерин алмаштыргандар да кезигет. Маселенин бул өңүтү Оштогу кабарчыбыз Ыдырыс Исаковдун баянында.
Жогоруда айтылгандай, өлкө боюнча быйыл аты-жөнүн өзгөрткөндөрдүн саны кырк миңге (38 миңден ашкан) чамалады. Бул өткөн жылга салыштырмалуу эки миң кишиге көп. Адистер кыргызстандыктардын азан чакырып койгон ысымын, атасынын атын, кээде туулган күндөрүнө чейин алмаштырып жатышына тышкы миграция себепкер болуп жатат деген тыянакка келишүүдө. Кыргызстандагы аты-жөнүн өзгөртүү өзгөчөлүктөрүнө кабарчыбыз Улан Эгизбаев кенен токтолот.