Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:39

Шеримкулов элчиликтен неге кетти?


Жогорку Кеңештин 70 жылдык мааракеси, 20-ноябрь, 2009-жыл
Жогорку Кеңештин 70 жылдык мааракеси, 20-ноябрь, 2009-жыл

Кыргызстандын Ирандагы элчиси Медеткан Шеримкулов президент Атамбаевдин жардыгы менен кызматтан алынды.

Айрым булактар буга элчинин виза үчүн кошумча акча талап кылып, ишкерлерден белек-бечкек доолаган дегендей дипломаттык кызматка доо кетирген аракеттери себеп болгонун жазышты. Бирок Медеткан Шеримкулов дипломаттык статуска туура келбеген иши үчүн кызматтан алынды деген маалыматты жокко чыгарды. Совет заманында партиялык жогорку кызматтарды аркалап келген Шеримкулов Иранда 6 жылдай элчи болгон.

“Азаттыктын” Ак үйдөгү ишенимдүү булактарынын ырасташынча, Ирандын биринчи вице-президенти Реза Рахими жакында эле Бишкекке Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине келгенде Медеткан Шеримкуловдун үстүнөн датын айткан экен. Анда Иран жарандарына кыргыз визасын берүү үчүн акча талап кылганы, ишкерлерден белек-бечкек доолаганы сөз болгон.

Президент Атамбаевдин 24-декабрдагы жардыгы менен кызматынан алынган элчи Медеткан Шеримкулов “Азаттыктагы” маегинде муну өзүн атайылап каралоо кампаниясы деп атады. Элчилик мөөнөтү бүткөнүнө байланыштуу мыйзам чегинде кызматтан бошогонун, башка себептерди издебеш керектигин белгиледи.

Шеримкулов Ирандын мартабалуу өкүлүн Бишкекке өзү узатып, Кыргызстандын жетекчилери менен жолугушуу уюштуруп берип, сапары байсалдуу болгонун кошумчалады:

- Урматтуу Рахими мырза Кыргызстандын Ирандагы элчилиги тууралуу эч кандай сын пикир, жаман сөздөрдү айткан жок. Демек жанагы маалыматта “Рахими ушундай деп айтты” деп, аны жамандагандык - биздин коңшу, дос, бир тууган мамлекеттин эң жогорку жетекчилеринин бирин жамандап, көөлөгөндүк болуп эсептелет. Экинчиден, Шеримкулов башкарып, иштеп жаткан элчиликти жамандагандык.

Шеримкулов виза берүүдө мыйзам бузууга жол берилди, Иран ишкерлеринен белек-бечкек доолады деген маалыматты төгүндөдү. Мунун артында ким турганын боолголоп атканы менен, аттарын атаган жок:

- Ар бир визанын өзүнүн баасы бар. Туристтик виза, иш боюнча виза, кыска, же узак мөөнөттөгү виза деген түрлөрү болот. Ошого жараша виза ала турган киши Ирандын банкына барып тыйынын ошол жакка төлөйт. Бизге квитанция гана көтөрүп келет. Элчилик эч убакта виза үчүн накта тыйын албайт. Бул жерде эч кандай эреже бузуу же башка жаман иштерге баруу мүмкүн эмес. Экинчиден, биз Кыргызстанга барып иштегени жаткан бизнесмендерден эч нерсе доолабайбыз. Мен Кыргызстандын эли үчүн, кыргыз мамлекети үчүн өмүрүмдүн баарын жумшап, ак ниетим менен иштеп келатам. Мени кызматтан кетээрдин алдында эмне үчүн жамандаш керек эле? Коңшу мамлекеттин жетекчисин жамандап, ошол аркылуу мени жамандаш кимдин кызыкчылыгына жооп берет, эми ал кудайдан жетсин. Ошонун артында ким турганын мен өзүм деле көрүп турам.

Элчилер эл кызыкчылыгын ойлосо...

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы Шеримкуловго байланыштуу комментарий берүүдөн баш тартты. Элчиликтин статс-катчысы Асеин Исаев кыргыз дипломатиясынын тарыхында буга чейин кыргыз элчилеринин үстүнөн арыздануулар болбогонун кеп салды:

- Дипломатияда мындай болгон эмес. Өзүбүздүн элчибиздин кандай, эмне экенин өзүбүз билебиз да. Эми жумуш болгондон кийин ар кандай учурлар болот. Андай-мындай сүйлөшүшөт. Биздин элчи болгондон кийин биз өзүбүз билебиз, өзүбүз чечебиз. Биздин жумуш так да, бул жерде кандай айтылса, алар ошону аткарат. Борбордон кандай чечилсе, ошондой болот.

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитети бул окуяны жаңы жылда алгачкы жыйындарына алып чыкмакчы. Бул тууралуу “Азаттыкка” комитеттин мүчөсү Алмазбек Батырбеков билдирди. Ал элчилерди аттестациядан өткөрүү тууралуу демилгени колдой турганына токтолду:

- 20 жылдан бери бизде бийликке жакпаган саясатчыбы же башка адамбы аны элчи кылып сыртка чыгарып жиберүү тажрыйба болуп келген. Дипломатияда карьера жасаган адамдарды эмес, саясатта жүргөн, оппозицияда кыйкырып жүргөндөрдү сүргүнгө айдагандай четке чыгарып жиберишчү. Биз бул тажрыйбадан кетишибиз керек. Таза, дипломатиялык карьерасы бар адамдарды коюшубуз керек. "Тышкы саясатта мамлекеттик органдардын өз ара кызматташуусу" деген жаңы эле мыйзам кабыл албадык беле. Ошол мыйзамдын ишке кириши менен президент көп эле дипломаттарды алмаштырат болуш керек. Аттестациядан да өткөрсө туура болмок.

Депутат Батырбеков парламент кыргыз элчилерин чакырып маалымат алуу тажрыйбасын ушул жайдан тарта киргизгенин кошумчалады:

- Буга чейин айрым элчилер дайындалгандан кийин өздөрүнүн эле жумушу менен жүргөн. Бизнес менен алектенгендер да болгон. Биз ушундай тажрыйбадан четтешибиз керек. Ошол мамлекеттеги биздин жарандардын кызыкчылыгын колдош керек. Экономикалык дипломатия менен алектенип, ар бир тармак боюнча долбоорлорду сунуштап, инвестор тартканга аракет кылышы керек. Элчилер жасай турган жумуш көп. Алар - Кыргызстандын жүзү. Татыктуу адамдар дайындалышы керек.

73 жаштагы Медеткан Шеримкулов эмгек жолун университетте мугалим болуу менен баштаган. Советтер Союзунун тушунда Компартиянын жогорку кызматтарында турган.

Эгемендиктин алгачкы жылдары легендарлуу парламенттин төрагасы болгон. Ошол кездеги “бүгүн эрте, эртең кеч” деген сөзү кыргыз саясий афоризмине айланган. Философия илиминин кандидаты, саясий илимдердин доктору. Иранга чейин Түркияда Кыргызстандын элчиси кызматын аркалаган. Мурунку президент Аскар Акаевге атаандашып, 1995-жылы президенттик шайлоого катышкан.

XS
SM
MD
LG