Мамлекеттик каттоо кызматына жетекчиликке жаңыдан дайындалган Алина Шаикова чуулгандуу коррупциялык схемалардын өркүндөшүнө көз жумуп жатканы боюнча коңгуроо кагыла баштады. Эмгек жамаатынын атынан президенттин дарегине жазылган кайрылууда Шаикова мамлекеттик кызмат тууралуу мыйзамдын талаптарын бузуу менен иш алып барып жатканы көрсөтүлгөн. Мамлекеттик каттоо кызматынын маалымат катчылыгы болсо кайрылууда келтирилген фактыларды чындыкка коошпойт деп четке какты.
Тендер “тешигинин” тек-жайы кайда?
Өлкө башчысына жолдонгон кайрылууда мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси Алина Шаикованын биометрика боюнча долбоорду ишке ашыруудагы аракеттери күмөндүү экени жазылган. Анда аталган долбоорду ишке ашыруу үчүн тендерге катышкан чет элдик компаниялардын биринин чакыруусу менен Алина Шаикова жакында Европага барып келгени айтылган. Бул кызыкчылыктардын кагылышуусуна алып келери айтылып, тендердин жеңүүчүсүн аныктоодо шек туудурары эскертилген. Биометрикалык жабдууларды сатып алуу боюнча тендердин 1-турунун жыйынтыгында 7 компания кийинки турга өткөн. Алар Монголиянын «Интер Актив», Германиянын «Гизеке энд Девриент» жана «Мюльбауер», Франциянын «Гемальто», «Морфо» жана «Обертюрь», ошондой эле Нидерландиянын «Смартматик» компаниялары. Кайрылууда Шаикова кайсыл компаниянын эсебинен Европага барганы көрсөтүлгөн эмес.
Тендердин жүрүшүнө байкоо салып жүргөн эксперт Таалайбек Жумадылов кайрылууда келтирилген жагдайды чынында эле күмөндүү деп эсептейт:
- Тендерди өткөргөн мамлекеттик органдын жетекчиси ага катышып жаткан компаниянын чакыруусу менен жана анын эсебинен сапарга барганы көз карандылыкты жаратат. Эгерде иш сапарга баруу зарыл болуп калган чакта деле таза сынак өткөрөм деген ниети бар адам “мен деген жетекчимин, авиабилетти өзүм алам, ал жактагы чыгымдарымды өзүм көтөрөм, антпесем болбой калат” деп айтыш керек эле да. Анан эми андай болбой калса, башкача түшүнүк болот да. Эгерде алардын чакыруусу менен барып келгенден кийин тендерди өткөрүүдө кантип калыс жана бейтараптуулукту сактоого болот. Мында кызыкчылыктардын кагылышы чыгышы мүмкүн да.
Мындан сырткары ал кайрылууда Шаикованын мамлекеттик каттоо кызматынын курамындагы атайлаштырылган маалыматтык тейлөө борборун “Инфокомго” кошуу аракети айыпталган. Бул иш-чара Шаикованын автоунааларды каттоо тармагын өзүнө караштуу адамдарга алуу үчүн жасаган кадамы катары бааланган. Анткени бул чара мекемелерди бириктирүү аркылуу кирешелүү тармакты колго алуунун оңой жолу катары мисалга алынган.
Аталган мекеменин кызматкери Айнура Алымкулова мунун айынан Шаикованын командасына кирбеген кызматкерлерди жумуштан кетирүү коркунучу турганын белгиледи:
- Биздин мекеме өзүн-өзү каржыламак тургай, мамлекетке киреше алып келген ишкана да. Анан эми ага эч кандай негизи жок эле мекемени жоюп, башка бир ишканага кошуп жиберүүнүн кандай максаты болушу мүмкүн. Бул демилге ишке ашса 230 адам иштен кетет. Эми ошол жактан көп адам нан таап жаткан да. Мүмкүн анын ичинен каалагандарын жумушка кайра чакырышы мүмкүн. Бирок алардын командасына кирбеген кызматкерлер ал жакка кайра кирип иштейт деген кепилдик жок да.
МКК: Кайрылуунун өзү карандай калп
Анткен менен мамлекеттик катттоо кызматынын маалымат катчылыгы чуулгандуу кайрылууну ушак-айыңга негизделген тоголок кат катары сыпаттаган маалымат таратты. Анда келтирилген фактыларды текшерип чыгуунун өзү туура эмес деп белгиленген аталган билдирүүдө. Ошондой эле анда эмгек жамаатынын атынан жазылды деген кайрылуунун өзү жасалма уюштурулган деп көрсөтүлгөн.
Мамлекеттик каттоо кызматынын маалымат катчысы Нуржан Найзабекова "Азаттыкка" мекеме жетекчилиги тууралуу кайрылууда келтирилген фактылар жана жүйөлөр чындыкка коошпойт деп билдирди:
- Шаикова тендерге катышып жаткан компаниялардын биринин чакыруусу жана алардын демөөрчүлүгү менен ошол жакка барып келди деген жалган маалымат. Анын Эстонияга барып, ал жактагы биометрикалык маалыматтарды чогултуу тажрыйбасы менен таанышуу үчүн барган иш сапарына эл аралык уюмдар жардам берген. Негизи эле мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчилигинин дарегине айтылган ал маалыматтар чындыкка жатпайт. Жанагы атайлаштырылган маалыматтык тейлөө борбору “Инфокомго” кошулганда кызматкерлер иштен кетип, көбү кыскарат деген да жалган маалымат. Анын бардыгын кызыкдар тараптар чыгарып жатышат. Ал кайрылууга кол коюлган эмес, жөн эле тоголок кат. Ошондуктан ага көңүл буруп дагы кереги жок.
Көмүскө кирешенин “көөнөрбөс булагы”
Ошол эле кезде аталган кайрылууда дайындоо учурунда Шаиковага өкмөт тарабынан мекемедеги коррупциялык схемаларды жоюу боюнча коюлган тапшырмалар аткарылбай жатканы көрсөтүлгөн. Анткени мекемедеги коррупциялык көрүнүштөрдөн түшчү көмүскө кирешеге кызыкдар тараптар менен жаңы жетекчинин келишип алуу тенденциясы байкалганы кайрылууда баяндалган.
Анын бир эле мисалы катары Таалайбек Жумадылов автоунааларга кымбат баалуу номур берүүдөгү схемаларды ооздуктоо боюнча чаралар эмдигиче жолго коюлбаганына токтолду:
- Мамлекеттик каттоо кызматы 7777, 5555 сыяктуу атайын кымбат номурлар үч айга чейин сатылбаса, анда аларды өзүнүн арзан наркында каттоо боюнча чечим чыгарып алышкан. Бул негизги жобого каршы келет. Анан ал номурларды сатылган жок деген негиз менен каттап туруп, ал номурларды сатуудан түшкөн акча чөнтөккө кетип турат. 24 миллион сомдук номур сатылган бирок, ал бюджетке түшкөн эмес. Бул боюнча УКМК тарабынан кылмыш иши козголгон. Бирок бул жерде ири каражат ойногондуктан ал иштер ордунан жылбай турат. Бул мурда калыптанган схема туурасында Шаикова эмнеге унчукпайт? Ал жаңы жетекчи катары мына ошолордун жолун бөгөп, коомчулукка ачык айтып чыгышы керек эле да...
Учкашканга чиркешкен иштер
Ошол эле кезде кайрылууда Шаикова мурда ири коррупциялык иштерге аралашкан деп шектелген мекеменин аткаминерлери менен кызматташып кеткени белгиленген. Буга бир мисал катары мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы статс-катчысы Азамат Дүйшөнбаевге кылмыш иши козголуп, буга байланыштуу учурунда ал кызматтан кеткени көрсөтүлгөн. Бирок кийин Дүйшөнбаевдин ал иши кыскарып, көп өтпөй эле ал мамлекеттик каттоо кызматынын укуктук камсыздоо башкармалыгынын башчылыгына дайындалган. Бирок 2013-жылы декабрда ички иштер органдары паспорт бланкаларын сатып алуудагы уюштурулган тендердин жыйынтыгы боюнча мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирилген фактыны таап чыккан.
Ички иштер министрлигинин маалымат борборунун өкүлү Эрнис Осмонбаев бул маселе боюнча материалдар прокуратурага өткөрүлүп берилип, бирок азырынча иш ордунан жылбай турганын айтты:
- Бул мыйзам бузуу фактысын ички иштер министрлигинин бешинчи башкы башкармалыгы текшерүү учурунда таап чыккан. Мамлекеттик каттоо кызматы 2011-жылы тендер өткөрүп, анын жыйынтыгы боюнча бааларды ашыкча көрсөтүүнүн негизинде мамлекет ири өлчөмдө зыян тарткан. Бул боюнча тиешелүү материалдардын бардыгы чогултулуп, Бишкек шаардык прокуратурасына кылмыш ишин козгоого жөнөтүлгөн. Себеби ИИМ коррупциялык көрүнүштөр жана кызмат абалынан кыянат пайдалануу фактылары боюнча өз алдынча кылмыш ишин козгой албайт. Иш козголгон соң гана бул боюнча материалды кароо тапшырылса, аны териштирүү ишин улантмак.
Мамлекеттик каттоо кызматынын ошол кездеги статс-катчысы Дүйшөнбаев андагы тендердик комиссияны жетектеп турган. Бул иште милициянын оперативдүү кызматкерлери тендер “Кирленд” деген ишкананын пайдасына өткөрүлгөнүн аныкташкан. Бул ишти териштирүүнүн кийинки тагдыры тууралуу Бишкек шаардык прокуратурасынан маалымат алууга мүмкүн болгон жок.
Мамлекеттик каттоо кызматында учурда укуктук камсыздоо башкармалыгында иштеп жаткан Азамат Дүйшөнбаев “Азаттыкка” ага карата мурда козголгон кылмыш иши жана учурда териштирүүдөгү кылмыш фактысы боюнча кененирээк комментарий берүүдөн баш тартты:
- Бул боюнча комментарий бере албайм жана бербейм. Анткени жалган маалыматка мен комментарий берүүнү туура көрбөйм. Бул боюнча эч кандай иш козголгон эмес. “Кирленд” жоопкерчилиги чектелген уюму боюнча кылмыш иши жок. Ошондуктан менин жообум ушул, ал боюнча комментарий бербейм.
Чуулгандуу кайрылууда мамлекеттик каттоо кызматынын төрайымы Шаикованын жакын чөйрөсүнө кирет деп айтылган адамдардын дагы бири - мекеменин алдындагы коррупцияга каршы туруу жана каржылык мониторинг башкармалыгынын башчысы Азиз Ибраев экени көрсөтүлгөн. Иликтөө учурунда мекемедеги коррупциялык аракеттерди ооздуктоо милдети жүктөлгөн жетекчинин дарегине олуттуу доомат бар экени аныкталды. Ибраевдин кол алдында иштеген аталган башкармалыктын кызматкери жакында пара талап кылуу беренеси менен кармалган.
Арыздануучу мамлекеттик каттоо кызматына караган Ленин райондук калкты паспорт менен тейлөө бөлүмүнүн мурдагы кызматкери Феруза Турдубаева мекемедеги коррупцияга каршы күрөштү жетектеген адам андан акча талап кылып, бирок анын жардамчысы колго түшүп калган фактыны мындайча айтып берди:
- Башында бизди текшерип келген Ибраев өзү менден 500 доллар акча талап кылган. Анан мен түшүнбөстүктөн андан коркуп жатып 400 доллар эптеп таап бергемин. Бирок ал кийин деле акча доолай берди. Айла жок, финполицияга арыздандым. Анан телефондон берген акчаны кайтарып бер десем, акчаны өзүнүн жардамчы кызматкери Макушев аркылуу берип жиберген экен. Анан ошол бала акчаны берип жатканда кармалды. Анын Ибраев менен телефондук сүйлөшүүлөрү бар болчу. Бирок кийин тергөөдө Ибраев күбө катары өтүп, Макушев айыпкер болуп калды. Тергөөдө Ибраевге жетиштүү далил жок деп коюшту. Мен өзү жалгыз бой аялмын. Азыр ушул ишке байланыштуу убактысынча деген негиз менен иштен четтетилгемин. Эми ал жакка барып иштей аламбы же жокпу белгисиз.
Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы коррупцияга каршы туруу жана каржылык мониторинг башкармалыгынын башчысы Азиз Ибраев анын дарегине айтылган дооматтарды четке какты. Анткени мекеменин ичинде коррупциялык көрүнүштөргө карата жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгы ага каршы кутум уюштурууга негиз берди дейт ал. Азиз Ибраев өзүнүн кол алдында иштеген адамдын параны кайтарып берип жатып кармалышын ага карата атайын уюштурулган чагым катары баалады:
- Азыр Макушевдин үстүнөн сот болуп жатат. Анан соттун чечими чыкса кимдики туура, кимдики туура эмес экенин көрөсүңөр. Бул мага каршы атайын уюштурулган кутум. Анткени биз ал ишке чейин коррупциялык жагдай боюнча баяндама даярдап, бир топ кызматкерге чара көрүүнүн мерчемдеп жатканбыз. Анан атайын бул чагымды уюштуруп, Макушевди мага каршы көрсөтмө берүүгө аракет кылып көрүштү. Эгерде мен айыптуу болсом, мурда эле мага иш козгоп, ары жакка киргизип коюшмак. Бул жалаа...
Иш бедели менен иши жок мекеме
Ошол эле кезде мамлекеттик каттоо кызматынын статс-катчысы Бактыбек Секимбаев мекемеде ар кандай коррупциялык көрүнүштөргө шектелген иш беделине көлөкө түшкөн адамдардын жетекчилик кызматта отурганын тастыктады. Бирок Секимбаев алардын кылмышка шектүүлүгүн аныктаган соттун чечими болбогондуктан аларга кандайдыр бир чара көрүүгө мүмкүн эместигин айтты:
- Негизи мына ошондой фактылар болгону чындык. Бирок соттун чечими жок болгондон кийин биз аларды айыптуу деп айта албайбыз. Мына ошол кылмыш иштери ар кандай этаптарда токтотулганы чындык. Анан эми ал адамдардын бизде иштеп жатканынын моралдык жагы туура эмес дечи. Бирок аларды моралдык жагы боюнча иштен ала албайбыз. Иштен алсак, эртең сотко берип, бизди айыпка жыгат. Анан эми алар моралдык жагын өздөрү сезген болсо мурда эле кетип калышмак да. Алар өздөрүн бул жакка керекпиз деген үчүн иштеп жатышат да.
Мамлекеттик каттоо кызматынын эмгек жамаатынын атынан деп жазылган кайрылууда мекеме жетекчиси Алина Шаикованын эски-жаңы жетекчилерден түзүлгөн командасына биометрикалык маалыматтарды чогултуу долбоорун ишке ашырууга ишеним көрсөтүү кыйын экени эскертилген. Ошондуктан анда алдыдагы шайлоолордун тазалыгын камсыздоо үчүн мекеме андагы кыңыр иштерден тазалай турган жетекчиге муктаж экени айтылып, бул маселеде кандайдыр бир тар саясий кызыкчылыктар болбошу керек деген жүйө келтирилген.