ХХ кылымдын башында кыргыздардын мамлекеттүүлүк жөнүндө түшүнүктөрү кандай болгон? Ошол доордун каармандарынын бири, совет мезгилинде басмачы катары ысымы эскерилбей келген Төрөкул Жанузаков тууралуу эмне билебиз? Тарыхчы Элебай Турганбаев менен талкуулайбыз.
Орусиянын Мамлекеттик думасынын депутаттары Кыргызстанда жер аталыштарын кыргызчалоо демилгеси көтөрүлүп жатканын сындашты. 7-апрелде Бишкек шаардык кеңешинин чечими менен борбор калаадагы 18 көчөнүн аталышы алмашты.
Токойчулар Чүйдүн Кегети капчыгайында кызыл карагайларды курт каптап, кууратып жатканы үчүн четинен кыйууда. Бул токойдун калган бөлүгүн сактап калуунун аргасыз чарасы.
Кыргызстан быйыл эгемендигинин 35 жылдыгын белгилейт. "Куугунтук курмандыктары" подкастында тарых илимдеринин доктору Аалыбек Акунов менен коммунисттен демократка айланган муун, андан кийинки жылдардагы советтик менталитеттин таасири, эгемендик жылдардан кийинки тарых тууралуу кеп кылабыз.
Маркум эл жазуучусу Мурза Гапаровдун көөнөргүс чыгармачылыгына сереп салуу.
Кан күйгөн согушта күйөөсүн жоготуп, ондогон аял жесир калса, далайы телмирип жол карап, дайынсыз кеткен жакынын күтөт. Согуш ондогон наристени ата мээриминен ажыратып койду. “Азаттык” бул жолу Украиндагы уруштан улам аялдардын жашоосу кантип талкаланганын, алардын аянычтуу тагдырын баяндайт.
“Куугунтук курмандыктары” подкастында дүйнөдө кеңири жайылган саясый жана тарыхый бейне түзүү, мемуар жазуу, анын тарыхка салымы тууралуу жазуучу, академик Осмонакун Ибраимов менен маек курабыз.
Кыргызстанда 1980-1990-жылдардагы толкун тууралуу, жаңылануу, өзгөрүүнү эңсеген кыймылдар тууралуу азыноолак сөз кылып жүрөбүз. Ошол доордогу чакырыктардын күүсүнөн азыр дагы чыга албай, ошол эле аң-сезим менен жүргөн жокпузбу? Эгемендик алган 35 жылда кандай коом кура алдык?
Эгемендик алган 35 жылда кандай коом кура алдык? Азыркы жаш муунга ким өрнөк, эмне баалуу? “Куугунтук курмандыктары” подкастында белгилүү коомдук жана саясий ишмер Эмил Каптагаев.
“Куугунтук курмандыктары” подкастында репрессия мыйзамы кантип ишке ашууда? Изилдөөчүлөр КГБ архивдерине кире алдыбы? Ушул тууралуу репрессия курмандыктарын актоо боюнча комиссиянын жана жумушчу топтун мүчөлөрү, тарыхчылар Аида Кубатова жана Рыскул Жолдошов менен талкуулайбыз.
Дагы жүктөңүз