Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:26

Мандатын алдырчулар кимдер?


Жогорку Кеңештин депутаттары.
Жогорку Кеңештин депутаттары.

Жогорку Кеңештеги “Кыргызстандын” эки депутаты фракция чечими менен мандаттан ажыратылып, сот аркылуу кайра алышы башка партияларды да дүрбөлөңгө салды.

“Кыргызстан” фракциясынын депутаттардан мандат тартып алуу “тажрыйбасын” алдыда башка партиялар да колдонушу мүмкүн. “Азаттыктын” парламенттеги ишенимдүү булактарынын айтымында, КСДП фракциясынан жакын арада депутаттык мандаттан кол жууйт делгендердин тизмесинде Рыскелди Момбеков, Айнуру Алтыбаева, Анвар Артыков жана Гүлкан Молдобекова сыяктуу эл өкүлдөрү бар.

Маалыматка ылайык, аты аталгандарга мандаттан өз эрки менен баш тартты деген жүйө менен башка кызматтар сунушталат. Алардын бири Момбеков мандаттан баш тартуу боюнча алдын ала арыз жазбаганын айтканы менен, белгилүү бир убактан кийин депутаттык креслону бошотуу ыктымалдыгы жогору экенин жашырган жок.

- Кызматтар сунушталганда белгилүү бир мөөнөткө чейин депутат болуп турайын дегем. Анткени мен экинчи жолу шайлоого катышып анан депутат болдум. Парламенттин табиятын билип, депутат болуу менин көп жылдардан берки негизги максатым эле. Ошондуктан сунушуңарды коё тургула дегем. Бирок белгилүү бир убактан кийин өкмөттүк же башка жумушка кетем деп айтканым чын.

Илмиянов депутат болобу?

Парламенттен билдиришкендей, Момбеков баштаган эл өкүлдөрү жайкы каникул менен кошо депутаттыктан кетиши ыктымал. Эгер алар мандаттан баш тартса, президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Икрам Илмияновго депутаттык мандат буюрат.

Анткен менен КСДП лидери Чыныбай Турсунбеков бир да депутат мандаттан баш тартуу боюнча алдын ала арыз жазбаганын айтып ишендирүүдө. Ошол эле учурда ал мандат бөлүштүрүүдө айрым нааразылыктар болгонун жана кайсы бир депутаттын орду үчүн ар кандай күрөштөр болушун четке какпайт.

- Балким кимдир бирөө арыз жазып бергендир. Бирок фракция лидери катары мен андай арызды көргөн эмесмин. Эгер менден башка кимдир бирөөгө арыз жазып берген болсо анда Рыскелди Момбеков же аны жаздыртып алган биздин партиянын тигил же бул мүчөсү өзү жооп бериши керек деп ойлойм.

Жогорку Кеңеш
Жогорку Кеңеш

Депутаттык креслодон ажырайт делгендердин катарында “Бир Болдон” Лунара Мамытова менен Бакыт Есенбаева, “Өнүгүү-Прогресстен” Исхак Масалиев жана “Кыргызстан” фракциясынан Чолпон Султанбекова менен Тынчтыкбек Конушбаев бар экени айтылууда.

Оппозициялык саясатчы, экс-депутат Равшан Жээнбеков фракция чечими менен депутаттарды мандаттан ажыратуу өнөкөтү уланат деген ойдо.

- Эң башкысы прецедент түзүлдү. Депутаттык мандатты фракция чечими жана БШКнын көңүлүн алуу менен баарын чечип койсо болот. Мындай жол менен фракцияга жакпаган, бийликке каршы депутаттын мандатын алып коюшат. Тизменин элүүнчү же жүзүнчү катарындагы бийликке, фракция лидерине жакын кайсы бир талапкерге мандат берсе болот.

“Өгөйлөнгөндөр” мандатын жоготпойт

“Ата Мекен” фракциясынан Жоомарт Сапарбаев башка ишке өттүм деген жүйө менен мандатын тапшырган. Партия лидери Өмүрбек Текебаев фракциядан зордоп чыгарылган депутаттар парламентте ишмердигин уланта берерин айтууда. Мыйзам боюнча эл өкүлү өз эрки менен фракциядан чыкса, автоматтык түрдө мандаттан ажырайт.

Өмүрбек Текебаев
Өмүрбек Текебаев

- Депутат өз ыктыяры менен фракциядан чыкса, мандатын жоготот. Эгер фракция тарабынан күчтөп, зордоп чыгарылса анда ордун сактап калат. Маселен, “Республика Ата-Журт” Жыргалбек Саматовду өгөйлөп, күч менен фракциядан чыгарды. Бирок ал депутаттык мандаттан ажырабайт.

Айрым маалымат каражаттары фракция чечими менен мандаттан кол жууп, сот аркылуу депутаттык креслого кайра отурган Элмира Жумалиева менен Чолпон Эсенаманованын ордуна келчү талапкерлер БШК төрагасы Туйгуналы Абдраимов менен “Кыргызстан” фракциясынын лидери Канатбек Исаевдин тууганы экенин жазып чыгышкан. Бирок бул маалымат боюнча Абдраимов менен Исаевден комментарий алууга мүмкүн болгон жок. Байкоочулардын баамында, кайсы бир депутатты мандаттан ажыратуунун артында чоң кызыкчылыктар жатат.

Депутаттардын мандат чырын караган сот жыйыны (15.01.2016)
Мандат чыры тез чечилди
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:18 0:00

XS
SM
MD
LG