Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:43

Майлуу-Суунун суусу булганууда


Майлуу-Суу шаарынын түндүк тарабын аралай өткөн Майлуу-Суу сайынын боюндагы жер алдынан өз алдынча чыгып жаткан кара май сууга кошулууда.

Жер алдынан сарыгып чыгып жаткан кара май сайдагы сууга кошулуп, сугат аянттарын каптап жатканына үч ай болгон.

Экологиялык жана техникалык коопсуздук инспекциясынын Жалал-Абад аймактык башкармалыгынын орун басары Кылычбек Жолдошовдун "Азаттыкка" айтуусунда, Майлуу-Суу сайынын боюндагы жер алдынан өз алдынча чыгып жаткан кара май сууга кошулуп жатканы боюнча тиешелүү тараптарга кайрылышкан.

- Азыркы күндө эч кандай жылыш жок, биз шаардык мэрияга, Өзгөчө кырдаалдар министрлигине билдирип, "Кыргызнефтегаз" ачык акционердик коомуна эскертүү бердик. "Кыргызнефтегаз" "биздин лицензиялык аймагыбызга кирбегендиктен эч нерсе жасай албайбыз" деген жообун айтса, башка мекемелер эч кандай аракет көрбөй жатышат.

Сууга кошулуп жаткан мунай
Сууга кошулуп жаткан мунай

Майлуу-Суу шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Замирбек Расулов болсо тиешелүү мекемелерге кат жолдоп, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин адистери менен сүйлөшүп аракеттер көрүлүп жаткандыгын, негизинен Майлуу-Суу сайынын жээгинен мындай кара майдын чыгып жатканы кадимки эле көрүнүш экенин айтат.

- Илгертеден эле бул сайды бойлой бир нече участоктордон май чыгып турган. Ошол үчүн бекеринен бул шаар Майлуу-Суу аталып калбаса керек. Бирок кара май бир аз чыгып эле анан кайра токтоп калчу эле, бул жолу абдан чоң көлөмдө токтоосуз чыгып жатат. Албетте биз өкмөткө жардам сурап кайрылдык, өзүбүз жергиликтүү адистердин күчү менен болгон аракеттерибизди көрүп жатабыз.

Жер алдынан сыгылып чыгып жаткан кара май сайдагы сууга кошулуп сугат аянттарын каптап жатканына үч ай болгон.
Жер алдынан сыгылып чыгып жаткан кара май сайдагы сууга кошулуп сугат аянттарын каптап жатканына үч ай болгон.

Майлуу-Суу шаарынын тургуну Уламкадыр Алымкулов сайды бойлой чыгып жаткан кара майдын жыты шамалдын багыты менен шаарды каптап дем алууга мүмкүн болбой жатканын айтат. Ал эми сайдан канаттуулар менен мал суу ичип жатканын, экологиялык абалды көзөмөлгө алуу шаар бийлиги менен тиешелүү мекемелер арасында жөнгө салынбай жатканына нааразы.

- Майлуу-Суу сайынын жээктеринде чыгып сууга кошулуп жаткан мунайды тез арада жок кылып, анын зыяндуулугун азайтуу керек. Мунайды кайра иштетүүчү жеке компаниялар келип сордуруп алып кетүүгө аракет кылып көрүштү. Алар суу аралаш чыгып жатат деп эки жылдан кийин таштап салып кетип калышты. Менин оюмча, муну менен мамлекеттик гана мекеме-ишканалар алектенбесе, мындай көрүнүш кайталана бериши мүмкүн.

Экологиялык жана техникалык коопсуздук инспекциясынын аймактык башкармалыгы Майлуу-Суу сайынын жээгинен чыккан мындай кара майдын келтирген экологиялык чыгымдардын эсебин тиешелүү жергиликтүү мекеме-ишканаларына чыгарып беришкен.

XS
SM
MD
LG