Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:22

Улуттук ынтымактын уруулук жолу


“Кыргыз эл” кайра жаралуу тилектештиги улуттук ынтымакка уруулук биримдик аркылуу жетүү зарылдыгын ырастоодо. Улуттун унутта калчу институтун кайрадан жандантуу аракетинин артында кандай максат-мүдөөлөр башбактап турат? Ушул маселе боюнча “Азаттыкта" өткөн тегерек үстөл талкуусуна белгилүү коомдук-саясий ишмер Дастан Сарыгулов, Анарбек Усупбаев, жаш илимпоз Кубаныч Чороев катышты.

- Дастан мырза, мына ушул жаңы демилге, кыймыл дейбизби, кандай зарылдыктан чыкты?

Дастан Сарыгулов: - Элибиз менен өлкөбүздүн азыркы абалы жана ата-бабалардан бизге мурас болуп калган керемет тажрыйбаны айкалыштырып, бүгүнкү көйгөйлөрүбүзгө жол табабызбы, деген суроого жооп издөөдөн чыкты. Кыргыздын башкаруу тажрыйбасындагы ынтымак менен биримдикке таянып, ошол миң жылдар жок болбой сакталып келген тажрыйбаны иликтөөнү максат кылдык. Кечээки илимий жыйында мына ушул тажрыйбаны дагы терең изилдеп, калкыбызга жайылтуу бүгүнкү мезгил талабына шайкеш келет, деген корутундуга келдик.

- Анарбек мырза, сиздер алдыга сүрөп аткан ушул идеяны босогодон өткөрбөй эле жактырбагандар көп. “Уруучулдук феодалчылыкка алып барат, артка кайтууну түшүндүрөт”, деп сындагандар арбын. Идеянын жаңычылдыгы эмнесинде?

Анарбек Усупбаев: - Нечен кылымдар биз уруучулуктун негизинде улутубузду жоготпой келдик. Аны бизден Рим империясы да алган экен. Алар да кырк уруу, үч топко бөлүнүп, демократияны орнотуп башкарышкан. Бери дегенде 4 миң жыл ичинде биздин ата-бабалар уруулуктун негизинде өнүгүп келген. Кыргыз үч канатка бөлүнүп, ошонун негизинде демократиялуу мамлекетин куруп келген. Мына ушул үч канат менен мамлекет башкаруу орносо, ага эл төмөнтөн жогору карай катышса, чыныгы эл мамлекет башкарууга аралашмак.

Совет доорунда интернационалисттер бизди маңкуртукка алып келип, тарыхыбызды билбесин, ата-бабалардын тажрыйбасын билбесин деп кыргыз Өктөбүр революциясынан кийин эле пайда болгон эл, деген түшүнүктөр болуп келбедиби.

Мына эми ахывалыбыз оор, туңгуюкка капталып отурабыз. Мындан чыга турган ушул гана жол, башкасы жок. Тең салмак деп атпайбызбы. Мисалы, президент ичикиликтен болсо сот бийлиги сол канаттан, парламент жетекчиси оң канаттан болушу керек. Ар ким өзүнөн чыккан уруунун өкүлдөрүн тейлеп-тескеп, жаман жолго барбашын эл камсыз кылып, тарбиялайт.

- Кубаныч мырзага суроо, кан жагынан иликтей келгенде көп нерселер чыгат. Ал ичара күрөштөргө, кагылыштарга алып келбейби?

Кубаныч Чороев: - Акыркы беш жыл ичиндеги изилдөөлөрүмдү жыйынтыгын айта кетейин. Жакында орус генетиктеринин жыйынтыктарын алдым. АКШдагы “Соренсон” институту былтыр келип ДНКларды алып кетишкен. Ошол жыйынтыктарды орус генетиктери талдап жатышат. Менин кызыкчылыгым болсо кыргыз элинин урууларынын ортосундагы байланыштын кандайлыгы.

“Соренсон” боюнча кыргыздын атасы 650 – 700 жыл мурун жашаган. Бул кыргыздын монолиттүү, бирдиктүү калк экенинен баян берет. Ал эми азыркы жашап жаткан кыргыздардын көпчүлүк бөлүгүнүкү 1,5 миң жылдан барып бир атага кошулат. ДНК менен биздин санжырада айтылгандардын шайкеш келиши мени өтө таң калтырды. Бир атадан тараганыбызды билүү - кыргызды бириктирчү система, анан да ал анын идеологиясы деле болушу мүмкүн.

- Дастан ага, ошол таза кыргызга жолдон кошулуп, кыргыз болуп калган башка улуттардын, уруулардын өкүлдөрүнүн абалы уруулук башкарууда кандай болот?

Дастан Сарыгулов: -
Мамлекет өмүрү кыска, улуттун өмүрү узун болорун биздин бабалар мурдатан эле айтып келишкен. Улуттар жоюлуп, бирдиктүү Совет эли түзүлөт, деп келген КПСС өзү жок болду. Кыргыз бүгүн жашап жатат. 6 000 жылдык тарыхында кыргыз нечен жолу мамлекеттүүлүгүн жоготкон. Бул мыйзамченемдүү көрүнүш.

Жети атасын билген кыргыз, ынтымакка келген кыргыз, тилин-дилин жоготпогон кыргыз кайра баш кошуп мамлекеттүүлүгүн калыбына келтирген. Кыргыз санжырасы үчкө бөлүнөт: Оторкандын, Баласагындын, Долон бийден кийинки, 12-кылымдан кийинки деп. Негизинен биз бир ата, бир энеден тараганбыз. Ал эми кошулуп калган бөлөк улттардын өкүлдөрүнө келсек, алар ушул жерде төрөлсө, ата-бабасынын сөөгү ушул жерде жатса, ушул жерден бакыт тапса, алардын кыргыз менен тилеги бир болуш керек.

Кыргыз деген уруу жок. Бул 40 уруунун биримдиги. Кыргыз менен чогуу жашаган калктар бул жерди Мекеним десе биримдикке келишибиз керек. Биз канткенде биригебиз, саясий партия деп айылды алтыга, элибизди жетиге бөлүүнү качан токтотобуз? Ушул маселе.

Кечээ сол канаттын өкүлдөрү ынтымак тамакка келип сүйлөгөндөн кийин мен бул идеянын жайылышынан күмөн санабай калдым. Уруучулук өзүмчүлүктөн чыгып, бийик көтөрүлгөндө гана улут кызыкчылыгына иштейт. Малды теппей, жадесе кумурсканы тебелебей, айланып өткөн ата-бабаларыбыздын улуу күчү буга алып келет.

Бүгүн бул улуу чындыкка айланып баратат. Бизде ынтымак тамактары өтүүдө. Биз бири-бирибизди таанып, жаш өспүрүмдөргө үлгү көрсөтүп, тегиңди бил, тилиңди жоготпо, ынтымак-биримдикке келгин, ата-бабалардан калган ыйык мурасты сактап, билип жүргүн, кыргыз деген атыңа сыймыктанып жүргүн, деген улуу ишти баарыбыз макулдашып, атүгүл бир кишини ушул ишке бекитип койдук.

Кыргыздын 6 миң жылдык тарыхы, комуз менен ордону жараткан улуулугу илимий деңгээлде далилденген. Кыргыз өзүнүн эс-тутумун калыбына келтирип, ата-бабаларынын улуу мурасынын бийиктигине көтөрүлсө дейм. Жараткан бизге кен байлык, жер байлык, суу байлыкты кенен берген. Биздин тилек - ынтымак, биримдик.

- Анарбек мырза, ошондой биригүүнүн белгиси билиндиби?

Анарбек Усупбаев:
- Азыркы убакта түндүк-түштүк, оппозиция-позиция деген пайда болбодубу. Ушуларды жоюш үчүн уруучулукка барышыбыз керек. Ошондо бөлүнүүчүлүк балээсинен кутулабыз. Анан биз тынч мамлекет курабыз. Анан бул маселени мен 5 жыл мурун эле айткам. Азыркыдай 80-90 партиянын бизге кереги жок. Кыргызда партия болгон эмес. Оң канат, сол канат, ичкилик гана бар. Кыргызда жети атага чейин үйлөнгөн эмес. Азыр жаштарыбыз кайсы уруудан экенин, жети атасын билбей эле үйлөнүп, ортодон оорукчан балдар төрөлүп жатат.

Уруучулукту ортого койсок тарбиялык мааниси жогору болмок. Намыс пайда болот. С.Абрамзондун китебинде “кыргыз кызыл иттен тараган”, деген сөз жүрөт. Аны орус колониалдык бийлиги, кийин деле пайдаланып келишти. Ошол тарыхты балдарыбыз окуп атпайбы. 16-жылкы кыргын кандай болгонун билебиз го.

Биз ар бирибиздин уруубуздун санжырасын жазсак, деп чечтик. Колдон келсе ар бир уруу өзүнүн фондун түзүп, колунда жокторго жардам кылсак, дейбиз. Биз мамлекет жасабай жаткандарды жасайлы, деп жатабыз.

- Кубаныч мырза, ушул идея жаштарда кандай, колдоо таап кете алабы?

Кубаныч Чороев: -
Жаштар уруусу ким экенин билгени менен 7 атасынан өйдө жагын билбей калып жатат. Биздин чет жердеги патриот жаштар менен биргеликте Интернет портал түзөлү деп жатабыз. Анда жаштар өзүнүн уруусун таап, өзүн ага кошуп тура алат. Бул жаштар арасында таанымал портал болот деп эсептейм.

Анан уруулар жөнүндө, анын өкүлдөрү Кыргызстандын бардык аймактарына таралган. Уруулук кыргыздардын карым катышын өөрчүтүүгө чоң салым кошот деген ойдо калдым. Алдыда көп иштер турат. Эгер биз санжыраны сактап калсак, анда бизди санжыра сактайт.

- Урматтуу мырзалар, бүгүнкү талкууга катышып бергениңиздер үчүн чоң ырахмат!

XS
SM
MD
LG