Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:30

И. Исаков: Реформа үй-бүлөлүк бийликти күчөтөт


БЭКтин лидерлеринин бири, Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы И.Исаков азыркы реформанын багыты - үй-бүлөлүк бийликти күчөтүү, келечекте аны үй-бүлөсүнө калтырып кетүү аракети деп эсептейт.

- Исмаил мырза, президенттик реформа кызуу жүрүп жатат. Жалпы структуралык өзгөрүүлөрду кандай баалайсыз?

Коомчулукта ар түрдүү пикирлер бар. Ушул реформа жарыялангандан кийин, чындыгын айтып коюш керек, бир топ жакшы идеялар пайда болгон. Бирок бүгүнкү күндө мыйзамдарды бузуу, элдин добушун уурдоо жолу менен келген бийлик дагы эле биздин Баш мыйзамды тебелеп, тепсеп, ушул реформаны жасайм деп өзүнүн үй-бүлөлүк бийлигин күчөтүүгө жол ачып алды десек жаңылышпайбыз. Эмне себептен? Биринчи, каржы, өнүктүрүү, инновация маселелерди президент бүт өзүнө, президенттин жеке бийлигинин алдына алгандыгы. Экинчи, күч органдарын, ошолорду көзөмөлгө ала турган органдардын баардыгын өзүнүн карамагына алып алгандыгы бул өтө коркунучту алып келет. Мындай эч бир нормада жок. Аткаруу бийлик болгондон кийин ушулардын баардыгы өкмөт алдында болуш керек болчу. Андан башка жоопкерчилик жок болуп атат азыр президентте.

Себеби ошол аткарган иштер үчүн элге маалымат, отчет берип туруш керек. Алар дагы толугу менен болбой калат. Ошондуктан эмне кылышты үй-бүлөсү чечип калды. Андан башка төрт жыл төрт айдын ичинде бешинчи өкмөттү шайлап атат. Ошол шайлаган өкмөтү, кечээ Данияр Үсөнов айтып атат, биз бир гана экономика менен алек болобуз, калган маселе бизде жок деп. Демек адамдардын укугун, коопсуздугун сактоо өкмөттүн алдынан чыгып кетип атат. Буга кийин ким жооп берет? Бул дагы орчундуу маселе. Мына ошондуктан мен азыркы реформанын бир гана багыты бар, бул үй-бүлөлүк бийликти күчөтүп, келечекте ошол үй-бүлөсүнө калтырып кеткенге аракет жасаган иш деп айтаар элем.

- Конституцияда каралбаган Президенттик институттарга, аппарат, катчылык жана башка орундарга адамдар дайындалып, Конституциялык орган катары турган Мамлекеттик катчы жана Коопсуздук кеңештин катчысы кызматынан бошотулду. Бул мыйзам бузуубе же “акжолчу” депутат Ажибай Калмаматов айткандай кийинчиреек мыйзамдыштырып коюуга боло турган эле нерсеби?

- Башында айтпадымбы, азыркы бийлик Баш мыйзамды телбелеп-тепсеп кетип атат. Мына ошонун айкындыгын билдиргени болуп эсептелет. Себеби бүгүнкү күндө биздин Конституция өзгөргөн жок да, ал кызматтар турат. Мына ошол өзгөрмөйүн буларды бошотуп, же буларды жоготуу мүмкүн эмес эле. Жөнөкөй сөз менен айтканда мен каалагандай уурдай берейин, каалагандай өз билгенимди жасай берейин, кийин өзүмдүн кол алдымдагы парламент менен каалагандай ошого тууралап мыйзам чыгарып коем дегенге эле барабар болуп атпайбы.

- Сиз шайлоо алдында жарыялаган программаңызда өлкө үчүн кандай бийлик системасы ылайык болоорун да айтып, президенттик башкаруу системасын киргизүүнү, Мамлекеттик катчыга тышкы иштер министрлигин берүүнү, тергөө иштерин бөлүүнү жана каттоо функцияларын топтоону сунуштаган элеңиз. Сиздин программанын кайсы бир бөлүгү ишке ашып аткан жокпу?

Албетте мен башында айттым эле, дагы кайталап коеюн, биз жакшы идеялар бар экен, ошол идеяларга менин берген сунуштарым, былтыр ноябрда расмий түрдө кат жөнөткөм, андан кийин президенттик шайлоодо талапкерди койгондо өзүм программа жарыялагам. Ошондон бир топ нерселерди алышыптыр. Бирок ошону эгерде аягына чейин алганда, анда элдин колдоосунда болуп калышы ыктымал эле. Себеби президент ушундай система түзгөндө өзү аткаруу бийлигинин башында туруп, премьер-министрди жок кылып, мына ошондо иш алдыга чыгат эле, себеби жоопкерчилик өзүндө болот, баардык маселелерди өзү чечет эле жана аппараттар дагы, чиновниктер дагы азайып, жакшы жолго түшкөнгө шарт түзүлүп калат эле. Мына ошондуктан мен ойлойм, ошондой жолго бармайын, же болбосо бир гана Конституциянын кепили болуп, ички иштерге, экономикага, адам укугуна, коопсуздугуна кийлигишпегенде ошондо жакшы жолго барат элек. Эми жакшы өнүккөн өлкөлөрдүн эки гана жолу бар турбайбы, бул нак президенттик, ал өкмөт башчы жана мамлекеттин башчысы дагы, же парламенттик. Бизде азыр же тигиндей эмес, же мындай эмес, ортодо болуп калды да.

- Маегиңизге рахмат.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG