Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:31

Путиндин алдыдагы "белгисиз" алты жылы


Владимир Путин
Владимир Путин

7-майда Орусиянын президенти Владимир Путин жогорку кызматтагы дагы бир мөөнөткө кирүү үчүн ант берет. Марттагы шайлоонун жыйынтыгы алдын ала белгилүү болгону менен Путинди алдыда эмне күтөрүн так айтуу кыйын.

Бирок Украинадагы согушка көбүрөөк киши тартуу, урушту каржылоого көбүрөөк салык чогултуу зарыл болору, Кремлде кадрдык өзгөрүүлөр жүрөрү, НАТОго сес көрсөтүү жана диссиденттерди куугунтуктоо уланары анык.

Уруш уланууда

Украинага каршы кеңири согуш ачканына эки айдан ашканда орусиялык аскерлер алга жылып, февралда Авдеевка шаарын алууга жетишти. Батыштын баамында, орус тарап мынча аскер менен аскердик техникасын Экинчи дүйнөлүк согуштан бери жогото элек болчу: 320 миңден көп жоокер каза болду же жараат алды, миңдеген даана курал-жарак, танк, оор техника, аскердик система талкаланды.

Өлкөнүн өнөр жай тармагы курал жана техника чыгарууга басым жасоодо. Ал эми армияны толуктоо жагы алда канча кыйыныраак. Украинага басып киргенден жети ай өткөндө Путин 300 миң кишини куралдуу күчтөргө мобилизациялоону жарыялаган. Муну менен уруш жеңил-желпи болбосун моюнга алгансыды. Президенттин буйругу көп сандагы орусиялыкты чет жактарга чыгып кетүүгө түрттү.

Эксперттердин айтымында, орус бийлиги дагы бир мобилизацияны баштоого аргасыз болчудай.

“2024-жылы жоготуулар азыркыдай, акыркы бир нече айдагыдай көп болсо, анда Кремль согушка көбүрөөк аскерди салууга аргасыз болмокчу”, - деп айткан 14-мартта Европа саясатын анализдөө борборунун форумунда Тафтс университетиндеги Укук жана дипломатия мектебинин изилдөөчүсү Павел Лузин. Ал уланткандай, Кремлге “күчкө салып, мажбурлап” дагы бир мобилизация жүргүзүүгө же Украинага армияга жаңы алынгандарды көбүрөөк жөнөтүүгө туура келет. Эки вариант тең эл арасында популярдуу эмес.

Учурда 18-30 жаштагы эркектер армияда бир жыл кызмат өтөөгө тийиш. Бирок аларды чет өлкөлөргө же согуштук аракеттерге салууга мыйзам жол бербейт.

Көбүрөөк курал, азыраак нан

Орусиянын экономикасы согуштук өндүрүшкө ылайыкташтырылып өзгөртүлдү. Украинада талкаланган техниканын ордун толтуруу үчүн ири өнөр жай базасы курал чыгарууга ыңгайлаштырылды.

Уруштун эки жылында Кремль согуштук аракеттерге 30 трлн рублдан ашык (325 млрд доллар) каражат жумшады. Эксперттердин эсебинде, ички дүң өнүмдүн коргонуу жана коопсуздукка кетчү үлүшү 8 проценттен ашты.

Бул мамлекеттик чыгаша Батыштын санкцияларына туруштук берүүгө жардам берди. Быйыл орус экономикасы 2,6 процентке өсөрү күтүлүүдө.

Аскердик чыгымдарга каражат негизинен мунайдын эсебинен толукталып турган мамлекеттик казынадан кетет. Январда Финансы министрлиги быйыл мунай менен газ сатуудан 11,5 трлн рубль (125 млрд доллар) киреше түшөрүн, незиги кардарлар Кытай менен Индия болорун билдирген. Ошол эле маалда өкмөт запастарын түгөтүп койду. Статистика көрсөткөндөй, Улуттук бакубат фондунун жарымы 2023-жылдын этегине карай дээрлик коротулган.

Февралдагы кайрылуусунда Путин кирешени көбөйтүү жана байларга көбүрөөк жүк салуу максатында Салык кодекси өзгөртүлөрүн кыйыткан.

Путин бийлигин узартты. Дүйнөдө тиреш күчөйбү?
please wait

No media source currently available

0:00 0:44:45 0:00

Бийликтеги жүрүштөр

Путин жогорудагы кайрылуусунда жаңы улуттук элитаны түзүү тууралуу кеп кылган. Президент согушка катышкандар же согуштук аракеттерди колдогон адамдарга коомдо же өкмөттө артыкчылык берилүүгө тийиш экенин белгилеген.

Азыркы элита - Путиндин кеңешчилери, жакын чөйрөсүндөгү ишенимдүү адамдар, кубаттуу президент администрациясы, Михаил Мишустин жетектеген өкмөт салыштырмалуу стабилдүү топ болуп келди.

Бирок айрымдары улгайып баратат. Мисалы Башкы штабдын командачысы, Украинадагы согушту жетектеген генерал, 68 жаштагы Валерий Герасимов пенсия курагына жакындады. Федералдык коопсуздук кызматынын башчысы Александр Бортников 72 жашта. Анын ооруп жүргөнү айтылып келет.

Жазуучу жана эксперт Андрей Солдатовдун пикиринде, орус армиясы ички саясатта маанилүү роль ойной баштады.

Путин ошондой эле жаңы долбоорлорду сунуш кылды. Аларды көзөмөлдөө үчүн жаңы вице-премьердин кызматы түзүлүшү мүмкүн.

“Путин бийлик алмашуу же мураскери тууралуу айың кептердин алдын алуу үчүн бир топ жылдан бери жогорку аткаминерлер арасында ири кадрдык жүрүштөрдү жасабай келген. Эми болсо анын башка ири саясий оюнчуга ыйгарым берүүдөн башка тандоосу жок” – деп жазды саясий комментатор Андрей Перцев.

Чындап эле олуттуу өзгөрүүлөр болсо, анда президент админстрациянын көшөгө артындагы таасирдүү оюнчусу Сергей Кириенкого көз салып туруш керек. Дагы бир талапкер Путиндин мурдагы жансакчысы, Тула облусунун губернатору Алексей Дюмин.

Цивилизацияны жок кылуу

Путиндин өлкө ичиндеги популярдуулугу 2000-жылдары пайда болгон орто катмар жемишин көрүп келаткан бакубат турмушка, Борис Ельцинден кийин салмактуу лидер деген имиджге негизделет. Аны Орусияны кайрадан глобалдуу кубаттуу державага айлантууну көздөгөн күчтүү адам деп билишет. Ошондой аракеттерге Кремль мамлекетке реалдуу коркунуч деп эсептеген Батыш, НАТО, өзгөчө АКШ менен тиреш кирет.

Путин кастарын тиккен риторикага 2007-жылы эле өткөн. Ошондо АКШны нацисттик Үчүнчү рейхке салыштырган. Андай сөздөр 2018-жылкы президенттик шайлоодон бери жана Украинага кол салуу алдында күчөгөн.

Февралда парламентке кайрылуу жасаганда орус президенти ядролук арсенал менен мактанып, Батыш мамлекеттери согушка аралаша турган болсо, андай куралды колдонорун айтып коркуткан. Бул “өзөктүк курал колдонулган жаңжалга алып келип, цивилизация жок болот”, – деген Путин.

Мамлекет башчынын инаугурациясын утурлай Коргоо министрлиги тактикалык атомдук курал пайдаланууну имитация кылган машыгуу өтөрүн жарыялады. Мекеме аны Батыштагы расмий адамдардын “чагымчыл билдирүүлөрүнө жана коркутууларына” жооп деп атады.

Аналитиктер Путиндин мурасы Украинадагы согуштун кандай аяктарына көз каранды болорун белгилешет. Толук жеңиш болбосо да, ал утканын жарыялоого өбөлгө түзө турган башка бир жыйынтыкты көздөйт.

Бул жагдай жана Батыштын Украинаны басып алууга жол бербөө аракеттери Кремлдин кожоюнунун кас риторикасы токтобойт дегенге жатат.

Путин: Жигердүү лидерден Гаага сотуна чейинки 24 жыл
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:26 0:00

Башкача көз карашка орун жок

Кеминде 2012-жылдан бери, Путин өкмөт башчылыктан кайрадан президенттик кызматка кайтып келгенден тарта бийлик жарандык коомго, эркин медиага, бейөкмөт уюмдарга, укук коргоочуларга басым-кысымын күчөттү.

Украинадагы согуш мамлекет бардык чөйрөнү көзөмөлдөгөн саясатка өтүүнү ого бетер ыкчамдатты: урушка каршы чыккандар же ага күмөн санагандар кылмыш жообуна тартылууда.

Февралда оппозиция оор жоготууга учурады. Коррупцияга каршы жигердүү күрөшүп келген Алексей Навальный абакта каза болду. Аны акыркы сапарга узатып, таазим кылгандар эми полициянын бутасына алынды.

Сыягы Путиндин 5-мөөнөтүндө бийликтин көз карашына макул эместерди репрессиялоо күчөйт. Кремль коркуп калган коом үн катпай калат же апатия болот деп үмүттөнөт.

"Эркин Европа/Азаттык радиосунун журналисти Майк Эккелдин макаласынын негизинде даярдалган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG