Орусиянын армиясынын катарында Украинада согушуп жаткан кыргызстандыктардын саны 1,5 миңге жакындаганы тууралуу маалымат бар. Украинанын “Хочу жить” долбоору учурда Кыргызстандын 10 жараны Украинада туткунда отурганын жарыялады. “Азаттык” согушта дайынсыз болгондордун жакындары менен сүйлөштү.
Дүйшөмбүгө караган түнү Орусиянын армиясы Украинанын борбору Киевге кайра сокку урду. Шаар бийлиги маалымдагандай чабуулдан 11 кишинин өмүрү кыйылып, ондогон адам түрдүү жараат алды.
Түндүк Американын үч өлкөсүндө өтүп жаткан футбол боюнча дүйнө чемпионатынын чейрек финалчылары аныктала баштады. Чемпионаттын башында эле негизги фаворит катары айтылган Англия менен Франция ишенимдүү алдыга жылууда.
АКШнын Жогорку соту президент Дональд Трамптын Америка жергесинде төрөлгөндөргө жарандык берүүнү чектеген буйругун жокко чыгарды. Ошол эле маалда иммиграцияга байланышкан башка чечимдер өкмөттүн пайдасына чыкты. Ал арада федералдык бийлик мыйзамдуу мигранттарга талаптарды күчөтүүдө.
Быйыл Борбор Азияда жаан-чачын мурдагыдан көп болушу ыктымал. Дүйнөлүк метеорологиялык уюмдун адистери муну Тынч океанда кайрадан күчөп аткан Эль-Ниньо кубулушу менен түшүндүрөт. Акыркы апталарда дүйнөнүн бир катар аймактарында аба ырайы кескин өзгөрдү.
Төрт ай мурун өлтүрүлгөн Ирандын маркум жогорку лидери Аятолла Али Хаменеинин сөөгүн жерге берүү зыйнаты башталды. Коштошуу аземи беш күнгө созулат. Өлкөнү 37 жыл башкарган Хаменеиге ирандыктардын мамилеси ар кандай. Анын бийлиги маалында миңдеген адам репрессияга кабылган.
“75чилердин каты” боюнча чыккан сот өкүму коомчулукта бир катар суроолорду жаратууда. Иранда өлкөнү дээрлик кырк жыл башкарган жогорку лидер Аятолла Али Хаменеи менен коштошуу зыйнаты башталды. Кыргызстанда 1-июлдан тартып лицензиясы жок такси кызматын көрсөткөндөргө айып салына баштады.
Орусиянын жоготуулары Украинаныкына караганда жогору. Киев басып алынган жерлерин кайра кайтарууда.
Жумгалбек Шабданбеков Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы кызматынан алынды. “Ынтымак Ордо” соңку кадрдык жүрүштүн себебин түшүндүргөн жок. Орусияда бензин кризиси тереңдеп баратат.
Орусиянын аскерлери өткөн түнү Киевге катуу сокку урду.
Орусиядагы бензин кризиси тереңдеп, кулач жайууда. Күйүүчү майдын тартыштыгы Сибирге чейин жетти. Кээ бир жерлерде өрт өчүрүүчүлөр менен тез жардам машинелерине бензин менен дизел жетпей жатканы кабарланууда.
Лукашенко Путин менен жолуккандан кийин эмне үчүн Кытайга барды?
Дагы жүктөңүз