Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:49

Прокуратура Касымовдун ишин кайра козгоду


Тойчубек Касымов Кыргызстан Интерпол аркылуу издеткен адамдардын арасында бар.
Тойчубек Касымов Кыргызстан Интерпол аркылуу издеткен адамдардын арасында бар.

Прокуратура органдары мурдагы президент Аскар Акаевдин администрация башчысы Тойчубек Касымовго козголгон мурда кылмыш иштин жоголушун иликтеп жатат.

Тойчубек Касымовго издөө жарыялоо тууралуу милициядагы документтер да табылбай жатканы белгилүү болду. Архивде жок делген кылмыш иши 2007-жылы козголгон жана анда Касымов 2004-жылы президенттин иш башкармалыгына караштуу жерди тууганына берип койгон деп айыпталган. Аскар Акаевдин бийлигинин тушунда таасирдүү саясий фигуралардын бири болгон Касымовго мындан башка дагы фактылар боюнча айып тагылганы, кылмыш иштер козголгону маалым.

Касымов 2005-жылкы март ыңкылабынан бери кайда экени так белгисиз жана ошондон бери үн катып, өзүнө байланыштуу дооматтар боюнча ак же көк дей элек.

Кыргызстандын прокуратура органдары өткөн айда саламаттыкты сактоо жайларына таандык жерлердин берилишинин, сатылышынын мыйзамдуулугун текшерген.

Башкы прокуратуранын маалымат кызматынын өкүлү Алмамбет Абдраманов 2004-жылы президенттин иш башкармалыгына караштуу Дарылоо - ден соолукту чыңдоо бирикмесинин Бишкектин чок ортосундагы 0,6 гектар жеринин берилиши боюнча 2007-жылы козголгон кылмыш иши райондук милициянын архивинде жок экени аныкталганын "Азаттыкка" айтты:

- 2004-жылы ошол кездеги президенттин администрация жетекчиси Бишкек шаарындагы Токтогул - Панфилов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан президенттин иш башкармалыгынын Дарылоо-ден соолукту чыңдоо уюмуна (атайын оорукана - ред.) караштуу 0,6 гектар жер тилкесин тууганына берүү тууралуу Бишкек шаарынын мэриясына мыйзамсыз тапшырма берген. Кийин ошол мыйзамсыз берилген жер участогуна жеке ишкер тарабынан алты кабат имарат тургузулган. Бул факт боюнча 2007-жылдын 15-мартында Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук Ички иштер бөлүмү тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголгон. Айыпталуучунун турган жери аныкталбагандыгына байланыштуу тергөө токтотулган.

Касымовго козголгон кылмыш иштин жоголушу боюнча Бишкектеги Биринчи Май райондук прокуратурасы 19-апрелде кылмыш ишин козгоду. Ишти тергеп-иликтөө Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматына берилди. Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмүндөгү Касымовго издөө жарыялоо боюнча документтердин табылбай жатканы боюнча кызматтык иликтөө башталды.

Мал догдурлуктан башталган жол

Тойчубек Касымов 1970-жылы Константин Скрябин атындагы айыл чарба институтун аяктаган, кесиби боюнча ветеринар. Советтер Союзунун тушунда негизинен Чүй жана Талас облустарында иштеген.

Ал эмгек жолун катардагы мал догдурдан баштаган жана совхоздун башкы ветеринардык дарыгери, мал ылаңы боюнча райондук станциянын башчысы, совхоз директору, райондук айыл чарба башкармалыгынын башчысы, райондук аткаруу комитеттин төрагасы, облустук ветеринардык борбордун жетекчиси өңдүү кызматтарды аркалаган.

Касымов Аскар Акаев президент болуп турганда 1992-2004-жылдары Талас, Ысык-Көл жана Чүй облустарында губернатор болгон. 2004-жылдын февраль айында президенттик аппараттын башчысы болуп дайындалган жана бул кызматта март ыңкылабына чейин турган. Анын жогорку кызматтарга жеткен ийгилигинин сырын Аскар Акаевдин жубайы Майрам Акаеванын классташы экени менен байланыштыргандар болгон.

"Азаттык" Тойчубек Касымовду жакындан билген, чогуу иштеген, бир чөйрөдө жүргөн деген бир катар адамдар менен байланышты. Бир топтору комментарий берүүдөн сылык-сыпаа баш тартты. Күйөө баласы, Мамлекеттик каттоо кызматынын иштен убактылуу четтетилген жетекчиси Тайырбек Сарпашев дагы кандайдыр бир комментарий берүүдөн баш тартып, кайнатасы кайда экенин билбесин айтты.

Кемел Ашыралиев
Кемел Ашыралиев

Коомдук ишмер Кемелбек Ашыралиев Касымовду Чүйдөгү "Шамсы" совхозуна директор болуп турган маалдан бери тааный турганын айтып берди. Ал 1990-жылдары алгач Нарын облусунда губернатор, кийин Ысык-Көлдө токой чарбасын жетектеп турганда чогуу иштешкенин, Касымовдун кыял-жоругу кийин түп-тамырынан бери өзгөрүп кеткенин да эстеди:

- Чет мамлекеттерге чыкканда, жыйналыштарда чогуу болуп жүрдүк. Кийин ал Ысык-Көл облусуна губернатор болуп турганда Нарын менен Ысык-Көл облустарынын токой чарбасы бириктирилип, мен аны жетектеп, кеңсем Ысык-Көлдө болуп калды. Ошондо Чолпон-Ата менен Алматынын ортосунда жол салам деп облустагы болгон техниканын баарын талкалады. Облустагы мамлекеттик мекемелердин баарынын жетекчилерине акча алып келгиле, керек болсо маянаңардан өйдө чогулткула деп акча чогултуп, аябай чыгым кылышты. Эл арасында Майрам Акаева менен чогуу окуптур деген сөздөр болчу. Кызматтан кызматка көтөрүлүп жүрдү. Айрыкча Чүйгө губернатор болуп турганда, президенттик администрацияны жетектеп турганда жолугуп калчубуз.

Касымов Чүй облусунун губернатору болуп турганда 2002-жылдын этегинде Кыргыз эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун ордуна "Адилет" партиясынын төрагасы болуп шайланган. Бул партияга ошол кезде Апас Жумагулов, Алтай Бөрүбаев, Кубанычбек Жумалиев, Марат Султанов мүчө болгон.

"Адилет" партиясы 2000-жылдагы парламенттик шайлоонун алдында бийлик өкүлдөрүнүн демилгеси менен түзүлүп, 60 миңден ашуун мүчөсү бар деген маалыматтар айтылган. Аскар Акаев кетсе анын ордуна президенттикке ат салышат дегендердин катарында Тойчубек Касымовдун дагы аты аталып жүргөн.

"Акаевдин эң жакын адамы болчу"

2005-жылдын башында парламенттик шайлоого Тойчубек Касымовдун уулу Нурдин Касымов менен күйөө баласы Тайырбек Сарпашев катышкан. Сарпашев Токтогул шайлоо округунан Мыйзам чыгаруу палатасына депутат болгон. Ошол аймакта буга байланыштуу нааразылык чыккан жана анда шайлоого анын таасирлүү кызматта отурган кайнатасы кийлигишти деген дооматтар айтылган. Сарпашев болсо бул анын жеке ийгилиги экенин, кайнатасына таянбай турганын, бул жагдайды анын саясий атаандаштары атайылап пайдаланып жатканын айтып чыккан.

Токтайым Үмөталиева
Токтайым Үмөталиева

​Аскар Акаевдин тушунда жогорку бийликке жакын чөйрөдө жүргөн укук коргоочу Токтайым Үмөталиева экс-президенттин бийликтен кулашына Тойчубек Касымов себепкер деп эсептейт:

- Март ыңкылабына эки-үч ай калганда Аскар Акаевге Касымовдон башка кишиге киргенге уруксат жок болчу. Керек болсо үй-бүлөсү да кире албай калган. Аскар Акаевдин көзү да, кулагы да Тойчубек Касымович болуп калган. Ал Акаевдин тагдырына балта чапкан. Акыркы күндөрү Акаев менен эле теңтайлашкан, билинбеген падыша болуп калган. Мен 2005-жылы шайлоого катышкам. Ошондо куугунтукка кабылгам. Эптеп жол таап 18-февралда Аскар Акаевдин кабыл алуусунда болгом. Ошондо бул кишинин кээ бир ката иштери тууралуу Аскар Акаевге айткам. "Кызыңыздын партиясы менен Тойчубек Касымовдун партиясы карама-каршы келип калды, эл, бийлик экиге бөлүнүп жатат, кокус абал өзгөрүп төңкөрүш болсо эмне болот?" десем, Аскар Акаев "эми буюрганын көрөбүз да" деп койгон.

Аскар Акаевдин тушунда мамлекеттик катчы кызматта турган Осмонакун Ибраимов Касымов менен чогуу иштеген, бир дасторкондон нечен даам таткан адамдардын бири. Ал Касымовго жана ага байланышкан соңку жагдай тууралуу төмөнкүчө комментарий берди:

- Эми эл сыяктуу эле иштеп жүргөн киши болчу. Кимде кемчилик жок, анда да бир кишиге жете турган мүнөз бар эле, бирок иштермандыгы, ишине тыкандыгы, айткан сөзгө бекем турган жигиттик жагы бар болчу. Ушу кишинин көп жылдан бери издөөдө болуп, эл аралап чыга албай жүргөнү, чынын айтсам, абдан өкүнүчтүү. Андан эки эсе эмес, он эсе ката кетиргендер, тойгуча жеп-ичкендер дардалактап көчөдө жүрөт, бирок Тойчубек аганын ушунча убакыттан бери жашырынып жүргөнүнө адам катары боорум ооруйт. Угушума караганда ага коюлган айып деле майда-барат эле нерсе экен. Бир үйдү менчиктештирип алган имиш, бирок акчасын кайрып бериптир. Чолпон-Атадан Алматыга туура эмес жол курган имиш. Ал эмес, Кумтөрдү “баалуу кагазга” сатып ийген чиновниктерге деле козголгон ишти «мөөнөтү өтүп кеткен экен» деп жаап ташташты эле го.

Касымов президенттик администрациянын жетекчиси кызматынан 2005-жылы бийлик алмашкандан кийин дароо эле бошотулган. Көп өтпөй губернатор кезинде менчиктештирип алган үйү мамлекетке кайтарылганы маалым болгон.

Башкы прокурордун милдетин аткарууга дайындалган Азимбек Бекназаров 100 күндүк программа жарыялап, мурунку бийликтин тушундагы мыйзамсыз иштерди ашкерелей баштаганда Касымовго байланыштуу да бир топ фактылар айтылган. Тактап айтканда, Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районундагы Көк-Жар айылына таандык 60 гектар жердин Касымовдун жакын туугандарына берилиши боюнча кылмыш иши козголгон.

Март ыңкылабынан туура бир жылдан кийин Тойчубек Касымовго издөө жарыяланган. Ага Чолпон-Ата - Алматы жолун куруу үчүн берилген акчаны өз кызыкчылыгына жумшаган деген айып тагылган. Мамлекетке келтирилген зыян беш миллион сомго жакын деп эсептелген. Андан сырткары аялына катталган үйдү эки жарым миллион сомго президенттин иш башкармалыгына сатып жиберген деген маалымат болгон.

Учурда жашы 70тен ашып калган Тойчубек Касымов Кыргызстан Интерпол аркылуу издеткен адамдардын да арасында бар экени маалым.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG