Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:16

“Бир Болдогу” жалгыз аял депутат мандатын тапшырат


Чолпон Жакупова ЖКнын депутаты болгонго чейин "Адилет" укуктук клиникасын коомдук фондду жетектечү
Чолпон Жакупова ЖКнын депутаты болгонго чейин "Адилет" укуктук клиникасын коомдук фондду жетектечү

Жогорку Кеңештеги “Бир Бол” фракциясынын депутаты Чолпон Жакупова 1-январда мандатын тапшырарын жарыялады.

Депутат Баш мыйзамды өзгөртүүгө ачык каршы чыккан саясатчылардын бири жана референдум менен Конституция өзгөрө турган болсо парламенттен кетерин эскерткен.

Социалдык тармактарда Жакупованын мандатын тапшырбоосун өтүнүп ондогон адам ачык кайрылуу жөнөттү.

Мунун алдында Социал-демократтар фракциясынын депутаттары Элвира Сурабалдиева менен Евгения Строковага таандык деген, Жакупованын парламенттен кетишин табалаган мазмундагы сөздөр жазылган WhatsApp сүйлөшүүсүнүн сүрөтү жарыяланып кеткен эле​

Шайлоонун күтүүсүз жыйынтыктары

Шайлоонун күтүүсүз жыйынтыктары

Кыргызстанда Бишкек баштаган 22 шаардык кеңешке келчү партиялар белгилүү болуп калды.

Чолпон Жакупова депутаттык мандатын тапшыргандан кийин эмне менен алектенерин, парламентке келгенге чейинки иштерин улантар же улантпасын айта элек. Жогорку Кеңештен кетип жатканы тууралуу кененирээк айтып берүүнү каалабасын, муну бул темада сүйлөгөндөн чарчаганы менен түшүндүрдү.

Жакупова боюнча “Бир Бол” фракциясы жана анын лидери Алтынбек Сулайманов дагы үн катпай турат. Бул фракциянын депутаты Кубанычбек Жумалиев аталган маселенин ич ара талкуулана электигин билдирди. Жакупова бул фракциядагы жалгыз аял депутат болчу.

Анткен менен Жакупованын парламенттен кетип жатканына өкүнгөндөр көп. “Ата Мекен” фракциясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев муну парламенттик демократия үчүн жоготуу деп баалады:

- Чолпон Жакупова парламентарий катары элге, өлкөгө пайдасы көп тиймек. Мыкты, ишбилги юрист гана эле эмес, активдүү позициясы бар атуул. Ал парламентте таасир берип, кабыл алынган чечимдердин сапаттуу болушуна салым кошуп келе жаткан. Жакупова президенттин, парламенттеги депутаттардын көпчүлүгүнүн туура эмес чечимине нааразы болуп, каршылык билдирип кетип жатканын бир чети арга кеткендеги аракет катары бааласак, экинчиден, мен үчүн анын кетип жатканы абдан өкүнүчтүү. Мындай ишбилги адис парламентте керек эле. Кыргызстанга пайдалуу иштерди жасамак.

Социалдык тармактарда Чолпон Жакупованын мандатын тапшырбоосун өтүнгөн ачык кайрылуулар болгон. Коомдук ишмер Эдил Байсалов анын кетишин парламенттен аял депутаттарды ар кандай айла-амал менен мөөнөтүнөн мурда кетирүү көрүнүшү менен байланыштырды. Коомчулуктун колдоосун алып келген депутаттын кайрылууларга карабай кетип жатканын сынга да алды:

- Чолпон Жакупованын “Бир Бол” партиясынын тизмеси менен былтыркы парламенттик шайлоого барганы мага эле эмес, аны таанып-билген адамдардын баарына эле күтүүсүз болгон. Принципиалдуу, чынчыл болсо чынында бул партияны тандабашы керек эле. Анын кетип жатканы ошол эле “Бир Бол” фракциясындагы Лунара Мамытова, дагы беш-алты аял депутаттардын мөөнөтүнөн эрте кетип калганына эле окшошуп жатат. Элдин добушуна, колдоосуна ээ болуп Жогорку Кеңешке барган депутат элдин кызыкчылыгын, таламын талашып иштеши керек. Кетип калуу оңой жана мен муну "дезертирдикке" эле барабар деп айтам. “Чолпон Идиновна, кетпеңиз, мандатыңызды тапшырбаңыз, бизге керексиз, элдин, коомдун кызыкчылыгын, таламын талаша турган жерден талашыңыз, сизге биз ушундай милдет жүктөйбүз” деп миңдеген адамдар кайрылганына карабастан кетип жатканы мага жаккан жок.

Эдил Байсалов.
Эдил Байсалов.

Референдумдун алдында Чолпон Жакупованын кетишине байланыштуу чуулуу окуя да катталган эле. Интернетке парламенттеги Социал-демократтар фракциясынын депутаттары Элвира Сурабалдиева менен Евгения Строкованын сүйлөшүүлөрү делген, референдум өтсө, Жакупаванын Жогорку Кеңештен кетерин табалап-келеке кылган мазмундагы сөздөр жазылган WhatsApp сүйлөшүүсүнүн сүрөтү жарыяланган. Бул окуя парламенттеги аял депутаттардын тилектештиги тууралуу талкуу да жараткан.

Социал-демократтар фракциясынын дагы бир депутаты Айнуру Алтыбаева чуулуу сүйлөшүүнү ошол аты аталган депутаттардын жеке иши деп баа берди. Аял депутаттардын азайышы кайсы бир мыйзам долбоорлорду кабыл алууга кедергисин тийгизерин билдирди:

- Бул сүйлөшүү жеке, өз ара мамиленин маселеси. Биз ага кийлигишип, комментарий бергенибиз туура эмес, этикага да жатпайт. Чолпон Жакупова кетем деп өзү чечим кабыл алды. Чолпон Идиновна жана башка аял кесиптештерим кетип жатканда ичим ачышкан чынында. Анткени биз ансыз деле азпыз. Биз аз болсо кайсы бир социалдык, балдар маселесине байланышкан мыйзам долбоорлорду парламентте өткөрүү абдан кыйын. Бул менин башымдан өткөн.

Айнуру Алтыбаева.
Айнуру Алтыбаева.

Кыргыз парламентинде каршылык иретинде мандатын эрте тапшырып кетип калган учурлар болгон. Мурдагы чакырылышта “Ата Мекен” фракциясынын депутаты маркум Эркин Алымбеков өкмөттүн Кумтөр боюнча чечимине нааразы болуп парламенттен кетип калган эле.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG