Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:38

БШК добуш сатып алгандар менен күрөшөт


Шайлоо, 4-октябрь, 2015-жыл. Бишкек
Шайлоо, 4-октябрь, 2015-жыл. Бишкек

БШК төрагасы Туйгуналы Абдраимов добуш сатып алгандарга жазаны күчөтүү боюнча мыйзам долбоору күзүндө Жогорку Кеңешке жөнөтүлөрүн “Азаттыкка” билдирди.

17-июнда Бишкекте шайлоо өнөктүгүнүн тажрыйбалары жана жаңы технологияларды колдонуу маселелери боюнча эл аралык жыйын өттү. Анда былтыркы парламенттик шайлоо алгачкы жолу биометрикалык каттоо менен өткөнү, электрондук үкөк колдонулганы эң башкы жетишкендик катары белгиленди. Ошол эле учурда добуш сатып алуу өңдүү ыплас ыкмалар да орун алганы айтылды.

Көз карандысыз байкоочулар былтыркы парламенттик жана андан кийинки жергиликтүү кеңештерге шайлоолордо мурдагыдай бюллетендерди таңгактап салуу, жоон топ адамды айлантып добуш бердиртүү өңдүү ыплас ыкмалар колдонулбай калганы менен добуш сатып алуу кеңири жайылганын айтып чыгышкан.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Туйгунаалы Абдраимов “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып добуш сатып алгандарга жаза катаалдай турганын айтты:

Туйгуналы Абдраимов
Туйгуналы Абдраимов

- Биз аймактык комиссиянын ичиндеги мыйзам бузууларды негизинен токтоттук. Азыр участок сыртындагы мыйзам бузуулар калды. Добуш сатып алуу чынында эле көп жерде болду, аны элдин баары көрдү. Биз кышка чейин Жогорку Кеңешке мыйзам киргизебиз. Анда эгер добуш сатып алуу болгонун далилдесек, ошол партияны же талапкерди тизмеден чыгарып коё алгыдай болобуз. Азыркы мыйзам менен мындай кылуу өтө кыйын.

Жогорку Кеңештеги “Республика Ата-Журт” фракциясынын депутаты Курманкул Зулушев добуш сатып алуу өнөкөткө айланып баратканын белгиледи:

- Добуш сатып алуу укмуш болду. Буга Ош шаардык кеңешке шайлоо далил. Добуш сатып алууларды тыюу боюнча бир топ иштер жасалышы керек. Андан сырткары шайлоочулардын аң-сезими, түшүнүгү жогору болушу зарыл. Талапкерлер өздөрү ойлонушу керек. Бул чоң маселеге айланып калды.

Анткен менен мыйзам чыгаруучулардын өзүнө доомат айтылып келет. “Таза шайлоо” бирикмесинин жетекчиси Айнура Усупбаеванын баамында, шайлоого катышкан партиялар добуш топтоонун жеңил-желпи жолуна түшүп алды. Мындан улам таза шайлоо өткөрүү демилгелери кээде парламенттин өзүндө колдоо таппай калууда:

Добуш саноо, Бишкек
Добуш саноо, Бишкек

- Мыйзамды өзгөртүү боюнча демилгелер оңой-олтоң эле колдоо таппай жатат. Айрым депутаттар өздөрүнө кандайдыр бир жеңилдиктерди эмитен эле, алдын ала даярдашууда. Биз, адистер кемчиликтерди жоюу боюнча бир катар сунуштарыбызды берип жатабыз. Мисалы ошол эле тизмени түзүп жатканда негизги принципти колдонбой жатышат. Булар эптеп парламентке келип алалы, беш жыл отуруп туралы деген ой менен келүүдө. Мындай принциптин артында акча турат. Эгерде ар бир партия өзүнүн электораты менен так шайлоонун алдында эмес, жок дегенде анын алдында эки-үч жылдай иштесе, өзүн көрсөтсө эл аларды акчасы жок эле шайламак да. Бирок бул көп убакытты алат, татаал, айрым учурда жыйынтык да чыкпай калышы мүмкүн. Ошондуктан булар эң кыска, буга чейин текшерилген, жеңил-желпи жолду тандап жатышат. Бул туура эмес. Мындай учурда партия өсүп-өнүкпөйт. Ошондуктан булар аң-сезимин өзгөртүшү керек. Алардан кийин шайлоочулар ойлоно баштайт. Анткени азыр тандоо деле жок болуп жатпайбы. Биздин шайлоочулар дагы акча алайын, мүмкүн болсо он партиядан тең алайын деген абалга жетип калышты.

Бишкекте 17-июнда шайлоо өнөктүгүнүн тажрыйбаларын жана андагы жаңы технологияларды колдонуу маселелерин талдаган эл аралык жыйын өттү. Анда Күнкорсуз мамлекеттер шериктештигинин парламенттер ассамблеясынын баш катчысы Алексей Сергеев биометрикалык каттоо менен биринчилерден болуп шайлоо өткөргөнү аймактагы башка мамлекеттерге үлгү болгонун белгиледи:

- Былтыр 4-октябрда жаңы технологияларды колдонуу менен кынтыксыз өткөрүлгөн шайлоо бизди, эл аралык байкоочуларды таң калтырды. Бишкектин бул жаатта айта турганы да, көрсөтө турганы да бар. Биз бүгүн Кыргызстан ошол чек менен эле токтоп калбай, алдыга жылууга умтулуп жатканын көрдүк.

Партиялар эң кыска, буга чейин текшерилген, жеңил-желпи жолду тандап жатышат. Бул туура эмес. Мындай учурда партия өсүп-өнүкпөйт. Шайлоочулар да акча алайын, мүмкүн болсо он партиядан тең алайын деген абалга жетип калышты.
Айнура Усупбаева

Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков таза шайлоого карай жол татаал болгонун айтып өттү:

- Технологиялык саамалыктар колдонулган былтыркы парламенттик шайлоодон бери анын жыйынтыктары ар кандай жагдайларда активдүү талкууланып келе жатат. Биз муну менен эле токтоп калбашыбыз керектигин билебиз. Алдыда бизди мындан да олуттуу 2017-жылдагы президенттик шайлоо өңдүү сыноо күтүп турат. Азыр президент да, Жогорку Кеңеш жана өкмөт да ал шайлоону таза, эркин өткөргөнгө, бийликтин тынч, Конституциянын негизинде алмашуусуна аракет кылып жатат. Өлкөдөгү узак мөөнөттөгү саясий абал ушул шайлоонун ийгилигине көз каранды. Биз эл аралык өнөктөштөрдөн мындан ары да колдоо күтөбүз.

Кыргызстанда быйыл күздө дээрлик көпчүлүк региондордо жергиликтүү кеңештерге шайлоо өтөт. Эмдиги жылы күзүндө жаңы президент шайланмакчы.

XS
SM
MD
LG