Парламенттин КСДП фракциясынын өкүлү өкмөт мүчөлөрүнүн жекече жоопкерчилигин жогорулатуу демилгесин көтөрдү. Буга чейин парламентте айрым министрлердин ээлеген кызмат ордуна шайкештигин кароо маселеси көтөрүлгөн эле. Өкмөт башчысынын аппаратынан азырынча аткаруу бийлигинин айрым мүчөлөрүн алмаштырууга зарылдык жок экенин ырасташты.
Так талаптын жоктугу
Буга чейин парламентте билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият министрлеринин ишмердигине баа берүү маселеси көтөрүлгөн болчу. Мындан башка курулуш жана архитектура мамлекеттик агенттигинин башчысынын ишинин натыйжасын карап чыгуу жагы сунушталган болчу. Айрым депутаттар учурда Айыл чарба министрлиги сыяктуу пайдасы жок мамлекеттик башкаруу органдарын жоюп салуу демилгесин көтөрүп жиберишкен эле. Бирок өкмөт курамындагы айрым кадрдык өзгөртүүлөр маселеси ички иштер министри кызматынан кеткенден кийин эле токтоп калгандай болду.
Анткен менен парламенттин КСДП фракциясынан депутат Абдувахап Нурбаев ар бир өкмөт мүчөсүнүн жекече ишмердигин карап, баа берүүгө убакыт келгенин белгиледи:
- Эң башкы карала турган критерий бул – мына ошол жетекчи тармакта кандай натыйжалуу жаңылык киргизе алганын аныктоо. Ошол жакта өсүп-өнүгүү байкалабы же жокпу деген реалдуу көрсөткүч болушу шарт. Ар бир министрликте реформаларды жүргүзүүдө кандай жылыштар бар экени жана заман талабына жараша иш алынып барып жатканы каралышы керек. Өкмөттүн ичинде мына ошондой баалоо критерийлери болсо жакшы болот эле. Анан айрым министрлер мына ошол так талаптарды көрүп, ага жетише албаган болсо, өздөрү эле уялып кетип кала тургандай жагдай түзүлсө дегенбиз. Бизде парламентте өкмөттүк саатта айтылган сын-пикирлерден бир жыйынтык чыкпаса, ал боюнча тиешелүү жетекчилердин жоопкерчилигин карайбыз.
Министрлерди кызматтан кетирген "имиштер"
Буга чейин парламенттеги өздүк булактар билим берүү жана илим министри Элвира Сариеванын, маданият жана маалымат министри Алтынбек Максутовдун, саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиевдин жана айыл чарба министри Турдуназир Бекбоевдин кызматтан кетиши мүмкүн экенин белгилешкен болчу. Бирок билим берүү министри Элвира Сариева Facebook баракчасына коррупциялык схемаларды сактап калгысы келгендер анын кызматтан кетүүсүнө кызыкдар болуп, ушак таратканын жазып чыкты.
Агай улай министр айым эгер расмий маалымат чыкса, өз ыктыярым менен кеттим деп комментарий берерин билдирди. Ага удаа эле КСДП фракциясынын башчысы Иса Өмүркулов учурда министр Сариеваны кызматтан алуу маселеси жоктугун айтып, атайын билдирүү жасаган.
Сариева өзүнүн маалымдамасында президент тарабынан тармакты реформалоону улантуу тапшырмасы коюлганын белгилеген болчу. Анын Facebook баракчасына айрым интернет колдонуучулар "деги бул тармакта реформа өзү башталды беле" деген сыяктуу суроолорду калтырышкан. Эксперт Сабыр Арстанов бул жагдай боюнча мындай дейт:
- Билим берүү тармагын жетектеген адамдардын иш тажрыйбасынын аздыгы жана жөндөмүнүн төмөндүгү андагы көйгөйлөрдү чечүүгө тоскоол болуп жаткандай. Сариеваны көпчүлүк адамдар билим берүү тармагында иштеген эмес, мектеп менен окуу жайдын көйгөйлөрүн жана аларды чечүү жолдорун билбейт деп сынга алышат. Чынында эле анын иш тажрыйбасы жетиштүү болсо, анда ал өзү жетектеп жаткан тармакты мыкты түшүнөт эле да. Министр Сариева бир нерсени өзгөртөм деп аракеттенип жатат. Бирок негизги иш багыты анын формага гана арналып, анын маани-маңызын өзгөртө албай жатат. Ошондуктан иштин жыйынтыгы көрүнбөй турат.
Электен өткөрүүнүн кезеги келе элекпи?
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков ант берүү учурунда айрым өкмөт мүчөлөрүнүн ишмердигин карап чыгып, анын жыйынтыгына жараша кээ бир министрлер менен кош айтышууга туура келерин эскерткен болчу. Ошол эле кезде ал өкмөттүн мурдагы эски-жаңы курамы менен иштеше берерин белгилеген эле.
Өкмөт башчысынын маалымат катчысы Чыңгыз Эсенгулов өкмөт мүчөлөрүн электен өткөрүүгө эрте экенин белгиледи:
- Премьер-министр өкмөт мүчөлөрүн тааныштырып жатып, кимде-ким ишинде туура эмес иштерге жол берип, ошондой кадамга баргандарга карата гана чара көрөм деген болчу. Анан эми өкмөттүн курамын өзгөртүп, айрымдарын алмаштыруу деген ой жок. Кайсы бир өкмөт мүчөсүнүн иши солгун болуп жатса, аны өкмөттүн жамааттык коллегиясында карап, ошого карата алар электен өткөрүлүшү мүмкүн.
Буга чейин өкмөт башчылары бир нече жолу алмашканы менен өкмөттүн курамында негизинен мурдагы эле министрлер калып келген эле. Алардын көпчүлүгү улам өкмөт башчысы алмашып, жаңысы дайындалган сайын жаңы министр болуп дайындалып, улам кайрадан жаңы өкмөт мүчөсү катары парламентте ант бере берүүнү өнөкөткө айлантып алышканы белгилүү.