Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:21

"Ата Мекендин" ичиндеги "араздашуулар"


"Ата Мекендин" ичиндеги "араздашуулар"
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:42 0:00

"Ата Мекендин" ичиндеги "араздашуулар"

Алмамбет Шыкмаматов "Ата Мекен" фракциясынын лидерлигинен кетип, анын ордуна депутат Айсулуу Мамашева шайланды.

Ал эми Алмамбет Шыкмаматовдун ордуна "Ата Мекен" партиясынан тизме боюнча Нурбек Сыдыгалиев депутаттык мандат алды. Парламенттик шайлоонун астында социалисттердин катарындагы мындай саясий өзгөрүүлөрдү "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев жаңылануу катары карап, жакында партиянын съездинде партиянын жетекчилиги жана анын ичинде партиянын саясий кеңеши толугу менен алмаша турганын жарыялады.

Күтүлгөн "күтүүсүз" чечим

Жогорку Кеңештин "Ата Мекен" фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов 27-декабрь күнү эртең менен саясий билдирүү менен чыгып, фракция лидерлигинен кеткенин, депутаттык мандатын тапшырганын жана аталган партиянын катарынан чыкканын жарыялады.

Алмамбет Шыкмаматов "Ата Мекен" партиясынын лидери Текебаев менен келишпегени үчүн эки ажырымга түшкөнүн айтып, бирок пикир келишпестиктин чыныгы себептерин ачыкка чыгарган жок:

- Мындай чечимди кабыл алуу мен үчүн оор болду. Бирок мен жети өлчөп, бир кестим. Анткени буга бир чоң себеп болду. Аны мен азыр айта албайм. Мен 15 жылдан бери партияда мүчө болуп, партиялаштарым менин бир тууганымдай эле болуп калган. Бирок турмуш ушундай экен. Качандыр бир учурда уктап калсам да түшүмдө мындайды элестете алган эмесмин. Эгерде мага бирөө "мына ошондой болот экен" десе, түк ишенмек эмесмин. Тилекке каршы, азыр мына ушундай чечим кабыл алууга туура келип турат.

Саясаттан кетпесин айткан Алмамбет Шыкмаматов "Ата Мекен" партиясынан кеткени менен анын саясий каршылаштарына кошулбай турганын жана саясий көз карашы боюнча солчул-либералдык күчтөргө ыкташы мүмкүн экенин белгиледи.

Борбордук шайлоо комиссиясы парламенттеги “Ата Мекен” фракциясынын лидери Шыкмаматовдун депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуп, анын ордуна жаңы депутатты бекитти.

Партиянын жаңылануу демилгеси

Бирок "Ата Мекен" партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев Шыкмаматов менен эч кандай келишпестик болбогонун айтып, анын депутаттык мандатты тапшырганын алдын ала эле пландалган демилге болгонун айтты:

- Мындан бир топ убакыт мурда Шыкмаматов Сыдыгалиевге депутаттык мандатын өткөрүп бере турганын менин көзүмчө чечкен. Анткени алар шайлоодо Нарын облусу боюнча иштешип, ар кимиси эки жарым жылдан депутаттык мөөнөттө иштөө боюнча макулдашкан экен. Нурбек Сыдыгалиев партиянын тизмесинде 21-орунда турат. Бирок анын алдындагы адамдар орун бошотуудан баш тартып келишкен. Бул боюнча бир топ татаал сүйлөшүүлөр болду. Бүгүн минтип кырдаал аныктаган чечим кабыл алынды. Анткени коомчулук реалдуу түрдө жаңыланууну жана жаңы адамдарды көргүсү келет. Мен жаңы жылдан кийин февралдын аягы марттын башында партиянын съездин чакырам. Анда партиянын жетекчилик органдары анын ичинде партиянын саясий кеңеши толугу менен жаңыланат. Ошондой эле партиянын тизмесиндеги талапкерлердин көбү дагы жаштардан турат.

Ошону менен катар БШК “Ата Мекен” партиясынын тизмеси аркылуу депутат болуудан баш тарткан төрт талапкердин арызын канааттандырды.

Талапкерлердин тизмесиндеги төрт адам – Талант Узакбаев, Ташполот Балтабаев, Рысбек Мирзаматов жана Болот Шер депутат болуудан баш тартканы белгилүү болду. Ошондуктан Шыкмаматовдун ордуна тизме боюнча жогорудагы үч талапкерден кийинкиси – Нурбек Сыдыгалиев депутаттык мандатка ээ болду.

Андан соң "Ата Мекен партиясынын борбордук штабында "Ата Мекен" фракциясынын лидерлигине депутаттар Садык Шернияз менен Сайдулла Нышановдун талапкерлиги атаандаштык негизде коюлду. Бирок эки ирет добушка салууда экөө тең бирдей добуш алып, алар кайра талапкерлигин коюу укугунан ажырады.

Дендароо кылган тандоо

Андан соң депутат Айсулуу Мамашованын талапкерлиги сунушталып, ал "Ата Мекен" фракциясынын лидери болуп бир добуштан шайланды. Айсулуу Мамашева күтүүсүз жерден анын талапкерлиги фракция лидерлигине көрсөтүлүп, колдоо тапканын белгиледи:

- Эки жолу добушка салынып, экөөндө тең бирдей добуш чыгып калгандыктан, менин кесиптештерим башка талапкерди көрсөтүү сунушун киргизишти. Анан мага "Айсулуу сен татыктуусуң" дегени алгач мага тамашалап жаткандай сезилип, бирок чынында эле добуш бере башташканда аябай дендароо болдум. Ошону эстеген сайын дагы деле өзүмө келе албай жүрөм.

Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев "Ата Мекен" фракциясынын лидерлигине жаш саясатчынын талапкерлигин көрсөтүүнү коомдун жаш кадрларды жетекчилик кызматтарга бекитүү талабы катары белгиледи. Ошондуктан Каныбек Иманалиев Мамашеванын талапкерлиги колдоого ээ болгонун айтты:

Каныбек Иманалиев.
Каныбек Иманалиев.

- Биздин партиядагы оор учурларда жаш лидерлер аябай кызмат кылышты. Айсулуу Мамашеванын биздин фракциянын лидерлигине келиши бул биздин партиянын соңку тарыхындагы жаңы ачылган барак. Азыр эл, электорат жаңы, жаш саясий лидерлердин келишин талап кылышууда. Бизде эле эмес, Европада, КМШ мейкиндигинде жаш лидерлер чоң саясатка келип жатат. Ошондуктан биздин фракциядагы эң кичүү депутатты лидерликке тандоо - бул жөн жеринен болгон жок.

Депутат Айсулуу Мамашова 31 жашта. Ал 2008-жылы Кыргыз улуттук университетин «Экономика жана башкаруу» адистиги боюнча бүтүргөн. 2008-жылы аталган окуу жайдан «Ишкердик башкаруу» адистигине ээ болуп, 2010-жылы магистр квалификациясын алган. Мамашева 2009-жылдан тартып «Фирма Дасмия» ишканасынын президенти. 2015-жылы «Ата Мекен» социалисттик партиясынын тизмеси менен VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG