Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:59

Ош: жетекчилерге шилтенген бычак


Ош шаары
Ош шаары

Өткөн жумада МПА май куючу станцияларынын биринин башчысы мыкаачылык менен өлтүрүлдү.

Бул окуядан бир апта мурун ушул эле МПА май куючу компаниясынын аткаруучу директору Оштогу ресторандардын биринде бычакталып аман калган эле.

24-февраль күнү Ош шаарында МПА май куючу станциялардын биринин башчысы Абдираим Жапаров өз үйүнөн чыгып келатканда өлтүрүлгөн. 34 жаштагы ишкердин артында аялы менен төрт баласы калды. Жакындарынын айтымында, Жапаров ал күнү багымдат намазын окуу үчүн эртелеп мечитке бармак. Ишкерди кылууга шектелип маркумдун таанышы кармалган. Учурда ал убактылуу кармоочу жайда отурат. Кылмышка шектүү акчанын айынан ушуга барганын ачык айтууда.

- Биз жакшы мамиледе болчубуз. Андан 30 миң сом карыз да алгам. Бир күнү мени эч себепсиз эле иштен кетесиң деди. Жумуштан айдап жатканда эсеп-кысап кылып, дагы 40 миң сомду моюнума илди. Мен далил сурадым. Далилдеп берген жок. Машинемди да күрөөгө деп алып койду. Кийин СМС жазып, карызын доолап жүрдү. Болбосо балдарды артыман саларын айтты. Ошол күнү мен анын үйдөн чыгып келатканын көрдүм. Дубалдын артына жашындым. Жанымдан өтө бергенде арматура менен чаптым. Ал кулады. Бычак шилтеп, анан качып кеттим.

Бул окуя боюнча Ош шаардык милициясы адам өлтүрүү беренеси менен кылмыш ишин козгогон. Шаардык милициянын маалымат катчысы Замир Сыдыковдун айтымында, кылмышкер адам өлтүрүүгө бир нече күн даярданган.

- Ал алгач берген көрсөтмөсүндө маркум менен тааныш болгонун, ага ири суммада акча карыз экенин айтты. Ошону төлөгүсү келбей коркутуп коюу үчүн үйүнө барган экен. Биздеги маалыматтарга караганда ал аны өлтүрүүгө бир нече күн даярданып, эртең менен чуркай баштаган. Көргөн адамдарга күн сайын эле чуркайт дегендей таасир калтырууга аракет кылган. Арматуранын кесиндисин жана бычакты даярдаган. Кылмыш болгондон кийин канга боёлгон кийимдерин жууп, бекитүүгө аракет жасаган.

Күйүүчү май сатууга адистешкен МПА компаниясын мындан он күн мурда да кырсык тооруган. Анда Оштогу ресторандардын биринде МПАнын аткаруучу директору Азамат Токтосунов бычакталып, аман калган эле. Учурда ал ооруканада дарыланып жатат. Бир эле компаниянын эки жетекчисине катары менен кол салуу болгонун коомчулук үлүш доолаган "каралар" менен байланыштырган. Бирок МПАнын өкүлү Искендер Ахунжанов компания жетекчиси менен май куючу жайдын башчысына болгон кол салуулардын бири-бирине байланышы жок деп билдирди:

- Бул эки окуянын бири-бирине байланышы жок. Директорубуздун бычакталышы кокустук. Ал окуяга катышкандардын бири менен мэрдин туугандыгы тууралуу так маалыматыбыз жок. Имиш сөздөр гана бар. Бирок биздин ишкананын жергиликтүү бийлик менен эч кандай талашы жок. Ал эми кызматкерибиздин өлүмү боюнча бизде мурда иштеп кеткен адам кармалды. Алардын ортосунда өз ара талашы бар окшойт.

Милициянын маалыматына караганда, ишкер Азамат Токтосуновго кол салууга шектелген үч адамдын бири гана кармалган. Кармала электердин бири Оштогу ири аткаминердин жакын тууганы экени айтылууда. Мындан улам коомчулукта үлкөндөрдүн жакыны жазасыз калат деген шектенүүлөр айтылууда.

Күйүүчү май сатуучу МПА компаниясы өлкө казынасына эң көп салык төккөн алдыңкы он мекеменин катарына кирет. Оштогу май куючу жайлардын басымдуу бөлүгү дал ушул МПАга таандык.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG