Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:06

Ош: Назарбаевдин мектеби англисче окутат


Оштогу Назарбаевдин мектеби.
Оштогу Назарбаевдин мектеби.

Казакстан тарабынан каржыланган Оштогу “Жетиген” орто мектеби ишке берилди. 500 орундуу мекемени курууга казак президенти Нурсултан Назарбаев 88 млн. сом бөлүп берген.

Аймактагы башка мектептерден айырмаланып, аталган мектеп англис тилине басым жасаганы турат. Анткени ата-энелерден талап күчөгөн.

Ош шаарынын Манас-Ата кичирайонундагы “Жетиген” мектеби эки ай мурда курулуп бүткөнү менен, ушул күнгө чейин балдарды сынак аркылуу кабыл алып жатты.

1-сентябрь окуу жылынын башталышы менен мектеп биринчи жолу окуучуларды кабыл алды. Сабактар алгач мектептин демөөрчүсүнө ыраазылык айтуу менен башталды.

Мектептин ачылышында өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков жана Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаевдер Казакстандын президентине ыраазылык билдирип сөз сүйлөштү.
Мектептин ачылышында өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков жана Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаевдер Казакстандын президентине ыраазылык билдирип сөз сүйлөштү.

Мектепти ачуу аземине катышкан өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков:

- Илгертен бери кыргыз-казак бир тууган жашап келет. Бул миң жылдардан бери тастыкталган тарыхтын чындыгы. Казак-менен кыргыздын азаматтары эки элдин бир туугандыгына жана боордоштугуна ар дайым өз салымдарын кошуп келген. Бүгүн ачылып жаткан мектеп да эки элдин достугуна салым кошот деп ишенем.

Мектептин курулушун толугу менен Казакстан каржылаган. Ага казак президенти Нурсултан Назарбаев жалпы 100 миллион сомдой каражат бөлүп берген. Тендер аркылуу имарат 88 млн. сомго бүткөрүлгөн.

Казакстандын Кыргызстандагы элчисинин орун басары Гали Шаймаков буларга токтолду:

Окуучулар
Окуучулар

- Кыргыз-казак президенттеринин жолугушуусунда Казакстан Кыргызстанга эки мектеп куруп берерин убада кылган. Жыл башында Бишкек шаарынын Ала-Тоо жаңы конушунда казак тарап куруп берген мектеп ачылып, балдарга татыктуу билим бере баштады. Эми болсо Ош шаарында курулган “Жетиген” мектеби ишке кирди. Бул мектеп ушул райондо жашаган балдарга сапаттуу билим берген очок болот деп терең ишенем.

Аймактагы башка мектептерден айырмаланып “Жетиген” мектеп-лицейи үч тилдүү, кыргыз, орус жана англис тилдеринде окутканы турат. Анын ичинен англис тилине өзгөчө басым коюлат дешет мекеме жетекчилери. Анткени ата-энелер тарабынан ушундай талап күчөгөн. Мектеп директору Кыялбек Акматов:

- Көп тилдүү билим берүү Кыргызстанда беш-алты жылдан бери практикаланып келатат. Анын бир топ моделдери бар, биз ошонун өзүбүзгө ыңгайлуу моделин тандап алганбыз. Англис тили сабагы эле эмес, башка окуу предметтери да, маселен, химия, биология да англис тилинде өтүлөт. Математика же дагы башка сабактар орус тилинде берилет. Кыргыз тил сабагын жана калган сабактарды кыргызча окушат.

"Жетиген" мектебинде 500дөн ашык окуучу кабыл алынды.
"Жетиген" мектебинде 500дөн ашык окуучу кабыл алынды.

Директордун сөзүн мектепке балдарын алып келген ата-энелер да ырасташты. Жыпаргүл Арзыбекованын айтуусунда, балдары англис тилин тереңдеп үйрөнсө, келечегине чоң жардам болот:

- 21-кылым көп тил билүүнү талап кылып жатат. Эгер адам канчалык көп тилди билсе, ал ошончолук ийгиликке жетүүгө мүмкүнчүлүгү бар болуп калды. Чет элге чыгып окуй турган болсо да, жакшы болуп жатат. Ошого кызым азыртадан эле англисче жакшылап үйрөнсүн деп 5-классында ушул мектепке алып келдим. Келечек тилди билип, өзүнүн кесибин жакшы үйрөнсүн деп ушундай чечим кабыл алдык.

Чет тилди үйрөнүүгө мында келген окуучулар өздөрү да кызыгып турушат. Өзгөчө чет жакта билим алам дегендерге бул көп шык берчүдөй. Окуучулардын бири Лира Орозбаева мындай деди:

- Мен Ош калаасындагы Нариманов мектебинен которулуп келдим. Бул жакта ар кайсы тилдерди жакшы окутабыз деп убада беришти. Буюрса мен дагы жакшылап сабак окуйм. Англис, орус тилдерин үйрөнүп, өзүмдү өстүрөм. Чоңойгондо бул мага көп жардам берет.

Ош шаарында элүүдөн ашык мектеп болсо, анын ичинен түрк лицейлери жана айрым менчик мектептер гана көп тилдүү билим берүүгө басым жасашат. Бирок адатта алардын окуу өтө наркы кымбатка турат. Ошол себептүү соңку мезгилдери аймакта кадимки мектептин базасында чет тилдерин окутууга болгон талап күч болуп келген. Эми ал талаптарды “Жетиген” мектеби канааттандырып турмакчы.

Ош: Назарбаевдин мектеби ишке кирди
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:59 0:00

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG