Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:26

«Манас» Бишкекте кытайча жаңырды


«Манас» Бишкекте кытайча жаңырды
please wait

No media source currently available

0:00 0:09:05 0:00

Кытайдын Борбордук опера театрынын өнөрпоздору «Манас» операсын кыргыз көрүүчүлөрүнө Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында тартуулады. Ал Кытайдагы манасчы Жусуп Мамайдын варианты боюнча айтылган «Манас» жана «Семетей» эпосторунун негизинде мындан эки жыл мурда даядалган. Андан бери Кытайда тогуз жолу коюлган операны кыргызстандыктар абдан жылуу кабыл алып, көзүнө жаш алган көрүүчүлөр көпкө кол чаап, ыраазылык билдиришти. Ал эми артисттер "Манас" операсын баатырдын өз жеринде көрсөтүүгө чоң жоопкерчилик менен даярданышканын жана элдин зор толкундануу менен кабыл алганы күтүүсүз болгонун белгилешти.

XS
SM
MD
LG