Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:11

Кой-Таш комиссиясынын эки ача жыйынтыгы


Кой-Таш окуясын иликтеген мамлекеттик комиссия ишин жыйынтыктады. Бирок анын эки мүчөсү иликтөө толук жүрбөй калганын айтып, каршы чыкты.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди Кой-Таш айылындагы үйүндө кармоо маалындагы окуяларды иликтеген мамлекеттик комиссия ишин жыйынтыктады.

Учурда комиссиянын иликтөөсүнүн бүтүмү даярдалып, катчылыгы анын үстүнөн иштеп жатат. Бирок комиссиянын бүтүмү жарыялана электе эле анын айрым мүчөлөрү нааразылыгын билдирип чыгышты.

Тагыраагы, комиссиянын курамына жарандык коомдун атынан сунушталган Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова жана активист Жаркынбек Касымбеков иликтөөнүн жыйынтыгы калыс болбогонун айтышууда.

Клара Сооронкулова
Клара Сооронкулова

Клара Сооронкулова иликтөөнүн жүрүшүндө Атамбаевди кармоо боюнча операцияга жооптуу укук коргоо органдарынын жетекчилеринин жоопкерчилигин кароону сунуш кылган:

- Укук коргоо органдарынын жоопкерчилигин караш керек деп чыктым. Бирок мындай сунушка макул болбой, "комиссиянын ыйгарым укугуна кирбейт" деп коюшту. Комиссиянын ыйгарым укугу эч жерде жазылган эмес. Бирок Жогорку Кеңеш өзүнүн көзөмөл функциясынын алкагында түзүп, тапшырма берип жатат. Токтомдо изилдеп бергиле деп коюшуптур. Ал эми жөн эле изилдеп бериш үчүн мамлекеттик комиссия түзүүнүн эмне кереги бар? Анда башка органдарга эле тапшырып койсо болмок.

Ал эми Жаркынбек Касымбеков өз позициясын комиссия объективдүү иш алпарган жок деп түшүндүрдү:

- Комиссия даярдап жаткан бүтүмгө караманча-каршымын. Өзгөчө пикиримди да айткан жокмун. Комиссиянын андан аркы жумушуна катышуудан баш тарттым.

Касымбеков комиссия бүтүмү коомчулукка жарыяланган соң өз пикирин кенен айтаарын кошумчалады.

Жеңиш Разаков
Жеңиш Разаков

Бирок Кой-Таш боюнча комиссиянын көпчүлүк мүчөлөрү Сооронкулованын пикирине кошулбайт.

Анын төрагасы, вице-премьер-министр Жеңиш Разаковдун "Азаттыкка" билдиришинче, иликтөө маалында бардык тараптардын пикири эске алынып, иш калыс жүрдү:

- Бардык мүчөлөрдүн сын пикирлери, сунуштары эске алынды. Бир да мүчөнүн сунушуна болбойт деген жокпуз. Ошондуктан ар тараптуу иликтөө жүргүздүк.

Ал эми иликтөөчү топтун дагы бир мүчөсү, генерал Артур Медетбеков комиссия алдына коюлган тапшырманы толук аткарды деген пикирде:

- Эми ар кимдин пикири ар кандай. Комиссияны түзүү боюнча токтомдо Кой-Таштагы абалды иликтөө деп жазылып турат. Ал эми укуктук бааны Башкы прокуратура бериши керек. Ошондуктан 7-8-августтагы окуялар боюнча иш козголуп, учурда бир топ адамдар суралып жатпайбы.

Кой-Таштагы окуяларды иликтөө боюнча мамлекеттик комиссия 29-августта түзүлгөн. Анын курамына вице-премьер Жеңиш Разаков баш болгон өкмөт өкүлдөрү, парламенттин бир нече депутаты, коомдук ишмерлер жана жарандык коомдун өкүлдөрү кирген.

Комиссия эки ай иш алып барды. Анын жүрүшүндө окуяга күбө болгондор, тиешелүү органдардын өкүлдөрү маалымат берип, Кой-Таш айылынын тургундары менен жолуккан. Мындан сырткары комиссия мүчөлөрү мурдагы президентти кармоо маалындагы башаламандык боюнча козголгон кылмыш ишинин материалдары, анын ичинде жашыруун маалыматтар менен таанышкан.

Комиссия ишин жүргүзүп жаткан чакта эле мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапкерлери нааразылыгын билдирип чыгышкан.

Азырынча комиссиянын иликтөөсүнүн бүтүмү ачык жарыялана элек. Анда Кой-Таштагы операцияда кимдердин жоопкерчилиги каралып, кимдерге саясий баа берилгени белгисиз.

Комиссия ишинин жыйынтыгын Жогорку Кеңешке жакынкы мезгилде жөнөтөт. Парламент комиссиянын бүтүмүн карап, анын жыйынтыгы менен Кой-Таш окуяларына саясий баа бериши керек.

Коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев комиссиянын бүтүмү эң ириде коомчулукту ынандырышы керектигин айтууда:

- Кой-Таш окуясы маалында биринчи жана экинчи күнү аткарылган иштердин мыйзамдуулугу эң маанилүү. Эгер бул окуя боюнча комиссиянын жыйынтыгы коомду ынандырбаса, жалпы эле Кой-Таш боюнча соттун өкүмдөрүнө да эл ыраазы болбой калат. Ошондуктан, бул жерде мыйзамдуулук сакталганын так көрсөтүш керек. Эгер операция маалында укук коргоо органдарынын жетекчилери тарабынан кемчиликтер кетсе ачык айтылышы керек.

Президент Сооронбай Жээнбеков буга чейин мурдагы мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевди кармоого, Кой-Таштагы чырга баа бере албай турганын айткан:

Сооронбай Жээнбеков
Сооронбай Жээнбеков

- Атамбаевге күбө катары бир нече жолу чакыруу берилген. Келбей койду. Мыйзамга баш ийген жок. Кой-Таш боюнча комиссия иштеп жатат. Мен азыр ал окуяга баа бербейм. Баа бере турган парламент, комиссия, сот бар. Ошолор чечим чыгарат. Алдын-ала эч нерсе айта албайм.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди тергөөгө күбө катары күч менен алып келүү боюнча операция ушул жылдын 7-августунда уюштурулган. Ага УКМКнын "Альфа" ыкчам тобунун аскерлери тартылган. Саясатчыны Кой-Таш айылындагы үйүнөн кармап кетүү маалында тарапкерлери менен күч кызматкерлеринин ортосунда кагылыш орун алып, "Альфа” тобунун командиринин орун басары Үсөн Ниязбеков каза болгон.

Мындан сырткары 100гө жакын адам ооруканага кайрылган. Алардын ичинде башынан катуу жараат алган Чүй облустук милициясынын башчысы Самат Курманкулов азыркы күнгө чейин Москвада дарыланууда. Мындай кырдаалда операция оңунан чыкпай, эртеси күнү гана Алмазбек Атамбаев кармалып, камакка алынган.

Кой-Таштагы 7-8-августтагы окуялар боюнча 39 факт боюнча сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат. Анын алкагында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана анын алты тарапкери камакка алынган. Жогорку Кеңештин депутаттары Ирина Карамушкина менен Асел Кодурановага иш ачылып, үй камагына чыгарылды.

Мындан сырткары мурдагы президентти кармоо операциясына катышкан ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов жумуштан бошотулуп, кийин кылмыш иши ачылды. Асановго "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган" деген айып тагылды. Бирок Атамбаев жана анын тарапкерлери бул иштерди саясий куугунтук катары санап келет.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG