Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:43

Экс-мэрлер эки башка жаза алды


Кубанычбек Кулматов жана Албек Ибраимов. Коллаж.
Кубанычбек Кулматов жана Албек Ибраимов. Коллаж.

Бишкек шаарынын мурдагы мэрлери Албек Ибраимов, Кубанычбек Кулматов баштаган ондон ашык айыпталуучуга карата сот өкүмү чыкты. Өкүмгө ылайык Албек Ибраимов 15 жылга кесилди. Ал эми Кубанычбек Кулматов баштаган айыпталуучуларга сот айып салды.

Бишкек шаарынын мурдагы мэри Кубанычбек Кулматовго карата Ленин райондук сотунун судьясы Кубанычбек Касымов чыгарган чечимди экс-мэрдин тарапкерлери сүрөөнгө алышты.

Кулматов сот залынан бошотулгандан кийин журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып мындай өкүм күтүүсүз болгонун айтты.

- Кандай абсурддук күнөө коюлса, ошондой эле чечим кабыл алынды. Мындай өкүм чыгат деп күткөн эмесмин. Бирок мен баары бир соттуулугу бар, күнөөлүү адам болуп калдым. Азыр эми кызымды барып көрөм.


Кулматов «Кытай берген акчага Бишкектин четиндеги Калыс-Ордо конушунда мектепти курууга кеткен 2 миллион долларды пайдаланууда жемкорлукка барган» деп айыпталган.

Ал эми Албек Ибраимов Жазык кодексинин 303-беренеси («Коррупция») (ред.: 1997-жылдагы Жазык кодекси боюнча), 171-беренеси («Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же төлөмөр болуу»), 166-беренеси («Алдамчылык»), 320-беренеси («Сот адилеттигин же тергөөнү жүзөгө ашырууга байланыштуу коркутуу же зомбулук аракеттерди жасоо»), 205-беренеси («Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу») боюнча күнөөлүү деп табылып, 15 жылга эркинен ажыратылды.

Анын адвокаты Сергей Слесарев соттун өкүмү мыйзамсыз экенин билдирип, кийинки инстанцияга арыздануу маселесин Ибраимов менен кеңешкенден кийин чечилерин кошумчалады.

Сергей Слесарев.
Сергей Слесарев.

- Мектеп ишине тиешеси бар Албек Ибраимовдон башка төрт фигуранттын баары бошотулду. Бул, албетте, жакшы, мен алар үчүн кубанычтамын. Анткени алардын камакта отурганы толук мыйзамсыз болчу. Юридикалык тил менен айтсак, алардын айыптары коррупциялык кылмыштан кызматтык кылмышка өзгөртүлдү. Соттун чечими менен күнөөлүү деп табылды. Мындай чечим болбошу керек эле. Мен азыр аларды айта албайм. Анткени ар кимдики ар кандай. Так эстей калган жокмун. Бирок суммасы жогору. Мен бул айыптарды күнөөсү жок адамдар үчүн адилетсиз, мыйзамсыз деп эсептейм.

Соттун чечими менен Албек Ибраимов жана анын жубайы Айнура Ибраимованын 147 жер тилкеси, беш дачасы жана башка мүлкү мамлекетке алынды.

Ибраимовго «Ысык-Көлдөгү «Күнөстүү жээк» пансионатын сатууда мамлекетке 152 миллион сомдук зыян келтирген, «Дастан» ишканасын жетектеп турганда 270 миң доллар өлчөмүндө мыйзамсыз сый акы алган жана Бишкектин түштүгүндөгү беш гектар жерди мыйзамсыз бөлүп берүүгө тиешеси бар» деген айыптар коюлган.

Албек Ибраимов. 4-ноябрь, 2019
Албек Ибраимов. 4-ноябрь, 2019

Экс-мэрлер 2018-жылдын жайынан бери Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында отурган. Алар күнөөсү жок экенин айтып, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге жакын мамиледе болгону үчүн саясий куугунтукка кабылганын айтып келишет.

Мектеп курулушунда коррупциялык ишке барган деп айыпталып жаткандардын катарында мурдагы эки мэрден тышкары Бишкектин мурдагы вице-мэри Ренат Макенов, «Бишкек Башкы архитектура» муниципалдык ишканасынын жетекчиси Аскат Түлөбердиев, мэриянын коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгынын мурунку башчысы Сталбек Өмүрканов, «Айкөл курулуш» компаниясынын жетекчиси Сейиткан Алиев, «Альто Групп» компаниясынын башчысы Кубат Шаршекеев жана башка ондон ашуун адам бар болчу. Сот аларга да айыппул салып, сот залынан бошотту.

Бишкек шаарынын мурдагы эки мэри баш болгон ондон ашык адамдын ишин Бишкектин Ленин райондук соту тогуз ай карады.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG