Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:11

"Депутаттар жүрүшүптүр мал багып..."


Акын Шайлообек Дүйшеевдин китеби.
Акын Шайлообек Дүйшеевдин китеби.

Эл акыны Шайлообек Дүйшеевдин кезектеги тамашалуу ырын сунуштайбыз.

Капырай, ушундай болот дем ким ойлоптур. КТР дегениң Кыргыз Эркин Теле-Радио болуп- КЭТРга айланып, Кыргызстан кудай ургандай өзгөрүп, улуу-кичүүнүн баары эле сылык-сыпаа, баары эле кичипейил болуп калыптыр.

Кыргызстанды дүйнө дүңгүрөтө мактап, демократиянын эталону катары башка өлкөлөргө үлгү кылып көрсөтүп жатыптыр. Мамлекеттик музейде илгери Акаев учурунда пайда болуп ошондон бери жоголбой келатып жоголгон “дүжүр чал” деген “айбанаттардын” склеттери илинип турат.

Кайсыл бир коррупционер жегичтин баш сөөгүн Британ өлкөсү 7 млн. фунт-стрелингге сатып кетти деген маалымат тарады.

“Тарыхыңды тааный жүр” деген тактанын алдында: “Бир кезде бул өлкөдө сот, прокурор, милийса дегендер да болгон” деген фотобаян турат. Бирок алардын кандай кесип болгонун азыркы жаштардын бири да билбейт экен. Аябагандай жакшы жашап жатыпбыз. Бийликтен корккон эл, элден корккон бийлик жок. Мен дагы, менин дагы ырларымдын маани-мазмуну өзгөрүп кетиптир.

О, кудурет, өңүмбү же түшүмбү,

Ойлогондун баары орундап тим эле,

Кыргызстан бир укмуштай көрүндү!

Баары сонун, шаар акактай таптаза,

Баягыдай бандиттер жок, ууру жок,

Бардак да жок, базар да жок, башкача.

Түтүн да жок, таштанды жок чачылган,

Түйшүк да жок, кайырчы жок, жакыр жок,

Түрмөлөр жок, каалгалар ачылган.

Мас-састардын үнү угулбайт ободон,

Магазиндер көз уялтып жаркырайт,

МАИлер жок машинаны тоногон.

Акүй, Көкүй, сылык-сыпаа бүгүлүп,

Аркы-терки өткөн менен кеткенге,

Турат экен баш ийкешип, жүгүнүп.

Көзүм тойбой, карайм аржак-бержакты,

“Оппозиция” деп аталган лицей,

Топчубектин атында экен ардактуу.

Байкуштар жок бийлик көзүн айланган,

Бактысынан баш канчалык айланса,

Ошончолук баш айланат байлардан.

Чиновниктер атка жеңил, тайга чак,

Эл кыдырып жанын багып калыптыр,

Акүй дагы концерт коюп акча таап.

Чоң эстелик орнотуптур бүтүрүп,

“ОБОН болгон аялдар" деп айтышты,

Эл бетине турат экен түкүрүп.

Жайгер жашоо, жаштар паркта басышат,

“Президент ким болот?” деп сурасаң,

“Баарысы эле “мен болбойм” деп качышат.

Бир ветврач мал дарылап келатты,

Жоор атчан, арып-ачып чарчаган,

“Акыйкатчы Акун ушул”, - деп айтты.

Бир бульдозер тоону жатты томкоруп,

“Бекназаров Азим ушул” деп айтты,

Ала-Белди казып жатты омкоруп.

Суусамырды көрүп чыктык айланып,

Чимкиригин тазалайт дейт уйлардын,

Депутаттар жүрүшүптүр мал багып.

Көрсө өлкөдө мыйзам гана баш экен,

Мугалимдин айлыгынан беш эсе,

Президенттин маянасы аз экен.

Төгөрөгү бул өлкөнүн төп экен,

Президенттин айлыгынан жети эсе,

Врачтардын маянасы көп экен.

Кыргыздардын оңолгону чын экен,

Бул өлкөдө Эл Ажого кул эмес,

Ажо деген Элдин-Жердин кулу экен.

Сойкулардын “клубдарда” изи жок,

Соттор отур бекерликтен карта ойноп,

Соттогонго бир кылайган киши жок.

Айыл, шаарлар, баары гүлдөп бүт эле,

Күргүштөтүп эртели-кеч акчаны,

Көчөлөргө төгөт экен түз эле.

Баягыдай алдым-жуттум, күнөө жок,

Доллар тургай жолдо жаткан алтынды,

Алмак тургай, карап койгон бирөө жок.

Түгөнгүр ай, күндүзгү саат үч экен,

Түйшөлөм деп кетиптирмин ойгонуп,

Түү иттики, арбак ургур, түш экен!

... Тышка чыксам, жабыштырып тамыма,

Он эки этаж там салынып жатыптыр,

Көчөбүз жок, Абракадабра!..

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG