Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:02

Кош бол, Русь...


Крымдагы Лермонтов кысыгы.
Крымдагы Лермонтов кысыгы.

Кыргыз Эл акыны Шайлообек Дүйшеев кез-кезде котормолору менен окурмандарды кубантып турат. Бул жол орустун чыгаан акыны Михаил Лермонтовдун ырларын которгон экен. Окурмандардын сынына койдук. Лермонтовдун ырларын буга чейин кыргыз тилине акын Алыкул Осмонов которгонун эске сала кетели.

Кош бол, Русь,

Таранбаган, жуунбаган,

Кулдар менен, курчирендер Мекени,

Мырза болуп алгандардын денебизден кетпей турган кесели,

Юбкалары батташкандар

Көр дүйнөдөн башкаларды ойлобогон бүгүн менен кечеги,

Көк мундирчен паракорлор, акча десе өлгөндөр,

Катынынан чинди жакшы көргөндөр.

Кош, коркок Эл,

Ушулардын дегенине көнгөндөр,

Тирүү туруп өзүн өзү көмгөндөр!

Бардык жерде көрө турган көзү бар,

Бардык жерде уга турган кулагы бар,

АКМАКтын!

Азабынан кутулармын жашырынсам балким мен,

Тоолоруна Кавказдын.

*”Акмак” деп—акын Орусиянын падышасын айтып жатат.

ЖЕЛ КЕМЕ

Агарат жалгыз жел кеме,

Деңизди туман талашат.

Ал сүзөт кайда, эмнеге?

Эмне издеп алыс баратат?

***

Жер чеги кыял - ал элес,

Толкундар урат мачтага.

Бактысын кууган жан эмес,

Бакыт да андан качпаган.

***

Мелмилдейт деңиз маңдайда,

Үстү Күн нурун чаччу жай.

Бороонду тилейт ал кайра,

Бороондон тынчын тапчудай.

1.

Жалгыз чыктым батып убайга,

Туман баскан таш жол кыбырайт.

Түн жалбарып көктө Кудайга,

Жылдыздарга жылдыз шыбырайт.

2.

Асмандабы нерсем кыйбаган,

Уктайт дүйнө серппей аягын.

Неге күйөм? Неге кыйналам?

Нени күттүм? Нени аядым?

3.

Жараткан соң жанды тынч койсо,

Жер да айланмак бүгүн наалыбай.

Эркин болсом, анан тынч болсом,

Кечет элем дароо баарынан.

4.

Макул элем көрдө жатканга,

Уктамакмын жаным сеп алып.

Көөдөндө күч жарап какканга,

Көкүрөгүм турса дем алып.

5.

Макул элем бардык мүшкүлгө,

Сүйүү келип мага сүйөнүп.

Жашыл эмен дайым үстүмдө,

Шуулдап турса гүлдөп түбөлүк.

Лермонтов тууралуу эки ооз сөз

Михаил Лермонтов 27 жашында дуэлден каза тапкан акын. Көзүнүн тирүүсүндө анын ырлар жыйнагынын бир томдугу гана чыккан. Ал Кудай даарыган талантынын кудурети менен алты жылга жетип-жетпеген чыгармачылыгында өлбөс-өчпөс отуздан көп поэма, 600дөн көп ыр, бир повесть жана беш драма жараткан. Лермонтовдун чыгармалары боюнча опера жана көптөгөн музыкалар жазылып, кинолор тартылган, пьесалар коюлган.

Акын тууралуу баяндамачыбыз Амирбек Азам уулунун 2016-жылы, 18-октябрда жазган "Лермонтов - катаал, кайталангыс акын" аттуу макаласын бул жерден окусаңыз болот.

Адабият сүйүүчүлөр Лермонтов мүнөзү татаал, ашынган улутчул адам болгон деп эсептешет.

Кыргыз Эл акыны Шайлообек Дүйшеев буга чейин орустун атактуу акыны Анна Ахматованын «Реквием» поэмасын кыргызчага которгон. Чыгармада репрессиянын каардуу доору сүрөттөлөт. Бул видеодо «Реквиемдин» үзүндүсүн, тагыраагы эпилогун сунуш кылабыз.

«О, кудай-ай, мындай тозок кайда бар?»
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:41 0:00

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​
XS
SM
MD
LG