Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:10

Мэриянын чечими элди убайымга салды


Бишкектеги көчөлөрдүн бири
Бишкектеги көчөлөрдүн бири

Бишкек мэриясы Лев Толстой көчөсүн кеңейтүү максатында жол жээгиндеги үйлөрдү бузууну пландоодо. Жаңы жолдун аймагында жашаган тургундар үйлөрү бузулса, кайда барабыз деп бушайман.

Нургүл Асылбек кызы колунда кызыл китеби барына карабай баш калкалаган үйүнөн айрылганы турат. Ал үй-бүлөсү менен Төкөлдөш конушунда он жылдан бери жашайт. Бул арада чакан үйүн кеңейтип, оңдоп-түзөп алган. Эми жаңы жол курулса эле анын үйү бузулганы турат. Буга ыза болгон кожойкенин барбаган жери калган эмес:

- Атайын келишимдин негизинде нотариустан кол койдуруп сатып алганбыз. Тиешелүү документтердин баары бар. Шаардык кеңешке арыз жаздым. Президентке кайрылдым, эч кандай жооп жок. Кенемте же жардам беребиз деп айтышпады. Сүрдүрөбүз, жолду баштайбыз деп жатышат. Колумда төрт балам, кайнене-кайнатам да бар. Эми үйүмдү бузса, кайда барарымды билбейм.

Бишкек
Бишкек

Нургүлдүн кошунасы Лилия Үсөнбекованын үйүнүн, короо-жайынын жарымын жаңы жол кесип өтөт:

- Менин колумда да бардык документтер бар. Баары мыйзамдуу. Ага карабай үйүмдүн жарымы бузулганы турат. Жол курулса, короомдун жарымы жок болот. Анда кантип жашайбыз? Эшикке чыксаң эле чоң жолдун турганы, кооптуу да.

Конушта Назира менен Лилияга окшоп чырылдагандар көп. Ээнсирген көчөдөн кызыл түстүү белгиси бар бир нече үйлөрдү көрүүгө болот. Тургундардын айтымында, мындай үйлөрдүн саны 20 чакты. Биринин толук тамы, биринин короосу же бир бөлмөсү жол өткөн жерге туура келет. Алардын арасында чектен мыйзамсыз өткөндөр да бар. Конуш тургуну Манзура Масимова:

- Бул кызыл сызык, сиз андан өтүп кеттиңиз дешти. Мен аны билген эмесмин. Мончомдон эч нерсе калган жок. Бир топ акча жумшаган элем. Мага оор эле болду. Үч балалуу жылгыз бой энемин. Тиешелүү сызыктан чыгып кеткеним үчүн сотко беребиз дешти. Айып пул 10 миң сом болот деп кошумчалашты. Арга жок сүрдүрдүм.

Айыл тургундары сүрдүрүлгөн турак жай ордуна кенемте же башка жер берилерин билишпейт. Алар түшүндүрүү иштери болбогонуна нааразы.

Төкөлдөш жаңы конушу жайгашкан Лев Толстой көчөсүн кеңейтүү 2016-2018-жылга берилген Кытай грантынын негизинде ишке ашат. Шаар ичинде ушул өңдүү бир нече магистралдык көчөлөр курулары мерчемделүүдө.

Мэриянын Жер иштетүү жана курулуш башкармалыгынын жетекчиси Талант Иманакун уулу Төкөлдөштүн тургундарына кенемте берүү жакын арада чечилерин белгиледи:

- Магистралдык көчөлөрдүн бири Лев Толстой Ауэзов көчөсү менен биригет. Чындыгында башкы штабдын текшерүүсүнөн кийин Лев Толстой көчөсүнүн жээктеринде жана Төкөлдөштө жайгашкан 36 объектти бузуу керек деген тыянакка келгенбиз. Алардын колдорунда кызыл китеби да бар. Мындан улам жакын арада кенемте берүү маселеси каралат. Же ордуна башка жактан жер берип, же болбосо үйлөрүн базардык баада сатып алып, акчасын төлөп беребиз. Бул маселе үй ээлери менен биргеликте чечилет.

Укук коргоочу Калича Умуралиева эгер кызыл китеп мыйзамдуу берилген болсо өз убагында кенемте төлөнүшү шарт дейт:

- Эгер үйлөрдүн курулушу мыйзамсыз болсо, анда тиешелүү нормага ылайык үй ээси өзү бузуп бериши керек. Ошол эле учурда жол эл керектөөсүнө пайдаланылгандыктан, үйлөрдү сүрдүрткөнгө уруксат берүүсү зарыл. Эгерде колунда кызыл китеп, тиешелүү документер бар болсо анда мэрияга кайрылып, кенемтесин алганга акылуу.

Жыл башында Бишкек мэриясы мыйзамсыз курулган объекттерди текшерүү жана бөгөт коюу максатында оперативдүү штаб түзгөн. Аталган штаб 910 объектинин ишин токтоткон.

Тургундарды бушайман кылган жол
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:24 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG