Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:29

Учак кырсыгы: Казакстанда аза күтүү жарыяланды (видео)


Алматыда 100 киши түшкөн учак кулады
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:24 0:00

Алматыда 100 киши түшкөн учак кулады (видео)

27-декабрда таңга маал Алматы шаарынын жанына кулаган учактын ичинде 95 жүргүнчү жана экипаждын беш мүчөсү болгон. Казак бийлиги кырсыктан кеминде 12 адам каза тапканын кабарлады. 28-декабрь Казакстанда жалпы улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланды. Жабыр тарткандардын арасында бир кыргыз жараны бар экени маалым болду.

Алматыдагы учак кырсыгы 12 өмүрдү жалмады
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:51 0:00


Алматы аэропортунун маалыматы боюнча, Нур-Султан шаарына жол тарткан "Bek Air" компаниясына таандык учак таңкы саат 7ден 5 мүнөт өткөндө учуп чыгып, бир аз убакыттан соң радардан көрүнбөй калган.

Казак бийлиги кырсыкта каза тапкандардын саны 12 адамга жеткенин кабарлады.

Кырсыкта аман калгандардын бири Иван Коротеев жергиликтүү каналдардын бирине берген комментарийинде окуяны мындайча сүрөттөгөн:

- Бардыгы көз-ачып жумганча тез болду. Жаңы эле жерден көтөрүлгөндөй болгонбуз. 15-20 секунддан кийин эле бизди оңго-солго чайкай баштады. Бул 30 секундга созулду. Анан борттун ичинде ызы-чуу башталды. Жүргүнчүлөр кыйкырып, курларын чечүүгө аракет кыла башташты. Көп өтпөй жерге бир тийип, кулап түштүк.

Кырсыкта көз жумгандардын арасында Казакстан генералдар кеңешинин башчысы, юстициянын генерал-майору Рустем Кайдаров жана Informburo.kz порталынын редактору Дана Круглова да бар.

Алматыдагы учак кырсыгы 12 өмүрдү жалмады
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:51 0:00

Ал эми окуядан жабыр тарткандардын арасында бир кыргыз жараны бар экени маалым болду. Ал ооруканада жатат жана абалы канааттандырарлык.

Бул тууралуу 27-декабрда "Азаттык" радиосуна Кыргызстандын тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Уланбек Дыйканбаев билдирди.

- Такталган маалыматка караганда, кыйраган учактын ичинде бараткан 36 жаштагы кыргызстандык Алматы шаарынын Тез жардам ооруканасынын Травматология бөлүмүндө жатат.

Кыргызстандын Алматыдагы Башкы консулдугунун кызматкерлери ооруканага барып, ал адамдан кабар алып келишти.

Ал эми мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевге жана Казакстандын көңүл айтты.

«Кырсыктын кесепетинен адамдардын каза болгондугу тууралуу суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргызстандын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун туугандарына жана жакындарына көӊүл айтам жана орду толгус жоготуу азасын тең бөлүшөм. Бардык жабыр тарткандарга жана жаракат алгандарга тез сакаюуну каалайм», - деп белгиленген көңүл айтуу телеграммасында.

"Bek Air" авиакомпаниясы Казакстандын 12 шаарына каттамдарды жүргүзөт. Анын паркындагы Fokker 100 учактары Нидерландда чыгарылган. Казакстандын индустрия жана инфрастуктура министрлиги “жагдай аныкталганга чейин бул учактар каттамдан убактылуу алынганын” кабарлады.

Ачык булактардын алынган маалыматтарга караганда, кырсыкка кабылган "Fokker-100" учагы 23 жыл мурда чыгарылган. Мындай учактарды чыгаруу 1997-жылы токтотулган.

2016-жылы ушул эле "Bek Air" авиакомпаниясына караштуу "Fokker-100" үлгүсүндөгү учак баш калаадагы аэропортко чукул кырдаалда конууга аргасыз болгон. Кызылордодон Нур-Султанга бараткан учактын ичиндеги 122 жүргүнчүнүн эч кимиси жабыркаган эмес.

27-декабрдагы кырсыктын чоо-жайы

14.38 Казакстандын премьер-министринин орун басары Роман Скляр бери дегенде 12 адамдын өлүмү менен аяктаган Алматынын жанындагы учак кырсыгы учкучтун катасынын айынан же "техникалык себептен" улам болушу мүмкүн экенин айтты. Анын айтымында, учак учуп-конуу тилкесине эки ирээт куйругу менен урунган. Скляр бул баштапкы гана божомол экенин, анык себеби техникалык экспертизада аныкталарын белгиледи.

14.18 Казакстандын Ички иштер министрлиги учактын бортунда экипаждын беш мүчөсү жана 93 жүргүнчү болушу мүмкүн экенин жарыялады, алардын арасында чет элдиктер да бар: Украинанын эки жараны, Кыргызстандын бир жараны жана Кытайдын жараны. Калгандары Казакстандын жарандары.

Алдын ала маалыматта жүргүнчүлөрдүн саны 95 адам болгону айтылган.

Мындан тышкары Алматынын ар кандай медициналык жайларына 49 адам госпитализация болгону, алардын ичинен 18инин абалы оор экени айтылды. Калгандарына медициналык жана психологиялык жардам көрсөтүлүп жатат.

Куткаруу иштери уланууда.

13.44 Алматы акимиаты Telegram-каналына 12 адам өлгөнүн тактады.

«Z2100 Алматы - Нур-Султан рейсинде 12 адам каза тапканы такталды», - деп жазылды билдирүүдө.

13.19 28-декабрь Казакстанда жалпы улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланды. Бул тууралуу Касым-Жомарт Токаевдин басма сөз катчысы Берик Уали Facebook баракчасына жазды.

13.19 Казакстанда учак кырсыгынан жабыркагандар арасында бир кыргызстандык адам болгонун, ал азыр ооруканада жатканын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Уланбек Дыйканбаев билдирди.

"Башкы консулдуктун маалыматы боюнча, Кыргыз Республикасынын бир жараны ооруканада", - деди ТИМдин өкүлү.

Буга чейин мекеме жабыр тарткандар арасында кыргыз жарандары бар же жогун тактап жатканын кабарлаган.

Кырсык болгон жерден түз эфир. "Азаттыктын" казак кызматынын видеосу.

Кулаган учак. Алматы. 27-декабрь, 2019-жыл
Кулаган учак. Алматы. 27-декабрь, 2019-жыл

12.03 Алматы акимиаты Telegram-каналга кыйраган учактагы жүргүнчүлөрдүн толук тизмесин (экипаждын мүчөлөрүнөн тышкары) жарыялады:

1. Абаганова Назым
2. Абилев Жанат
3. Абилдаева Асел
4. Адаев Еркебулан
5. Айболатова Зухра
6. Акболат Даваа
7. Акболаткызы Асылым
8. Акишева Гүлім
9. Акмаганбетова Асем
10. Алекперов Олег
11. Аманжол Сания
12. Аманов Серик
13. Ануфриев Валерий
14. Асташев Николай
15. Асырова Анара
16. Баймурат Нурислан
17. Байымбетова Гулнар
18. Бекжанова Нагима
19. Бекмаганбетов Бахытжан
20. Габдыжамалов А Зубаржат
21. Гатиат Адилжан
22. Гатиат Айсұлу
23. Гатиат Максут
24. Девичинская Ольга
25. Даулет Динара
26. Дедов Виталий
27. Егамбердиев Наби
28. Ерімбетов Сәрсенбек
29. Ерман Марал
30. Ескеров Жандос
31. Әбдісаттар Жанқозы
32. Әлімхан Нұрболат
33. Жанаболатова Бекзат
34. Жанбоссынова Динара
35. Жауғашты Әділ
36. Жауғашты Әли
37. Жолдыбаев Бекзат
38. Жұмаханов Шыңғыстөре
39. Зубов Виктор
40. Зубова Галина
41. Ибраев Дархан
42. Иминова Зульфия
43. Исина Арман
44. Кадауов Темирлан
45. Кайдаров Рустем
46. Каипбергенова Гулнара
47. Калиев Бауыржан
48. Каратаевс Иван
49. Карибаева Базархан
50. Карнаева Надежда
51. Клыков Матвей
52. Кулгави Евгений
53. Кошенова Гулнара
54. Круглова Дана
55. Куанышалин Марат
56. Куралбай Айгерим
57. Куралбай Дамели
58. Қожабергенов Даулет
59. Мамиев Мурат
60. Мажкенова Алтын
61. Мукашева Салтанат
62. Мурат Латипа
63. Набиев Едік
64. Назаралиев Аслан
65. Нуерлан Маолина
66. Нурахметова Шынар
67. Нурбеков Абай
68. Нурбекова Адина
69. Нурбекова Мариям
70. Нурманов Асхат
71. Нурманова Сауле
72. Нурхамит Тілеулес
73. Омаров Ринат
74. Омарова Айман
75. Орынбаев Нурдос
76. Оспанова Амина
77. Попков Андрей
78. Рахымжанова Айя
79. Сагимбеков Арман
80. Салтанат Талап
81. Салтанатқызы Уралшын
82. Сейпилов Ильяс
83. Сериков Мейрамбек
84. Сиделковский Андрей
85. Сон Юрий
86. Сон Яна
87. Теменов Айбар
88. Тулебаев Нурлан
89. Тулебаева Анар
90. Туматов Кайырхан
91. Удербаева Кымбат
92. Усен Сәттігүл
93. Утепов Еркін

11.46 Нур-Султандын акими кырсыкта жабыр тарткандарга жардам берилерин убада кылды.

Кырсыкта жабыр тарткандардын тизмеси

Кырсыкта жабыр тарткандардын тизмеси.
Кырсыкта жабыр тарткандардын тизмеси.

11.10 Алматыдагы №4 клиникалык ооруканасына келгендер жакындарын издеп жатат. Аян Калмураттын сүрөтү.

Адамдар тизмеден туугандарын издеп жатат. 27-декабрь, 2019-жыл
Адамдар тизмеден туугандарын издеп жатат. 27-декабрь, 2019-жыл

11.02 Кырсык учуу-конуу аянтынан 800 чакырым алыс жерде болгон. Кырсык болгон жерге Алматынын акими Бакытжан Сагинтаев барган. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев "Твиттер" баракчасы аркылуу каза тапкандардын жакындарына көңүл айтты.

10.54 ИИМдин Өзгөчө кырдаалдар комитети каза тапкандардын тизмесин жарыялады.

• Астанов Николай 1971-жылы туулган.

• Хайдаров Р. 1940;

• Калиев Бауржан 1974;

• Карибаев Базархан 1974;

• Муратбаев Марат 1961;

• Нурбаев Абай 1982;

• Исина А.​

10.32 Алматынын акимиатынын Telegram-каналына учак Талгар районунун Альмерек кыштагына кулаганы кабарланды.

«Алматынын көп багыттуу клиникалык ооруканасына беш бейтап жеткирилди, алардын абалы өтө оор. Балдардын ыкчам медициналык жардам көрсөтүү борборуна сегиз бала жеткирилди. Ыкчам жардам көрсөтүү ооруканасына жараат алган беш киши, № 4 шаардык клиникалык ооруканасына оор абалдагы 17 адам жеткирилди. 14 адам каза тапты», - деп айтылат билдирүүдө.

10.20 Талгар районунун полиция башкармалыгы саат 7:30да "Гүлдала кыштагынын четине самолет кыйраганы тууралуу" билдирүү келип түшкөнүн кабарлады. "Азаттыктын" кабарчысы кырсык болгон жерди полиция курчап турганын кабарлады.

10.08 Авиакомпаниянын паркы Fokker-100 учактарынан турат. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев "Твиттердеги" баракчасы аркылуу каза тапкандардын жакындарына кайрылуу жолдоп, "күнөөлүүлөр катуу жазага тартыларын" айтты.

9.45 Учак Алматы облусундагы Гүлдала айылынын жанында кырсыкка учураган. Окуя болгон жерде тартылган сүрөттөргө караганда, учак курулуп жаткан имараттардын үстүнө кулаган.

"Кырсыктын себебин иликтөө үчүн өкмөттүк комиссия түзүлдү. Учурда бул типтеги учактардын каттамы убактылуу токтотулду. Алдын ала маалыматка караганда бортто 95 жүргүнчү, экипаждын беш мүчөсү болгон", - деп айтылат Казакстандын Индустрия жана инфраструктура министрлигинин маалыматында.

"Азаттыктын" кабарчысы кырсык болгон аймакты полиция курчап, ал жакка 10-15 тез жардам машинеси жөнөп кеткенин айтты.

Казакстанда болгон учаак апааттары

2016-жылы Алматы облусунун Алакөл районунан Талдыкоргон калаасындагы ооруканага оор абалдагы баланы алып бараткан тик учак кулап, беш адам мерт кеткен.

2015-жылы Жамбыл облусунда бортундагы экипаж мүчөлөрүн кошкондо жети адам бараткан “АН-2” учагы кулаган. Анын ичиндегилердин бирөө гана тирүү калган.

2013-жылы Алматы аэропортуна жакын Кызылтуу айылынын жанында Көкчөтоодон Алматыга келаткан "Scat" компаниясына караштуу "CRJ-200" учагы кулап, ичиндеги 21 адамдын баары ажал тапкан.

2012-жылы Чимкенттин жанында Казакстандын улуттук коопсуздук комитетине караштуу Чек ара кызматынын "АН-72" учагы кырсыкка учурап, 27 адам каза болгон.

Кыргызстандын авиакоопсуздугу кандай?

Кыргызстанда төрт авиакомпания - "Авиа-Трафик", "Эйр Манас", "Тез жет" жана "Эйр Кыргызстан" эл ташыйт. "Sky Bishkek" компаниясы жүк жеткирген жана башка коммерциялык учууларды аткарат.

Жүргүнчү тейлеген учактардын эң жаңысы 2008-жылы өндүрүштөн чыккан, аны "Тез жет" колдонот. Эң эскиси 1991-жылы чыгарылган, анда "Авиа траффик" тейлөөнү улантууда. Эреже боюнча чыкканына 25 жылдан ашкан учак каттамдан алынышы керек.

Авиация боюнча кеңешчи Кайрат Итибаев кыргыз авиациясынын абалын жакшыртууга убакыт жетти деп эсептейт:

- Тобокелдик боюнча ар бир авиакомпаниянын менеджерлери бар. Алар учак конордо да, учарда да текшерип турат. Бирок биздин акыбал жакшы деп айтууга болбойт. Эгер беш баллдык баалоо менен айта турган болсок, мен биздин авиацияга «үч» деген баа берет элем. Анткени биздин учактардын көбү эски.

Расмий маалыматка ылайык, учурда Жарандык авиация агенттигинин каттоосунда 32 учак бар. Анын жарымынан көбү жараксыз абалда турат.

Ошол эле кезде соңку жылдары Кыргызстанда учактар аба майданга чыккан учурда бузулган бир канча факт катталды. 2018-жылы “Тез жет” компаниясынын учагынын бир мотору асманда иштен чыгып, конууга мажбур болсо, "Авиа Траффиктин" Бишкек-Анталия багытындагы учагы да дарегине жетпей артка кайткан.

Кыргызстандык авиакомпаниялар "Эл аралык нормаларга дал келбейт" деген жүйө менен 2006-жылы Евробиримдиктин "кара тизмесине" кирген. Андан чыгуу аракети жөнүндө көп сөз болгону менен, маселе оң жагына чечиле элек.

Учурда аталган "кара тизмеде" КМШ өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстандын гана авиакомпаниялары бар экени айтылып келет.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG