Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:01

Кытай Компартиясына 90 жыл


Кытай компартиянын 90 жылдыгын белгилөөдө, Шанхай. 2011-жылдын 1-июлу
Кытай компартиянын 90 жылдыгын белгилөөдө, Шанхай. 2011-жылдын 1-июлу

Кытайдын лидери Ху Цзинтао 1-июлда Кытай Компартиясынын 90 жылдыгына арналган жыйында эгерде коррупция тизгинделбесе, анда Коммунисттик партияга коркунуч түзүлөөрүн эскертти.

Кытайдын компартиясы 80 миллион мүчөсү бар дүйнөдөгү эң чоң саясий уюм. Партия түзүлгөнүнүн 90 жылдыгын утурлап соңку 20 жылдагы диссиденттерге каршы эң катаал тазалоону жүргүздү.

Революция, өнүгүү, реформа

Бээжиндеги Эл өкүлдөр үйү айрыкча шаңга бөлөнүп, партиянын ураан чакырыктары алыстан көрүнүп, гүлгө оролгон. Кытайдын туш тарабынан келген жүздөгөн делегаттар жетектөөчү партиянын алдыдагы максаттары менен таанышат.

Кытай лидери Ху Цзинтао бир жарым саатка созулган сөз сүйлөп, ал мамлекеттик сыналгыдан толугу менен жалпы калкка көрсөтүлдү.

Өлкө башчы өткөн кылымда Кытай башынан кечирген оорчулуктар менен «революция, өнүгүү жана реформа» жаатындагы партиянын жетишкендиктерине токтолду.

Компартия лидери ХУ Цзинтао жыйында сөз сүйлөөдө, Бээжин, 2011-жылдын 1-июлу
«Кайсы бир учурда теория менен Кытайдын чыныгы турмушундагы ажырымдан келип чыккан өтө катуу жоготууларды баштан өткөрдүк», деген Ху Цзинтао миллиондогон адамдар запкысын тарткан саясий репрессиялар тууралуу сөз кылган жок.

- Биздин партия өз эрки, өз элинин күчү менен оор каталарды жойду. Партия кемчиликтерди четтетип, алдыга карай жеңиш менен жылды. Бүгүн Чыгышта гүлдөгөн социалисттик Кытай пайда болду. Бир миллиард 300 миллион кытайлык Кытайдын улуу социалисттик туусунун алдында зор ишеним менен алдыга карай барууда.

90 жылдык маараке жыйында партиянын ичиндеги калпыстыктар дагы айтылды. Кытай лидери партиянын айрым мүчөлөрүнүн иштин көзүн билбегендиги менен элден алыстыгынан олуттуу көйгөйлөр келип чыкканын белгиледи. Эгер коррупция менен күрөш жүрбөсө, ал барып туруп партиянын легитимдүүлүгүнө залакасын тийгизээри айтылды:

- Коррупция элдин партияга ишеними менен колдоосуна тете болуп калуусу мүмкүн. Биздин партиялык күчтү айрым бирөөлөрдүн ач көздүгүнө курал кылып бербейли. Бүгүн партиялык тартипти мурда болуп көрбөгөндөй күчөтөлү.

Улут саясаты, адам укуктары

Кытайда 170 миңдин тегерегинде кыргыз боордоштор жашайт.

Үрүмчүдө турган кыргыз журтташтарыбыздын бири менен телефон аркылуу байланышканыбызда, мааракенин белгилениши тууралуу айтып берди:

- Үрүмчү шаарында, мына ар кайсы микрорайондордо, ар кайсы өкмөттүк кеңселерде партия мүчөлөрү, кадрлар чогулушуп 90 жылда партиянын жуңгу калкынын экономика, маданият жааттарын жетектеп, жакшы күндөргө алып келген шаңдуу тарыхын эскерип жатышат. Мындан ары дагы элди бактылуу, жакшы турмушка жеткирүү боюнча кандай иштерди аткаруу керек деген талкуулар болуп жатат.

Кытайдын Кызыл Суу кыргыз облусундагы бүркүтчүлөр, 2009-жыл
Кытайдагы майда улуттарга партиянын көрсөткөн көмөгү жөнүндө "партиянын улуттук саясаты абдан жакшы экендигин билем. Кытайда негизинен 56 улут жашайт. Экономикалык, маданий жана башка тармактарда бардык улуттардын укугу бирдей жагдайга алып келди", деди үрүмчүлүк кыргыз жигит.

Эл аралык коомчулук Кытайда адам укуктары одоно бузулган учурларын такай белгилеп, ал тургай айыптап келет. 2009-жылы Шиңжаң-уйгур автономиялуу облусундагы тополоңдо кытай бийлиги уйгурларды айосуз жазалап, темирдей көзөмөлдү күчөттү.

Нобел тынчтык сыйлыгы ыйгарылган укук коргоочу диссидент Лю Сяобо бүгүнкү күнгө чейин абакта отурса, деги эле өлкөдө башкача ойлонгон адамдарга куугунтук күч.

Компартия лидери Мао Цзэдун эс алууда, Кытай, 1961-жыл
Кытайдын жетектөөчү партиясынын пайдубалы 1921-жылы Шанхайда түптөлгөн. Уюштуруучу активисттердин катарында Мао Цзэдун дагы болгон. Узакка созулган жарандык согуштан кийин 1949-жылы партия бийликке келип, Кытай Элдик Республикасы түзүлгөн.

Маонун бийлигинде мурдагы агрардык өлкө индустриализацияга секирик жасаган. 1966-жылы Мао партиянын катарын тазалоо максатында ишке ашырган «маданий ыңкылаптын» айынан бир нече миллион адам көз жумган.


1976-жылы партиянын жетекчилигине келген Дэн Сяопин базар мамилесине ык коюп, натыйжада Кытай дүйнөдөгү экинчи чоң экономикага айланды.
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG