Министр Нуржигитке жаңы араба берди
Тубаса майып, алты жаштагы Нуржигитке балдар үчүн атайын арабаны социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаев өз колу менен тапшырды. Буга чейин Нуржигит өзүнүн чоң арабасына отуруп, башкара албаганы үчүн, сыртка чыкканда тепшиге байланууга аргасыз болгон. Нуржигиттен кабар алганы Саламаттык сактоо, Билим берүү жана Социалдык өнүктүрүү министрлигинин жетекчилери барды. Алар Нуржигиттин муктаждыктарын аныктап, берилүүчү жардамдар боюнча маалымат алып келишти. Ошондой эле Нуржигитке жардам берүүнү каалагандар көп болгондуктан, анын апасы Миргуль Сагынбек кызынын атына АКБ-Кыргызстан банкында атайын эсеп ачылды: SWIFT: KYRSKG22, BIC: 103001, эсеп номуру: 1030120206683790
Чыгарылыштар
-
Апрель 01, 2025
Жер кодексине нааразылардын акциясы
-
Март 30, 2025
Айт намазы мечиттерде окулду
-
Март 27, 2025
Бишкек: Бөбөк араба үчүн жол кире алуу туурабы?
-
Март 14, 2025
"Тынчтык үчүн көчөбүз". Жаңы Достук айылы түптөлөт
-
Март 14, 2025
“9400 евро акчамды бербей жатат”