Линктер
Мазмунга өтүңүз
Навигацияга өтүңүз
Издөөгө салыңыз
Жаңылыктар
Кыргызстан
Кыргызстан
Саясат
Экономика
маданият
Дүйнө
Дүйнө
Борбор Азия
Украина
Атайын иликтөө
ТВ программалар
Бүгүн Азаттыкта
Эксперттер талдайт
Биз жана дүйнө
Данисте
Эже-сиңдилер
Азаттык+
Ыңгайсыз суроолор
Подкаст
Өзгөчө пикир
Русский
Онлайн шерине
ЭЕ/АРнун бардык сайттары
Издөө
РУС
Эфир
Эфир
Издөө
Артка
Алдыга
ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:45
Дүйнө
Планетанын эң мыкты сүрөттөрү
26-Март, 2016
Sony World Photography Awards - Бүткүл дүйнөлүк фотография уюму жылдын мыкты фотосүрөттөрүн атады. Алар планетанын чар тарабындагы жеке сүрөтчүлөр тарабынан тартылган.
1
Гангасар - Индиядагы ири сыйынуучу жайларынын бири. Бул жерге жылына миңдеген адамдар индустардын түшүм майрамы - Макара-санкритини белгилөө үчүн чогулат. Аялдар ыйык чайынуу жөрөлгөсүнөн кийин Күнгө сыйынышат.
2
Сүрөттө буддист кечилдери кар жаап жаткан учурда атайын салтанатка баратышат. Салтанат Кытайдын аралаш диндүү Лангмуси шаарында өтөт. Бул шаардын жарымында тибет кечилдери, жарымында мусулмандар отурукташкан.
3
"Сүрөтүмдө адамдын денеси кайсы жерде, кайсы жашта болбосун бир тарыхты алып жүрөрүн көргөзгүм келген. Ар бир кыймыл адамдар байкабаса да тарыхты алып жүрөт. Биздин денебиздин бул өзгөчөлүгүн мен сүрөт аркылуу айткым келди. Бул үч укмуштай аял менен Королдун балет мектебинде хореограф катары иштегем", - дейт сүрөтчү.
4
"Тозоктун дарбазасы" - Түркмөнстандын Дарвазындагы оттуу аңды ушинтип аташат. Андагы от 45 жылдан бери күйүп турат. 1971-жылы советтик окумуштуулар жер астындагы газдын корун табышкан. Чалгындоо жана бургулоо иштери учурунда геологдор жер астындагы түпсүз туңгуюкту табышкан. Анын үстү көп өтпөй көчүп түшүп, натыйжада газга толгон аң пайда болгон. Зыяндуу газдын элге жана жан-жаныбарга зыяны тийбесин деген геологдор аны күйүзүп салууну чечишкен. Ошондон бери аңдан чыккан газ күнү-түнү өчпөй күйүп турат.
5
Жыл сайын миңдеген каракаттар түштүк австралиялык Спенсер булуңунда жупташуу үчүн чогулат. Бул табияттын эң бир кооз окуясы. Каракаттар өз мүдөөсүн билдирүү үчүн түсүн жана түзүлүшүн өзгөртүү жөндөмүн ушул жерден көргөзөт.
6
Бул сүрөт Бангладештеги диний мектепте тартылган. Балдар сабактан кийин футбол жана кум чачышмай ойношот. "Булар үчүн ким жеңип жана утканы маанилүү эмес, оюн аларга батып бараткан күндүн нуруна чайынуу үчүн керек",- дейт сүрөтчү.
7
"Кичинекей кезимде мен бир аяк жолдон жапайы түлкү көргөм. Мен бул жапайы жандыктын шаарга келишин көргөзгүм келген. Жаныбарлар бизге адам менен табият ортосундагы ажырым анчалык деле чоң эмесин эске салып турат. Күтүлбөстүк өзү күткөн окуя болушу керек", - дейт ирландиялык сүрөтчү.
8
Сүрөтчү жакыр жашаган индиялык үй-бүлөнүн балдары Жердин өз огунда айланганын билген кезин көргөзгүсү келген. "Алардын жылмаюусу алган билими үчүн кубангандыгын билдирет. Билим берүүнүн чыныгы максаты ушул",- дейт ал
9
Кытайлык фермери бамбук кайырмактарынын арасында.
10
"Жыгач гүлү" - Кытайдын эритилген темирди чачыраткан байыркы салты ушинтип аталат. Жыл сайын фестивал учурунда атайын окуган усталар темирди көлкүлдөтө эритип, андан соң аны туш тарапка чачыратып абага сүрөт тартышат. Чачырган темир көбүнчө дарактын уюлун же фейерверкти эске салат.
11
Сүрөттө: атасынан мураска калган эски алачыкта жашаган эркек.
12
Кыш бышырган бул меш 150 жылдан бери тынымсыз иштейт. Кытайдын Чжэцзян провинциясынын жумушчулары кышты ата-бабадан калган салттуу ыкма менен жасашат.
13
Бул сүрөттүн автору ага-ини Гриммдердин "Апакай жана Роза" деген жомогундагы каармандарды жараткан.
14
Сүрөттөгү бала Мумбайдын ээн райондорунун биринде рогатка менен чымчык атууда. Сүрөтчү бул жерде жүргөн балдардан өз чеберчилигин көргөзүүнү суранганда алар чындап мелдеш уюштурган.
15
Глобалдык жылуулукту бир жеңүүчү фотограф ушундай элестеткен.
Планетанын эң мыкты сүрөттөрү
Сунуш кылынган арга.
Баткен мумиясы кимден өч алып жатат?
XS
SM
MD
LG