- Бүгүн Улуттук илимдер академиясында белгиленип жаткан 55 жылдык салтанатта кандай маселелер козголот? Ушулар тууралуу айтып кетсеңиз?
- Программа боюнча акыркы жылдардагы илимий жетишкендиктер жөнүндө, проблемалар жөнүндө Улуттук Илимдер Академиясынын президенти, академик Жоробекова Шарипа доклад жасайт. Эки күн мурун биз республиканын президенти Курманбек Бакиев менен жолуктук эле. Ошол жерде дагы Илимдер академиясынын проблемалары жөнүндө сөз болгон.
Андан кийин биздин Улуттук илимдер академиясында үч тармактык бөлүмдөр бар, анан түштүк регионунда дагы бир бөлүм бар. Ошолордун жетекчилери чыгып, өздөрүнүн азыркы убакта алынган жетишкендиктери, илимий ийгиликтери, инновациялык технологиялары жөнүндө айтып берет.
- Туратбек агай, акыркы беш жылда Улуттук илимдер академиясында кандай өзгөрүүлөр болду, эмнелерге жетишти, эмнелерден уттурду?
- Көптөгөн эле жетишкендиктер болуп атат. Мына эки жыл мурун Илимдер аАадемиясынын өнүгүү боюнча үч жылдык концепциясы каралып, президиумда кабыл алынган болчу. Ошол концепцияга карата биз илимдин экономиканын, социалдык тармактын эң негизги приоритеттүү жактарында иштеп жатабыз азыр. Көп элдер ойлойт болуш керек, Илимдер академиясында жалаң эле фундаменталдык илим изилдөө иштери жүрөт деп. Бул жанылыштык. Биздин Илимдер академиясынын институттарында прикладдык, башкача айтканда практикага, экономикага, социалдык сферага багытталган илимий иштердин да көлөмү абдан чоң.
-Мына учурда жаш илимпоз, окумуштууларга, ойлоп табуучуларга академия тарабынан кандай колдоолор болуп жатат?
- Биздин жаштарга акыркы убакта абдан көп көңүл бөлүнүп атат. мисалы, бизде жаш окумуштуулардын кеңеши иштеп атат. андан башка ошол жаштарды колдөө үчүн фонд ачылган. Ошол фондго чет жактардан, анан Кыргызстандагы илимди колдогондордон каражат келип түшүп атат. Мына ошолордун негизинде конкурсттарды жарыялап, илимге умтулган, активдүү иштеген жаштарды колдойлу деп атабыз.
- Мына биздин жаш ойлоп табуучулар чет элдик конкурстарда сыйлыктарга жетишкени бизге маалым. Мына ушул ойлоп табуучулардын эмгектери эмне үчүн турмуш тиричиликке колдонулбай келатат азыр?
- Мунун бир нече себеби бар. Биринчи себеби, мына бизде Улуттук илимдер академиясында практикага багытталган жакшы инновациялык технологиялар бар. Бул жаңы материалдарды ойлоп чыгуу жагында, мисалы синтетикалык алмазды жасап чыгуу технологиясы чыккан. Анын негизинде өңдүрүшкө керектүү инструменттерди жасоо жагынан технологиялар чыккан.
Андан башка машина таануу институтун ала турган болсок, ал жерде бургулоочу агрегаттар иштелип чыккан. Алар жолдорду курууда жана реконструкциялоодо, курулуш иштеринде кеңири колдонулат. Мына азыркы күндө ушул бургулоочу машиналар Камбар-Ата ГЭСинде колдонулуп жатат.