“Сыябан" маектин коногу Кыргыз эл артисти, Жалал-Абаддагы облустук филармониянын солисти Шахра Талипова.
Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын кызматкерлери аттестациядан өтүп жатат. Маданият министрлигинин маалыматында, бул театрдагы кызматкерлердин чеберчилигин арттыруу жана ээлеген кызмат ордуна татыктуу экенин баалоо максатында жасалууда.
“Куугунтук курмандыктары” подкастында коопсуздук кызматынын отставкадагы полковниги, бир нече даректүү изилдөөлөрдүн автору Талант Разаков жана белгилүү жазуучу, тарыхчы Арслан Капай уулу Койчиев менен ХХ кылымдын башындагы окуялар, кыргыздардын өз алдынчалыкка жетүү мүдөөсү, ошол доордун каармандарынын бири Төрөкул Жанузаков тууралуу кеп кылабыз.
Кыргыз эл баатыры, режиссер, белгилүү саясий ишмер Дооронбек Садырбаев быйыл тирүү болгондо 85 жашка чыкмак.
“Элдин балдары” подкастынын бул жолку коногу алып баруучу, тамада Урмат Борченов. Аны менен тойдогу ысырапкерчиликтен баштап, коомдогу көйгөйлөр, жарандык активизм жөнүндө сүйлөштүк.
Социализм тушунда Арстанбектин чыгармалары идеологиялык зыяндуу, реакциячыл деп бааланып, эчен жылдар тыюу салынып келди. Жарамсыз система тарыхый тактысынан шыпырылып түшкөндөн кийин улуу акындын адабий мурасына жол ачылды.
Белгилүү обончу, аткаруучу Бакыт Капаров 55 жашында акка моюн сунду. Буга чейин ал инсульт алып, клиникалык тез жардам ооруканасына түшкөнү маалым болгон. Сахналаштарынын айтымында ал комага түшкөн бойдон өзүнө келбей, көз жумуп кете берди.
Кыргыз Республикасынын Баатыры Дооронбек Садырбаевдин быйыл 85 жылдык мааракеси белгиленет. Ал кино дүйнөсүндө эле эмес, өлкөнүн саясий, коомдук турмушунда калыс сөзү, оппозициячыл маанайы менен айырмаланган инсан болгон. Садырбаев 70тен ашуун даректүү, 16 көркөм тасмада режиссерлук кылган.
Улуттук “Манас” театры Бишкекте “Андай эмес” деп аталган айтыш-концертин тартуулады. Уюштуруучулар бул кечени акындардын дарегине айтылган айрым сындарга жооп катары уюштурганын айтышат. Эл төкмө акындарды адилеттикти туу тутуп ырдаган өнөр ээси деп билет.
Дагы жүктөңүз