Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:48

23-февралда “Кызыл армия жаралгандыгы” – ойдон чыгарылган бүтүм


Кыргыз жоокерлери. 23.2.2019.
Кыргызстандын Куралдуу күчтөрү 1992-жылы 29-майда негизделген. Кыргыз жоокерлери. 23.2.2019.

Совет доорунун башатынын айрым тарыхый окуялары бир кылым өткөн соң жаңыча көрүнө баштады. Алардын бири – “1918-жылы 23-февралда Кызыл армия төрөлгөн” деген жомок. Анийне, анча-мынча постсоветтик өлкөлөрдө ал күн дагы эле жасалма майрамдалып келет. Тарыхчынын блогу.

Сөз башы

Постсоветтик Орусияда жана анын айрым сателлит “шериктеринде” ар жылы 23-февралды өзгөчө майрамдап келишет.

Совет доорунда, бала чакта жана жаш кезде, бул майрамды “Кызыл армиянын туулган күнү” катары майрамдаар элек. Негедир эркектер гана жоокер боло ала тургансып, аны эркектердин майрамы катары белгилечүбүз.

Асколд көрүстөнү. Украина. 29.1.2018.
Асколд көрүстөнү. Мында 1918-жылы 29-январда Круты кыштагынын жанында кызыл аскерлер атып өлтүргөн туткундагы эгеменчил украин студенттерине арналган эстелик тургузулган. Украина. 29.1.2018.

1922–1946-жылдары Советтик Орусияда (кийин Советтер Биримдигинде) бул майрам “Кызыл армия менен флоттун күнү” катары белгиленип келген.

Ал эми Экинчи дүйнөлүк согуш аяктаган жылдан кийинки мезгилде (1946-жылдын 25-февралынан) тартып мурдагы “Жумушчу жана дыйкандардын Кызыл армиясы” тек гана “Советтик армия” деп аталып калды да, 23-февралдагы жоокердик майрам Советтер Биримдиги биротоло ыдыраганга чейин “Советтик армиянын жана аскер деңиз флотунун күнү” катары жыл сайын белгиленип жүрдү.

Постсоветтик доордо жаңы жумурияттардын басымдүү көпчүлүгү бул майрамдан биротоло баш тартты. Кремлчил саясатчылар бийлеген айрым жумурияттарда бул майрамга “жаңы чапан” кийгизишип, азыркы тапта да аны белгилеп келишет, бирок ал жумурияттардын өздөрүнүн Куралдуу күчтөрү түзүлгөн күн – таптакыр башка дата болуп эсептелет.

Айрым өлкөлөрдө кээ бир мекемелердеги эмгек жамааттарында 23-февралды “Эл аралык аялдар күнү” катары майрамдала турган 8-март күнүнө “тең салмак” болсун үчүн “эркектер күнү” катары алигиче майрамдап келишет.

Албетте, буга чейин ар кыл жамааттарда 23-февралды “Мекенди коргоочулар күнү” катары майрамдап келгенибизди эч тана албайбыз.

Ошону менен бирге, соңку учурларда Орусияда, Кыргызстанда жана башка кээ бир өлкөлөрдө 23-февралды майрам катары расмий белгилөөдөн баш тартуу чакырыктары жүйөөгө негизденип, жаңы күч менен жасалууда.

Кызыл аскерлердин топторун түзүү далаалаттары 1918-жылдын февралына чейин башталган

1917-жылы күзүндө Өктөбүр ыңкылабы аркылуу бийликке келген болшевиктер оболу чакан жана чачкын “кызыл гвардия” топторун гана түзүшкөндүгү маалым.

Советтик Орусиянын алгачкы калыптануу маалында армиянын Башкы командачысы кызматын (1917-жылдын 12-ноябрынан 1918-жылдын 14-мартына чейин) мурда прапорщик аскер чининде болгон ыңкылапчы болшевик Николай Васильевич Крыленко (1885–1938) аркалап турган. (Кийин ал сталиндик репрессияларды уюштуруучулардан болгон, бирок өзү да 53 жашында атууга кеткен).

1917-жылы 25-декабрда Николай Крыленконун колу коюлган № 1007 буйрукта “Элдик социалисттик гвардия” деген аскердик топторду түзүү чарасы тууралуу айтылган.

Ошол жылы 29-декабрда советтик Орусиянын Башкы командачысы Н.В.Крыленко “Жумушчу жана дыйкандык Орусиянын армиясы жана флоту” (“Армия и Флот рабочей и крестьянской России”) аттуу гезитке өлкөдөгү калайыкты ыңкылапчыл “Элдик социалисттик гвардиянын” катарына кирүүгө чакырган.

Кызыл армияны түзүүнүн баштапкы аракеттери 1918-жылы январда андан ары улантылган.

Болшевик Николай Ильич Подвойский (1880–1948) Орусиянын Кеңеш өкмөтүндө Аскердик жана деңиз иштери боюнча алгачкы эл комиссары болуп (1917-жылдын ноябрынан 1918-жылдын мартына чейин) иштеген. (Аны Кызыл армиянын энбелгиси – беш бурчтуу кызыл жылдызды жана “Кызыл Жылдыз” орденин ойлоп тапкан ишмер катары жоромолдошот).

1918-жылы 14–15-январда (Григорий жыл санагы боюнча 27–28-январда) Аскердик жана деңиз иштери боюнча эл комиссары Николай Подвойский Жумушчу, жоокер жана дыйкан депутаттарынын Бүткүл орусиялык Үчүнчү курултайында мурдагы армияны реформалоо чакырыгын камтып, сөз сүйлөгөн. Анын чыгып сүйлөгөн сөзүндө алгачкы жолу “Кызыл армия” термини колдонулган.

Советтик Орусиянын өкмөт башчысы Владимир Ленин 1918-жылы 15-январда (Григорий жыл санагына ылайык 28-январда; башкача айтканда, 23-февралдан алда канча мурда эле) эле “Жумушчу жана дыйкандардын Кызыл армиясын” («Рабоче-Крестьянская Красная Армія») түзүү жөнүндө атайын декретке кол койгон.

(Булак: Декреты Советской власти (Совет бийлигинин декреттери). — М., 1957. — Т. I. — Б. 356—357.)

Советтик парламент биротоло түзүлө элек кезде болшевиктик өкмөт кыйла убакыттар бою ушундай декреттер аркылуу башкарылып келгендиги тарыхта маалым.

15-январдагы (28-январдагы) лениндик декретте болочокку Жумушчулардын жана дыйкандардын Кызыл армиясынын жоокерлери өкмөт тарабынан толук камсыз кылынаары айтылган жана ар жоокерге ай сайын кошумча 50 рубл акча төлөнөөрү тууралуу убада кылынган.

Бул Кызыл армиянын жогорку жетекчи органы катары Эл Комиссарлар Кеңеши көрсөтүлгөн жана кызыл аскерлерди тикелей жетектөө иши Аскер иштери боюнча комиссариатка жана ага караштуу Бүткүл орусиялык коллегияга жүктөлгөнү да декреттте айтылган.

Бирок бул декрет кол коюлгандан беш күндөн кийин гана жарык көргөн. Ал кезде советтик Орусиянын эптеп кайзердик Германия менен убактылуу болсо да тынчтык келишимин түзүү үчүн жанталашып жаткан өкмөтү немистердин монархиялык бийлигин кыжырдантуудан чочулап, алиги декретти жарыялоону маалкаткан.

Дегиңкиси, Кеңеш бийлигинин түзүлүшүнүн тарыхы анын 1917-жылы 25-октябрда (Григорий жыл санагы боюнча 07-ноябрда) жарыяланган саатынан тартып эсептелип келе жаткан соң, Кызыл армиянын туулган күнү катары 1918-жылдын 15-январын (28-январын) көрсөтүү деле акылга сыймак.

1919-жылы 10-январда Николай Подвойский Жумушчулардын жана дыйкандардын Кызыл армиясынын туулган күнү катары 28-яянварды белгилөө тууралуу сунуш кылган, бирок советтик аткаминерлер бул сунушка жарандык согуштагы кымгууттук жана башаламандык маалында өз учурунда көңүл бура албай калышкан.

Ал эми 1918-жылы 21-февралда Орусиянын Эл Комиссарлар Кеңеши “Социалисттик ата мекен коркунучта!” деген чакырыкты кабыл алгандыгы жана бул текст баракча катары таркатыла баштагандыгы анык.

Айтмакчы, Биринчи дүйнөлүк согуштун азап-тозогунан чаалыккан көптөгөн мурдагы жоокерлер дароо эле Кызыл армияга жазыла койгон эмес. Айрым жоокерлер советтик режимге каршы тараптардын (“актардын”) катарында өз ыктыяры менен салгылашып жатышкан.

Жүз миңдеген мурдагы жоокерлер (айрым маалыматтарга караганда, дээрлик үч миллиондой киши) эч жакка кошулбастан, дезертир болуп жүрүшкөн. (Өктөбүр ыңкылабына чейин болшевиктердин өздөрү орусиялык, германдык жана башка жоокерлерди империалисттердин армиясына кызмат өтөөдөн жапырт баш тартууга чакырышкан эмеспи).

Деги 1918-жылы 23-февралда эмне окуялар болду эле?

Дароо айта кетүү керек: 1918-жылы дал ушул күнү Кызыл армияны негиздөө тууралуу эч кандай расмий документ кабыл алынган эмес. Жогоруда айтылгандай, тийешелүү расмий документ бул феврал күнү эмес, өткөн айда эле кабыл алынган болчу.

23-февралды Кызыл армия үчүн маанилүү дата катары “актоо” үчүн, адатта, “ошол күнү жумушчу жана дыйкандар жапатырмак кызыл аскер катары каттала башташкан, Нарва менен Пчковдун алдында ийгиликтүү согуш аракеттери жүргөн”, деген аңыз кептерди болшевиктер кийин гана ойдон чыгарышкан.

Ал эми согуш майданынын кабарларына келсек, 1918-жылдын 18-февралында кайзердик Германиянын аскерлери Орусияга каршы олуттуу чабуулга өтүшүп, бир нече күндүн ичинде эле 300 чакырымга чейинки аралыкты айыгышкан салгылашууларсыз эле каратып алышкан.

“Кайзердик аскерлер басып кирип келди” деген чуулгандуу кабардан улам эле кызыл гвардиячылар жана башка жоокерлер кача башташкандыгы жөнүндө немис генералдары да, Николай Крыленко сыяктуу болшевик саясатчылары өздөрү да ачык эскеришкен.

Демек, советтик Орусиянын европалык бөлүгүндө 1918-жылы 23-февралда Кызыл армия үчүн мактана турган эч кандай окуя деле болгон эмес.

1918-жылы 22-февралда борбору Кокон шаарында жайгашкан Түркстан автономиясынын кулашынын тарыхына келсек, аны постсоветтик тарыхнаамада демократиялуу, көп партиялуу, ар кыл менчик түрлөрүн сыйлаган мамлекеттик түзүлүш куруунун чөлкөмдүк далаалатынын ойрон болушу катары кабылдай башташты. Ал кезде Түркстан аймагы менен советтик Орусиянын ичкерки (чыгыш европалык) аймагы өз ара бөлүндүдө калып турган.

Николай Подвойский менен Айседора Дункан айым. Маскөө. 1920-жылдар.
Кызыл спорт интенационалы уюмунун башчысы Николай Подвойский менен америкалык бийчи Айседора Дункан айым. Маскөө. 1920-жылдар.

Эмне үчүн 23-февралды майрам күнү катары тандап калышкан?

Николай Подвойский Жумушчулардын жана дыйкандардын Кызыл армиясынын туулган күнү катары 28-январды белгилөө тууралуу 1919-жылдын алгачкы айында жолдогон сунуш боюнча өз маалында чечим кабыл алынбай калгандыктан, болшевиктик бийликтер ошол 1919-жылы кызыл аскерлердин дарегине жылуу сөз айтуу үчүн “Кызыл белек-бечкек күнүн” колдонууну туура көрүшкөн.

Андан бир жыл мурда, 1918-жылы 17-февралда, жаңыдан түзүлө баштаган кызыл аскерлердин топторуна арнап, азык-түлүк жана эң зарыл буюм-тайымдарды чогултуу үчүн атайын “Кызыл белек-бечкек күнү” өткөрүлгөн болчу.

Бирок 1919-жылы 17-феврал күнү – жумуш күндөрүнө туура келип калгандыктан, бул үгүттүк жана маданий иш-чараны жакыныраак жекшемби күнгө – 23-февралга кечеңдетишкен да, бир эле учурда Кызыл армиянын бир жылдык шарттуу мааракесинин чараларын да ошол күнү чогуу өткөрүшкөн.

Жарандык согуштун түйшүктөрүнөн улам аскерлерге арналган бул майрам 1920–21-жылдары кайрадан унутта калган.

1922-жылы январда, советтик Орусиянын жана ага шериктеш советтик жумурияттардын кеңири аймагында жарандык согуш артта калган кезде (ал учурда Советтер Биримдиги расмий негизделе элек болчу), советтик Орусиянын Борбордук Аткаруу Комитети (парламенти) Жумушчулардын жана дыйкандардын Кызыл армиясынын жылдыгын өткөрүү тууралуу камылгалар көрө баштаган жана анын датасы катары 23-февралды шарттуу тандаган.

Кийинчерээк, 1933-жылы 5-мартта, ал кездеги СССРдин Аскердик жана деңиз иштери эл комиссары Климент Ефремович Ворошилов “Правда” гезитиндеги “Кызыл армияга 15 жыл” деген макаласында мындайча “агынан жарылып” жазган:

“Айтмакчы, Жумушчулардын жана дыйкандардын Кызыл армиясынын жылдыгын 23-февралга байлап белгилөө – деги эле кокусунан келип чыкты да, түшүндүрүүгө эч мүмкүн болбогондой мүнөзгө ээ болду жана ал тарыхый даталарга дал келбейт”.

(“Кстати сказать, приурочивание празднества годовщины РККА к 23 февраля носит довольно случайный и труднообъяснимый характер и не совпадает с историческими датами”).

Ал эми “Порт-Артур” романы үчүн 1946-жылы Сталиндик сыйлыктын ээси болуп калган жазуучу Александр Николаевич Степанов (1892–1965) өз алдынча иликтөө жүргүзүп, 1918-жылы 23-февралда Нарва менен Псковдун алдында эч кандай салгылашуу болбогондугун тастыктап жазган. Анын Иосиф Сталинге ушул жаатта жазган каты боюнча ошол кездеги идеолог тарыхчылар бул калемгерге алиги майрам тууралуу мындан ары баш оорутуп отурбоо сунушун жолдошкон.

Азыркы тапта дагы көптөгөн орусиялык калемгерлер “шарттуу датага баш оорутуп отурбастан, жөн гана салттык жөрөлгө катары аны майрамдай берүү” сунуштарын байма-бай айтып келишет.

Ал эми Сергей Волков, Андрей Зубов сыяктуу орусиялык тарыхчылар дал ушул күнү – 1918-жылдын 23-февралында, болшевиктердип партиясы – РСДРП(б)нын Борбордук Комитети өз отурумунда германдык ультиматумду шартсыз кабыл алуу тууралуу “чыккынчылык” чечим кабыл алгандыгын, бул күнү башка эч кандай мактанаарлык олуттуу окуялар болбогондугун белгилешип, бул күн – улуттук шылдыңга калуу күнү болгон, деп өздөрүнүн майрам датасына каршы пикирлерин жарыялашкан.

Павел Дыбенко жубайы Александра Коллонтай менен.
Павел Ефимович Дыбенко жубайы Александра Михайловна Коллонтай менен. Украина. 1919-жыл.

Тарых илимдеринин доктору, профессор Сергей Владимирович Волков (1955-жылы Маскөөдө туулган), маселен, мындай деп жазат:

“Дыбенко жетектеген деңизчи жоокерлер (матростор) Иевве темир жол бекетинин жанындагы анчейин олуттуу деле болбогон кагылышуулардан соң, Нарванын алдындагы (майдандан) дыргаяктап качып жөнөштү. Ал эми дал ушул 23-февралда болшевиктер толук жеңилүүгө учураган соң, – Б.П.Позерндин Псковдогу Аскердик революциялык комитеттин мүчөсү катары Петроградга кабарлаганындай, – Псков (шаары) “немистердин азганактай сандагы эле күчтөрү тарабынан каратылып алынган”.

(“После ряда незначительных столкновений под станцией Иевве дыбенковские матросы в панике бежали из-под Нарвы. Псков же после боев, окончившихся именно 23 февраля полным поражением большевиков, на следующий день, как сообщал в Петроград член Псковского ВРК Б.П. Позерн, «был занят незначительными силами немцев»”).

(Караңыз: Волков С.В. Праздник государственной измены? // Новая газета. – 22.2.2012. – № 19).

Мындагы Иевве темир жол бекети азыркы тапта Эстониянын түндүк-чыгышындагы Йыхви (эстончо Jõhvi) шаары катары маалым. Йыхви шаары эстондук Нарва шаарынан 47 чакырымдай батышыраакта жайгашкан.

СССРде тарых сабактарында “актар” деп жалпы аталган антиболшевиктик тараптын бир бучкагы болгон Ыктыярдуулар армиясы (“Добровольческая армия”) тууралуу сөз кылсак, бул армиянын кошуундары 1918-жылы дал ушул 23-февралга караган түнү Ростов-на-Дону тараптан Кубан жергесин көздөй ийгиликтүү жүрүш баштап, “кызылдардын” анча-мынча чабуулунун мизин майтаргандыгы да тарыхта маалым.

Демек, жалпысынан, орусиялыктар азыр дагы 23-февралды майрамдоо маселесинде бир кылка пикирде эмес.

Кыргызстандагы жана башка постсоветтик айрым өлкөлөрдөгү кырдаал

Кыргызстандын өкмөтү 2003-жылдын 20-январындагы токтомуна ылайык 23-февралды “Ата Мекенди коргоочулар күнү” деген аталышта расмий майрам күнү катары кабыл алгандыгы маалым.

Айтор, Орусия, Тажикстан жана Беларус сыяктуу эле Кыргызстан дагы бул майрамды расмий белгилөөнү улантууда.

Укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыров, ошондой эле Алмаз Тажыбай, Өмүрбек Абдыракман жана башка жарандар кыргызстандыктарга “мындан ары 23-февралды майрам катары белгилебегиле” деген чакырыктарын интернеттеги коомдук тармактар аркылуу жарыялап жатышат.

Аларды колдогон кыргызстандыктар “Ата Мекенди коргоочулар күнү” катары 23-февралды эмес, өлкөнүн Куралдуу күчтөрү негизделген “29-майды майрамдашыбыз керек”, деген пикирлерин арбын айтышууда.

Биз дагы эгемен жумуриятыбыз үчүн алардын пикирлери толук жүйөөлүү экенин баса белгилейбиз.

“Бул – салттык майрам, аны бабалар майрамдап келишкен” деп аларга каяша кылгандар да арбын. Айрым мурдагы советтик ардагерлер өмүр бою бул күндү өздөрү үчүн барктуу күн катары санай беришээри ажеп эмес.

Бирок бул майрамдын датасынын негизделиши калпыс болгондугун даректүү маалыматтарга негизденип баса белгилөөгө аргасызбыз.

Эгемен Украина 23-февралдагы бул майрамды 2014-жылы 14-октябрда жокко чыгарган. Дал ушул 14-октябр күнү Украинада “Ата Мекенди коргоочу мырзанын жана айымдын күнү” катары белгиленип келет. (Чынында да, Атажуртту ар дайым аялдар эркектерден кем калышпастан коргошот эмеспи).

Казак жоокерлери Отар аскердик машыгуу жайында. 07.8.2019.
Казак жоокерлери Отар аскердик машыгуу жайында өнөр көрсөтүүдө. 07.8.2019.

Казакстанда болсо “Ата Мекенди коргоочулардын күнү” жыл сайын 7-майда белгиленет.

(1992-жылы 7-майда Казакстандын Куралдуу күчтөрүн негиздөө тууралуу президенттик жарлык чыккан).

Кызыл аскерлерге кошулган ыктыярчылар.
Кызыл аскерлерге кошулган ыктыярчылар.

Өзбекстанда “Ата Мекенди коргоочулардын күнү” ар жылы 14-январда белгиленет. 1992-жылы ушул күнү эгемен Өзбекстандын Куралдуу күчтөрү негизделген.

Түркмөнстан болсо “Ата Мекенди коргоочулардын күнү” майрамын жыл сайын 27-январда белгилейт. 1992-жылы ушул күнү эгемен Түркмөнстанда Коргоо министрлиги түзүлүп, Куралдуу күчтөрү калыптана баштаган. (Майрам тууралуу президенттик жарлык 2009-жылы чыгарылган).

Демек, көпчүлүк постсоветтик жумурияттар азыркы Кремлге кылчактап отурбастан эле 23-февралды майрам күн катары саноодон чечкиндүү баш тартышкан.

Кыргыз жоокерлери "Ала Тоо" аянтында. 31.8.2021.
Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн жоокерлери "Ала Тоо" аянтында. 31.8.2021.

Жеке пикирибизде, эгемен Кыргызстан үчүн да “Мекенди коргоочулардын күнүн” 29-майга которууга кезек келди.

Редакциядан. Автордун пикирин сөзсүз эле редакциялык турум катары кабылдоого болбойт.

XS
SM
MD
LG