"Азаттык" радиосу чоң каражат айланган Кыргызстандагы вебкам-студияларда талкаланган тагдырларды, "Телеграм" топтордогу ормон опузаны иликтеди.
Бишкектеги университеттин биринчи курсунун студенттери Мээрим менен Ажар акча табуу жолун издеп жатышкан. Бир күнү Ажар "Инстаграмдан" татынакай кыздар үчүн жумуш бар экендиги тууралуу жарыяны көрүп калат.
"Биринчи ал ошол жакка барып келди, интернетте жөн эле бирөөлөр менен кат жазышып, ич кийимди көрсөтүү керектигин айтышыптыр. Башка эч нерсе кылбай эле, ушулар үчүн жакшы акча төлөөнү убада кылышкан", - дейт 22 жаштагы Мээрим (кыздардын ысымдары өзгөртүлдү).
Курбулар Бишкектеги ондогон вебкам-студиялардын биринде иштеп башташат. Кардарлар алар менен маектешкени, кыздардын камера алдында чечингени жана башка сексуалдык кыймыл-аракеттери үчүн акча төлөп турушкан. Адегенде мындай иш үчүн жакшы төлөп жатышты.
"Биринчи айда мен 1000 долларга жакын акча алдым, Ажар андан бир топ көп тапты. Ал бардыгы 3000 доллардай алды. Экинчи айда дагы жакшы акча алдык. Андан кийин акчаны кескин азайтып, 600 доллардай гана төлөп калышты", - дейт Мээрим.
Эскертүү: айрым сүрөттөлүштөр үрөй учурарлык болушу мүмкүн.
Кыздардын ишинде кыйынчылыктар башталып, Мээримдин айтымында, менеджер аларды коркутуп опуза кыла баштаган. Көңүлү катуу чөгүп, депрессиядан чыга албай калган Ажар бир жылдан кийин өз жанын кыйган.
Мээрим жана Ажар – "Азаттык" радиосунун Кыргызстандагы вебкам-студияларга арналган жаңы иликтөөсүнүн башкы каармандары. Миллиарддаган доллар айланган бул глобалдык индустрияда Кыргызстан Орто Азиядагы ири аймактык борбор болуп калды.
Иликтөө көптөгөн кылмыштарды ачыкка чыгарды. Анын ичинде шантаж, зордуктоо жана доксинг, тагыраак айтканда вебкам-студиялардан акча табууга аракет кылган кыздардын жашыруун жеке маалыматтарын жарыялоо жагы да бар. Бүткүл дүйнөлүк банктын маалыматы боюнча, Кыргызстандын калкынын үчтөн бирине жакыны жакырчылыкта жашайт.
“Азаттык” радиосунун журналисттери Кыргызстандагы вебкам-студияларда ушул кезге чейин иштеген же дагы эле иштеп жаткан көптөгөн кыздар менен, дагы башка булактар, анын ичинде моделдерди жалдаган, аларды видеого тартууларды уюштурган жана кардарлар менен иш алып барган эркектер менен да маектешти. Булардын бардыгы туугандары же достору билип коюшат деп корккондуктан, анонимдүүлүк (аттарын жашыруу) шартында гана башынан өткөндөрүн айтып берүүгө макул болушту.
Бул көмүскө дүйнөнүн тузагына илингендер көпчүлүк учурда милицияга кайрылгандан коркушат. Себеби, айрым булактардын маалыматы боюнча, милиционерлер вебкам-студиялардын иштерин тымызын калкалап турган учурлар да жок эмес.
"Мен милицияга кайрылуудан корккон бир нече кызды таптым, анткени милиция көп учурда ушундай кыздардан акча өндүргөн жагдайлар болгон", - дейт өлкөдөгү вебкам-студиялар тармагы тууралуу көп жазган "Клооп" медиасынын журналисти Александра Титова.
"Тажрыйбасы жокторду табуу керек"
Изилдөөчүлөрдүн жана бул көмүскө интернет түйүнүнө тиешеси барлардын айтымында, дүйнөлүк вебкам-индустрия тармагы жылына миллиарддаган долларлык киреше табат. Бишкек жана коңшу Казакстандын мурдагы башкалаасы Алматы Борбор Азиядагы вебкам студияларын өнүктүрүү борборуна айланган.
Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы менен тыгыз кызматташкан Radar.kg долбоорунун журналисти Карачач Шакирова өлкөдөгү вебкам-студияларда 4000ден 5000ге чейин кыздар иштейт деп эсептейт.
“Кээ бирлер үйүндө отуруп алып иштейт, студиялар аларга логистика жагынан, кээде ижара акысын төлөө жагынан жардам беришет; башкалары студиялар ижарага алган жайларга барып иштешет. Ушундай үй-студияда адатта бир эле учурда 30га чейин кыз иштей алат. Айрым студиялар өз кызматкерлерин жатакана жана тамак-аш менен камсыздап турушат”,- дейт Бишкектеги вебкам-студиянын мурдагы менеджери Таалай (аты өзгөртүлдү).
"Азыр мен иштеген студияда 30 кыз иштейт, бирок алардын ичинен жүктүн көбүн бешөө эле көтөрөт. Эң башкысы, моделдерге айлык-акы коюу керек. Мына, бизде бир модель бар, ал 235 долларлык айлыкка макул болду. Бирок биз ал аркылуу жумасына кеминде 2 миң доллар табабыз”, - дейт азыр вебкам-студияда оператор болуп иштеген Таалай.
Башка булактар да Таалайдын сөзүн ырасташат: адатта студиялар кирешенин 50-70% алып коюшат. Таалай айыл жеринен келген кыздарды жалдоого артыкчылык берилээрин айтат: “Тажрыйбасыз, эч нерсени түшүнбөгөндөрдү табыш керек. Аларга бир аз акча, эки жүз доллар берсең, ошого эле иштей беришет”. Анын айтымында, ал Алматыда же Москва облусунда жашаган кыздар менен көбүрөөк иштешет.
“Бишкек өтө эле кичинекей жана иштөөгө даяр кыздарды табуу кыйын болуп калды”, - дейт ал. Мээрим менен Ажарга да вебкам-студиядагы иштерин башкалардан жашыруу үчүн Кыргызстан өтө эле тар чөйрө болуп чыкты.
"Ал жөн эле алдап жатат"
Мээрим менен Ажар Бишкекте төрөлүп-өсүшкөн. Бир учурда алар карызга батып калышып, "официантканын айлыгы жашоого жетпей калды" деп ата-энелерине айтуудан коркушкан. Вебкам-студияларда иштөө көйгөйдү чечүүнүн жолу болуп көрүнгөн. Мээрим Ажардын "шайдоот, жылдыздуу, шайыр кыз" болгонун, башында ага вебкам-студияда иштөө оңой көрүнгөнүн айтат.
"Анын бат эле туруктуу кардарлары пайда болду. Менин билишимче, ал баарыбыздан көп акча тапчу. Биз ал кезде бул система кандай иштээрин билчү эмеспиз. Көрсө, биз абдан көп акча тапчу экенбиз, а бизге болгону чакан айлык гана төлөп коюшчу", - деп эскерет Мээрим.
Жумуштун үчүнчү айында кыздардын айлыктары кыскартылып, алардын арызданууларына жооп катары администраторлор кыздардын интимдик видеолорун жана жеке маалыматтарын интернетте жайылтабыз деп коркутушкан. Мээримдин айтымында, менеджер аларга Ажардын жигитинин телефон номери бар экендигин айтып коркуткан.
"Ажар өжөр эле, ал коркутууга ишенбей, "анда жигитимдин номери жок, жөн гана алдап жатат" деп туруп алды. Кантип алышканын билбейм, бирок Ажардын телефонундагы бардык байланыш номерлери биздин менеджерде бар экен. Аларды кандайдыр бир жол менен көчүрүп алса керек. Андан кийин ал Ажар тартылган бир нече купуя видеону анын жигитинин WhatsApp номерине салып жибериптир. Аны көргөн жигити Ажар экөө аябай урушуп кетишти, мамилелери бузула турганын да айтышты. Ажар катуу стресске дуушар болду”, - дейт Мээрим.
Дамира менен (Мээримдин айтуусунда менеджердин аты) байланышуу аракетинен майнап чыккан эмес.
"Мен Ажарды тынчтандырып, аны менен сүйлөшүүгө аракет кылдым. Бирок ошол эле учурда өзүм да аябай корктум. Кокус менин сүрөттөрүм же видеолорумду ушинтип жайылтып салышса эмне болот?! Балким, Дамира мындай материалдарды менин ата-энеме же тааныштарыма жиберип койдубу? Мен Instagram, Facebook, "В Контактедеги" бардык баракчаларымды өчүрүп жок кылдым. Жада калса телефонумду алмаштырдым, башка SIM карта алдым”, - деп сөзүн улантты Мээрим. Ошондон кийин ал курбусу менен көпкө чейин байланышкан эмес.
"Мен бир топтон кийин телефон чалууга чыгынып, аны менен жолугушканымда Ажарды араң тааныдым. Ал ушунчалык өзүн жоготуп, баарынан чарчап тажап тургандай көрүндү. Анан жайында биз Ысык-Көлдө жүргөндө, ата-энем Ажар асынып өлгөнүн угузушту, - дейт Мээрим. – Элестетсеңиз, ал болгону 19 жашта эле”.
Милициянын коргоосунда
Мээрим курбусу Ажар экөө милицияга кайрылууга батынышпагандыгын, себеби айыбы ачылып калат деп коркушкандыгын айтат. Ушул убакка чейин алардын достору жана туугандары эки кыздын башынан эмнелер өткөнүн билишпейт.
Кыргыз милициясы "порно-студиялар" деп аталган рейддер жөнүндө үзгүлтүксүз отчет берип турат. Алардын натыйжасында кыздарга жана видеоператорлорго анча чоң эмес айып пулдар салынат.
Үч башка булак бизге мындай студиялардын ээлери жогорку даражалуу аткаминерлердин коргоосунда экендигин билдирди.
"Каржы полициясында да өз “крышаңыз” болсо жакшы. Эгерде мыйзамдуу бизнесиңиз болбой туруп, сиздин эсебиңизге олуттуу акча которуулар болгонун Каржы полициясы байкап калса (ал жерге жума сайын 10 -12 миң доллар которулуп турат), анда алар дароо текшерүүнү башташат”, - дейт Таалай. [Интервью Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) жоюла электе жазылган.]
Укук коргоо органдары вебкам моделдерин шантаж кылуу фактылары боюнча иштерди козгогон, бирок көпчүлүк учурда тараптар соттон тышкары элдешүү келишимин түзүп, ишти жаптырышкан. Бир нече учурда сот айыпталуучуну айып пулга же шарттуу мөөнөткө кесүүгө өкүм кылган.
Бийликтегилер мындай кылмыштарга бөгөт коюп, алдын алуу боюнча кандайдыр бир аракеттер көрүлүп жаткандыгы тууралуу эч нерсе айтышпайт. Айрым тартип коргоо кызматкерлеринин мындай кылмыштарга аралашканы жана студия кожоюндарын калкалаганы тууралуу айыптоолорго байланыштуу суроолорубузга Ички иштер министрлиги кыска аудио комментарий менен жооп берди.
“Вебкам студиялар негизинен Бишкек шаарынын аймагында катталган. Бул боюнча Ички иштер министрлиги башка укук коргоо органдары менен бирге вебкам-студияларды таап аныктоо багытында иш алып барып жатат. Андан сырткары бул ишке милиция кызматкерлеринин тиешеси бар экендиги тууралуу маалыматтар тастыкталган жок. Эгер каттала турган болсо ИИМдин Ички иликтөө кызматы тарабынан кызматтык иликтөө жүргүзүлүп, анын жыйынтыгы тууралуу коомчулукка ачык жарыялайбыз", - деп билдирди ИИМдин басма сөз кызматынын өкүлү Адинай Жантай кызы.
Вебкам-студияларда иштеген кыздардын негизги көйгөйү - Кыргызстанда мындай иштерди жүргүзүү үчүн мыйзамдык базанын жоктугунда. Милициянын вебкам-студияларда жүргүзгөн рейддери адатта администраторлор менен моделдерге "порнографияны жайылткандыгы" үчүн айып пулдарды салуу менен аяктайт.
Александра Титова бул бизнести мыйзамдаштыруу жана ага салык салуу керек деп эсептейт. Анткени бул вебкам-студияларда иштеген аялдарды көзөмөлгө алууга жана коргоого мүмкүндүк берет.
"Мен кыздарга кайрылгым келет: эгер кимдир бирөө сизди шантаж кылып коркутуп жатса, журналисттер менен байланышыңыз, полицияга кайрылыңыз. Коркпоңуз: эгер сизди колдогондор болсо, анда өзүңүздү бардык жерде коргой аласыз. Шантаж жасагандардын айткандарына баш ийип бербеңиз, - дейт Титова. - Алардын колунда сиз тууралуу купуя материалдар болсо, андайлар сөзсүз түрдө сизди баш ийдирип алууга аракет кылат. Эмоционалдык жактан алганда бул өтө оор кысым, ага чыдап, унчукпай отура берүүнүн кереги жок”.
"Телеграм" топтордогу доксинг
Акыркы жылдары кыргыз вебкам моделдери популярдуу, шифрленген Telegram мессенжеринде доксингдин курмандыгына да айланды.
Клооптун журналисти Титова "Телеграмдагы" көптөгөн ошондой топторду таап чыккан, анда эркектер интернеттеги вебкам-моделдердин артынан түшүп ким экендигин билүүгө аракет кылышып, көп учурда аларды шантаж кылып акча табуу максатын көздөшкөн. Ар бир ушундай топто миңдеген катышуучулар бар, көпчүлүгү жасалма ысымдардын артына жашырынып алышкан.
Ушундай топтордун иштери жөнүндө журналист, жарандык активист Азият Жекшеевдин фильминде да айтылат.
"Айрым учурларда, мен бардык учурларды айта албайм - мындай иштердин артында бул бизнести көзөмөлдөгөн адамдар өздөрү турушат. Башкача айтканда, бардык видео жана фотоматериалдар колунда бар адамдар, студияларды уюштурган адамдар өзүлөрү "Teлеграм" топторуна материалдарды берип коюшат. Ушундай жол менен вебкамда иштеп тил албаган кыздарды коркутуп турушат", - дейт Азият Жекшеев.
Жекшеевдин иликтөөсүнүн башкы каармандарынын бири Даниел Ажиев болгон. Ал вебкам-студиясын уюштурганы үчүн камакка алынып, шантаж үчүн айыпталып, натыйжада "порнографиялык материалдарды даярдаган жана сатканы" үчүн 350 доллардай айыпка жыгылган.
Сот иштериндеги дагы бир материалга ылайык, бир жигит "Teлеграмдагы" топ аркылуу вебкам-студияда иштеген кыздардын биринин аты-жөнүн аныктап алып, аны опузалап коркутуп, өзүнө сексуалдык кызмат көрсөтүүнү талап кылып турган. Андай кылмышы үчүн ал жигитке айып пул салынып, эки жарым жыл коомдук жумуштарды аткарууга өкүм чыккан. Ал өзү да, адвокаты дагы биз менен маектешүүгө макул болгон жок.
"Бул топторго кошулган эркектер муну кадимки бизнеске айландырып алышкан. Бул купуя сайттардагы кыздарды кармап алуу бизнеси", - дейт Титова.
Кыргызстандын Ички иштер министрлиги “Телеграм топторуна укук коргоо органдары мониторинг жасап турушабы” деген суроого так жооп берген жок. Ошондой эле мындай кылмыштардын алдын алуу боюнча кандайдыр бир аракеттер көрүлүп жаткандыгы да белгисиз бойдон калды.
"Башка адамдардын жашоосу менен ойноп жатышат"
Мээрим вебкам-студияда иштебей калганына эки жылдан ашканын айтат. Бирок ал вебкам модели - кадимки кесип, кыздар жасаган иштери үчүн кысымга алынып, кемсинтип, коркутуп-үркүткөн шантажга кабылбашы керек деп эсептейт.
Ал Ажар экөө бул бизнеске "акылсыздыктан жана карыз болуп калгандан улам" барышканын айтат. Бирок, “Көптөгөн кыздар бар, алардын айрымдарынын ата-энеси оорулуу, кээ бирлеринин майып балдары бар. Аларга чындап эле акча керек. Анын үстүнө, алар ал жакта эч кандай жаман иш жасашпайт, уурулук кылышпайт”, - дейт Мээрим.
Мээрим менен Ажардын достору, туугандары дагы деле алардын вебкам-студияда иштегенин билишпейт.
Мээрим азыркы учурда да "Teлеграмдагы" кыянатчыл топторго көз салып турат: “Мен бул топтордун бардыгын дайыма карап турам, аларга кошулган адамдарды ар кандай купуя сүрөттөрдү жана видеолорду жарыялабоого үндөп, аларды көндүрүүнүн айласын издеп, жекече кат жазууга да аракет кылып жатам. Себеби, алар керек болсо адам өмүрү менен ойноп жатышат”.