Владимир Зеленский Украинада тынчтык орнотуу үчүн керек болсо ээлеген кызматынан кетүүгө даяр экенин айтты. Ал өз өлкөсүнүн НАТОго кабыл алынышы үчүн дагы кызматтан баш тартууга чейин барарын айтты.
Зеленскийдин журналисттер менен жолугушуусу Вашингтондун тынчтык сүйлөшүүлөрүн жүргүзүү үчүн Киевге басымы күчөп турган маалга туш келди.
"Эгер Украинага тынчтык орносо, менин кызматтан кеткеним силерге чындап керек болсо, мен ага даярмын... Мен мындай кадамга НАТОнун мүчөлүгүнө жетишүү үчүн да барам", - деди Зеленский журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып. Ал зарыл болсо "тез арада" кетерин да кошумчалады.
АКШ президенти Дональд Трамп менен ачык кайым айтышууга улай Зеленский аны Украинага келип, баарын жеринен өз көзү менен көрүп кетсе деген оюн билдирип, согуш башталгандан берки америкалыктардын жардамына "ыраазы" экенин айтты.
"Мен Трамп менен өз ара түшүнүшүүгө кызыкдармын", - деген Зеленский Кошмо Штаттардын лидеринин "коопсуздук кепилдиги өтө зарыл" деп баса белгиледи.
Ошол эле маалда Зеленский Украинага 500 млрд доллар жардам берилген деп Трамптын оозунан чыккан санга тактоо киргизди. Чыныгы сумма 100 млрд долларга жакын экенин белгилеген украин лидери АКШнын жардамын насыя эмес, грант деп санай турганын айтты.
Трансатлантикалык ажырым
Вашингтон Москва менен түздөн-түз сүйлөшүү баштаганы Трансатлантикалык альянстын ичинде ажырым жаратабы деген кооптонууга себеп болгондой.
Өткөн жумада президент Трамп украиналык кызматташын сындап, жаңжал башталганы үчүн ал жоопкерчилик тартарын айткан. Андан соң Fox News радиосуна бул тууралуу комментарий берүүдөн баш тартып, Зеленский Орусиянын кол салуусуна жол бербеши керек эле деди.
Зеленский Вашингтондогу жаңы администрациянын мынчалык ачууланган себебин чечмелеп, Трамп "бурмаланган маалыматтын таасиринде" калды деген.
Трамп болсо Зеленскийдин тынчтык сүйлөшүүлөрүнө катышуусу зарыл деле эместигин айтып, АКШнын согуш маалында берген жардамынын ордуна Украинанын кен байлыктарына жол ачууга чакырган.
Трамптын атайын чабарманы Стив Уиткофф 23-февралда CNN телеканалына бул боюнча макулдашууга ушул аптада кол коюлат деп турганын айтты. Зеленский Украинанын коопсуздук кепилдиги үчүн америкалык аскерлер украин жергесине жайгаштырылса, акылдуу чечим болмок деп санайт.
Европалык дипломатия
Европа лидерлери Зеленскийге кошулуп, Батыш өлкөлөрүнүн өзүндө ажырым жаралганына, согушту токтотуу тууралуу сүйлөшүүдөн сыртта калабызбы деген тынчсыздануусун билдирүүдө.
24-февралда Батыштын бир катар лидерлери Киевге жөнөсө, Франциянын президенти Эммануэл Макрон Трамп менен жолугуу үчүн башка багытка сапар алат. Аптанын соңунда океандын ары жагына британ премьери Кир Стармер да жөнөйт.
Эки лидер алдыдагы иштер боюнча Трамп менен тил табышууга аракеттенет.
"Кан төгүүнүн уланышын эч ким каалабайт. Эч ким, айрыкча украиндер", - деди Стармер 23-февралда Глазгодо өткөн партиянын конференциясына катышкан жеринен.
Буга чейин Орусиянын президенти Владимр Путин үч жыл мурун Украинага ар тараптан басып кирген чечимин актоо үчүн баарын тагдырга шылтаган. "Тагдыр ошондой болду, кудайдын чечими", - деген ал 23-февралда Украинадагы урушка катышкан жоокерлер менен Москвада жолуккан учурда.
Путин ага чейин дагы Москванын Украинага көрсөткөн агрессиясын ушундайча актаган. 2014-жылы Крымды күч менен каратып алганын жарым арал Орусия үчүн "ыйык" деп, аны Иерусалимдеги атактуу жерлерге салыштырган.
Ал ортодо Украинанын куралдуу күчтөрү жекшембиге караган түнү өлкө орус армиясынын буга чейин болуп көрбөгөндөй жапырт дрон чабуулуна кабылганын, бир катар аймактар олуттуу зыян тартканын билдирди.
Мындай чабуулдар Украинанын канчалык аярлуу экенин жана АКШнын жардамына муктаждыгын айгинелейт.
"Азаттык" радиосунун журналисттери сөзгө тарткан эксперттер Киев айрыкча абадан коргонууда Вашингтонго таянарына токтолушкан.
"Калган баарын [аскердик курал-жаракты] Европадан тапса болот. Европалыктар америкалыктар берген жардамды деле камсыздай алат. Бирок абадан коргонуу - эң башкы тармак", - деди Conflict Intelligence Team тобунун өкүлү Алексей Альшанский.
Шерине