Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:49

"Шылуундар акча ташыткан". Орусияга жаңы барган келин камалды


Азиза Акунова
Азиза Акунова

Былтыр турмушка чыгып, төрт ай мурда Орусияга барган Азиза учурда Тамбов облусунда камакта отурат. Жакындары ал Телеграмдан табылган ишке азгырылып, шылуундардын торуна түшкөнүн айтууда. Тамбовдо абакта жаткан келиндин агасы жана күйөөсү жардам сурап, коомчулукка кайрылды.

"Жасалма келишимди кыргыз байке берген"

Кыргызстанда былтыр жаңы баш кошкон жубайлар Салават Ушуров менен Азиза Акунова төрт ай мурда Орусияга иштегени кеткен. Салават дос-тааныштары аркылуу ашпоз болуп жумушка орношуп, жубайы Азиза дүкөнгө кирген. Бирок дүкөндө иш ойдогудай болбой, айлыгын ала албай калганда, Азиза жумуштан чыгып, үйдө отуруп калган. Ошентип, мигрант келин Телеграмдан жумуш издей баштаган.

"Телеграмдан жумуш тааптыр. Кечинде жумуштан келсем, айтып берди. “Мыйзамдуу иш, эмгек келишими берилет, баары таптаза экен” деди да. Бирок акча жактан [...] бул кооптуу деп айткам. Алар болсо шылуун сыяктуу ишендире баштаптыр. Мага айтып берди. “Мен барам, акчаны алам. Даректи берет экен. Акчаны алып, банкоматтан салып жиберем” деди. Ал жумушуна 5 миң рубль берет экен”.

Салават Ушуровдун айтымында, Азизага жасалма эмгек келишимин кыргызстандык жаран берген. Ал жаран Азиза менен жолугуп, бул мыйзамдуу жумуш экенине ынандырган. Эмгек келишими деген кагазда Азиза “нак акча ташыгыч” болуп иштей турганы жазылган. Мигрант келин аларга ишенип, дароо эле биринчи буюртманы аткарууга жөнөп кеткен. Бул үчүн Москвадан ары Тамбов шаарына жети саат жол жүргөн.

“Телеграмдан сүйлөшкөндөн кийин тигилер менин келинчегимдин номерин кыргыз байкеге бериптир, - дейт Ушуров. - Ал эмгек келишимин түзүү үчүн байланышкан. “Новогиреево метросундагы “Киргизия” соода борборуна келесиң. Ошол жактан жолугуп, баарын айтып берем” деген да. Ал күнүнө жакшы акча табарын, эмгек өргүүсү болорун айтып кызыктырган экен.

Шылуундар бир кемпирге чалып, "кызыңыз ооруп жатат, ага тезинен акча керек" дептир. "Азыр биздин курьерибиз келет. Ага эч нерсе сүйлөбөңүз. Ал дарек боюнча келип, эшигиңизди тыкылдатат. Сиз чыгып, акчаны берип коюңуз" дептир. Келинчегиме чалып, “кемпир менен сүйлөшпө, эч нерсе дебе. Ал чыгат, акчаны берет, аласың. Борбордук бөлүккө келип, банкоматтан салып жибересиң” дептир. 315 миң рубль алып, банкоматтан салып жибериптир да. Жолдон ошолор чалып, “ошол акчадан жумушка өзүнчө телефон ал” деп айтышыптыр. 8 миңге телефон алыптыр. 5 миң айлыгын алыптыр."

Азиза Акунова күйөөсү Салават Ушуров
Азиза Акунова күйөөсү Салават Ушуров

"Тергөөчүнүн бөлмөсүндө аялым нес болуп калыптыр"

Азиза акчаны банкомат аркылуу алар айткан эсепке которуп кайткандан бир жума өткөндөн кийин келинди полиция кармап кеткен.

“Эмгек келишимин түздүк дегенден эки-үч күндөн кийин эле дүйшөмбү күнү жумушка барып келди. Анан беш күндөн кийин үйгө текшерүү келди. Алар Миграция кызматынан келгенин айтып, документтерибизди текшерип, тынч эле кетишти. Аялым өзү шек санаган деле эмес, бирок көп акча алып жүргөнү үчүн кооптонгонун айткан. Ал башка жумуш караштыра баштады. Үч күндөн кийин, 1-февраль күнү түнкү саат 11 чамасында кайра кармайбыз деп келиштир. Аялымдын үстүнөн арыз түшкөнүн айтышты. Мен да барайын десем, Тамбовго келгиле дешти. Эртеси кайнагам экөөбүз элчиликке кайрылып, анан Тамбовго жөнөдүк. Ал жакка тогуз сааттык жол экен. Аялымды 3-февралда кечке маал бир жолуктурду. Аны тергөөчүнүн кабинетине алып келишти. 10-15 мүнөт эле отурдук. Дээрлик сүйлөшө албадык, анткени ал нес абалда экен. Тергөөчү дагы орусча сүйлөшкүлө деген. Алданганын айтты. Мен чыгымды төлөйбүз дедим. Бул жерде ал жабырлануучу катары болушу керек эле.”

Салаваттын айтымында, Тамбовдогу тергөөчү аларга Азизага каршы алданып калдым деген аялдан арыз түшкөнүн айткан. Ал жерден тааныш юристтердин кеңеши менен алданган аялга жолугуп, тарткан чыгымын төлөп берип, тосмо арыз жаздырып алмай болушат. Орусиялык аял акчасын алган соң, эч кандай дооматы жоктугун айтып, тосмо арыз жазып берген. Бирок тууган-туушкандарга кайрылып, жабырлануучунун 315 миң рубь акчасын топтоп төлөп беришкени менен, Азиза бошотулган эмес.

“Акчаны эки күндө топтодук, кайнагам үйдөгүлөргө чалып, атасы да тапты, карызга алып жөнөттү. Бул жактан тааныш балдардан сурадык. 20, 30, 50 миңден алып чогулттук. Чыгымды төлөп берсек, [кемпирдин] арыз-доосу жок болсо, менин аялымдын иши жабылып, шылуундарга кылмыш иши ачылмак. Андай болбой калды. Тергөөчү шерик деп жазып салыптыр.”

Салават Ушуров менен Азиза Акунова былтыр баш кошкон
Салават Ушуров менен Азиза Акунова былтыр баш кошкон

Азиза шылуундарга "шерик болгон" деп айыпталууда

Орус полициясы мигрант келинди шылуундарга шерик болгон деп айыптап жатат. Азиза болгону 20 жашта. Үй-бүлөдө эки уулдун ортосундагы жалгыз кыз. Азизанын агасы да мигрант. Ал да үч ай мурда Орусияга жумуш издеп барган.

"Айылда эле картөшкө эгебиз. Мал бар болчу, эки уй бар эле, ушул ишке байланыштуу сатып жибердик. Атам иштебейт, үйдө. Апам ооруйт, ал да иштебейт. Колуңардан келген жардамыңарды бергиле деп кайрылат элем. Кыргызстандын президентине, бул жактагы элчиликке, ИИМдин өкүлчүлүгүнө, консулдукка, баарына кайрылат элем да. Кимдин колунан кандай иш келсе, баарына кайрылат элем, чынын айтканда”, - дейт кыжалат абалга тушуккан Салават.

Азиза кармалгандан кийин жолдошу ашпоздук ишин таштоого аргасыз болсо, агасы күнүмдүк жүмуштарда иштеп жатат. Алар адвокат таап, Азизанын айыпсыздыгын далидеп, чыгарып алуу жолун издөөдө.

“Кандай десем… Жүрөгүм тынч эмес да. Жакшы уктай албайм. Жакшы тамак жебейм. Оюман кетпейт. Кандай кылабыз дейм. Жумуш берем дегендер менен жолуккан жердеги байкоо камераларынан караганга мүмкүнчүлүк алсаңар болобу деп элчиликке кайра кайрылдык. Аны тергөөчү гана ала алат экен да. Аябай кыжалат болуп жатам. Келинчегим сабырдуу болсо экен деп жатам. Бизде ошол эмгек келишими, алардын телефондору, Телеграм, Вотсаптан сүйлөшкөндөрү бар, сакталуу. Укук коргоо органдарына да кайрылдык. Азырынча райондон бир адвокат таптык, ал бизге үмүт берип жатат, иштейбиз деп. Тергөө бүткүчө адвокат 50 миң сурап, бөлүп берсек болорун айтты. Азыр 15 миң рубль таап бердик. Тамбовго барып келгиче жумуштан да бошоп калыпмын. Кайнагам менен электрик болуп чыгып, акча табалы деп жатабыз. Экөөбүз иштеп акырындап чогултуп беребиз дедик. Шарттуу мөөнөт менен коё берер деген үмүт бар".

Азиза азыр Орусиянын Тамбов облусунда камакта. Мигрант келиндин тагдыры кандай чечилери белгисиз бойдон калууда. Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин маалымат катчысы Назгүл Жусубакунова бул окуя элчиликтин көзөмөлүндө экенин билдирди.

Аталган жарандын маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын Орусиядагы элчилиги Орусиянын Тамбов облусунун прокуратурасына жана Тамбов облусунун ички иштер башкармалыгынын жетекчисине тиешелүү кайрылууларды жиберген. Мындан тышкары, консулдук бөлүмдүн жооптуу кызматкери кылмыш ишти тергеп жаткан тергөөчү менен да байланышкан. Бул жагдай боюнча толук маалымат алынган. Бул маселе элчиликтин толук көзөмөлүндө турат. Ошондой эле бул жараныбыздын укуктарын коргоо боюнча элчиликтин компетенциясынын алкагында бардык аракеттер көрүлөт”.

Расмий маалымат боюнча, Кыргызстандын 800 миң жараны чет өлкөлөрдө эмгек мигранты болуп жүрөт. Бейрасмий маалыматтарда чет жактагы мигранттар 1 миллиондон ашат. Алардын көбү Орусияда.

Эскертүү: Орус бийлиги «Эркин Европа/Азаттык» радиосун «жагымсыз уюмдардын» тизмесине киргизгенине байланыштуу Орусиянын аймагында жашаган жана биздин радиого комментарий берген адамдар жоопкерчиликке тартылып калышы мүмкүн. Мындан улам «Азаттык» Орусиядагы респонденттеринин тек-жайын ачык жарыялабайт жана алардын жүзүн көрсөтпөйт. "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун президенти Стивен Капус орус бийлигинин бул чечимин чынчыл журналистиканы муунтуу аракети деп сыпаттайт.
  • 16x9 Image

    Гүлжан Эшбаева

    Гүлжан Эшбаева "Азаттыктын" миграция темасын чагылдырган журналисти. ОшМУнун кыргыз филология жана журналистика факультетин аяктаган.  

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG