"Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.
Ошто электрге алты сааттан чектөө киргизилди. Эми түнкү саат 12ден таңкы алтыга чейин калаадагы жер үйлөрдө жарык өчүрүлөт. Газсыз отурган шаар жашоочулары бул аракетти нааразылык менен кабыл алууда.
Өзгөндө биринчи жолу эл аралык күрүч фестивалы өттү. Анда күрүчтүн ондогон сорттору, күрүчтөн жасалган тамактардын жүздөгөн түрлөрү сунушталды. Атактуу Өзгөн мунарасынын жанында оюн-зоок коштолгон майрам өтүп, ага төрт-беш миңдей киши чогулду. Күрүч боюнча илимий конференция да өттү. Уюштуруучулар мунун баары күрүч өндүрүүнү көбөйтүү, “Өзгөн күрүчү” брендин эл аралык деңгээлге чыгаруу жана аны чет өлкөлөргө экспорттоо максатын көздөй турганын айтышты.
Кара-Суунун Беш-Үй участкасына эки барактык тургун үй салып баштады. Бирок аларды Өзбекстандын аймагында калган Барак экславынын тагдыры ойлондурууда.
Кыргыз өкмөтү өлкөдөгү энергетикалык тартыштан чыгуу үчүн Казакстандан 1 млрд. кВт/саат электр энергия сатып алууну караштырууда.
Кара-Суу районунун 21 жаштагы тургуну Мадина Сириядагы согушка катышып жатканын милиция айтып чыкты. Кыз эки айдан бери үйүнө кабар бере элек.
Оштогу Низамовдордун үй-бүлөсү тандыр усталары. Алар ушул өнөрдүн аркасынан жан багып келишет. Низамовдордун колунан чыккан кадимки тандыр менен самса тандырлар Ош шаарындагы өзгөчө топурактан ийленип, жасалат. Ал тандырлар кеминде 4-5, болбосо 20-30 жылга чейин жарактуу болушу мүмкүн. Азырынча анча көп болбосо да, Низамовдор жылына 20-30дай тандырды Орусияга экспорт кылышат.
Ош шаарында жашаган өзбек коомчулугунун өкүлдөрү кайрылуу жасап, жашоочулар арасында сурамжылоо жүргүзүп жаткан эл аралык уюмдарга нааразылык билдирди.
Улуттук оппозициялык кыймыл өкүлдөрүнүн Ош шаарында өткөргөн жыйыны үзгүлтүккө учурады.
Улуттук оппозициялык кыймыл өкүлдөрүнүн бүгүн Ош шаарындагы “Аристократ” ресторанында уюштурган жыйыны үзгүлтүккө учурап, “Дархан” чайханасында чогулган жеринен да белгисиз аялдар тобу кууп чыкты.
Ошто көмүр кымбаттай баштады
Кара-Суунун Жийделик айылындагы мектепте мигранттардын балдарына орус тилин жана компьютерди үйрөтүү борбору ачылды.
14-сентябрда Оштун Өзгөн районунун Ак-Жар айылында Алма фестивалы өттү.
Ошто жаш келиндерди уурдоо аракеттерине байланышкан факты боюнча милиция иликтөө жүргүзүүдө.
Коңшу өлкө аркылуу агып келген Савай каналын Өзбекстан жаап салды. Мунун айынан Кара-Суу районундагы эки айыл округдун эгин талаасы кургап жатат.
Fergananews.com маалымат агенттигинин сырт кабарчысы Шохрух Саиповду Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Оштогу бөлүмү сотко берди.
Расмий маалыматтарда Ош шаарынын калкы 280 миңдей деп айтылган менен калаада жашагандардын реалдуу саны 500-600 миң экени бейрасмий булактарда белгиленет. Ошол себептүү шаар жыл сайын өйдөгө өсүшү керек дегендер четтен табылат. Түштүк борбор калаада учурда "курулуш буму" жүрбөгөн менен, анча-мынча көп кабаттуу үйлөр салынып башталды. Бийиктен караган кишиге маале, жер үйлөр менен кошо анча-мынча бийик имараттар да көзгө чалдыгат.
Барак эксклавынын тургундарын жаңы конушка которуу үчүн өкмөт үч миллион доллар бөлдү. Бирок эксклав жашоочулары жер коңшу өлкөгө берилеби деп кабатыр.
Аравандык багбан Шавкат Байбабаев менен УКМК кызматкерлеринин ортосунда болгон окуянын видеосу интернетте жайылды.
Дагы жүктөңүз